Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:09

Дирижёр, 11 музыкант иштен кетти. Оркестрдеги келишпестиктин чоо-жайы


Эрнис Асаналиев.
Эрнис Асаналиев.

Президенттик “Манас” камералык оркестринин негизги курамынын иштен кеткени коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Оркестрдин көркөм жетекчиси жана дирижёру Эрнис Асаналиев буга оркестрдик топ менен администрациянын ортосундагы пикир келишпестиги себеп болгонун айтып чыкса, жетекчилик дооматты четке какты. Дирижёр ишиндеги мыйзам бузуулардан улам кызматынан алынганын айтууда.

"Мыкты музыканттар кетти"

Оркестрде көп жылдан бери көркөм жетекчи жана дирижёр болуп иштеген Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрнис Асаналиев 7-майда “Кактус Медиа” аркылуу элге кайрылуу жолдоп, иштен кеткенин билдирген. Мындай кадамга топ менен администрациянын пикир келишпестиги, музыканттар чыдагыс шарттарда иштеп келгени себеп болгонун айткан. “Азаттык” Асаналиев менен байланышканда, ал 13-апрелде иштен кеткенин ырастады.

Эрнис Асаналиев.
Эрнис Асаналиев.

“Жумуштан берене менен кеттим. Ага чейин Астана шаарына эл аралык сынакка калыс катары чакырышкан болчу. Ал жактан келсем, ушундай буйрук чыгарып коюшуптур. Азыр мен оркестрдин көркөм жетекчиси жана дирижёру эмесмин. Буга кимдир бирөөлөрдү күнөөлөгөн жокмун. Жетекчилик менен музыканттар тууралуу башка комментарий бербей эле турайын. Мен оркестрден кеткенде башка кесиптештерге "иштей бергиле" дегем, бирок көпчүлүгү өз ыктыяры менен кетишти. Ар ким кандай чечим чыгарат, өзү билет да. Өкүнүчтүүсү - мыкты музыканттар кетти. Оркестрди ыраматылык коомдук ишмер Ташкул Керексизов экөөбүз түптөгөнбүз", - деди Асаналиев.

Президенттик "Манас" камералык оркестринин чыгаан музыканттарынын кызматтан кетиши учурда коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Жетекчиликтин түшүндүрмөсү

Аталган оркестрдин мурдагы директору Айнура Осмоналиева Эрнис Асаналиевдин айткандарын төгүндөдү. Ал дирижер 13-апрелде иштен алынганын, андан кийин эле 25-апрелде өзү да кызматынан кетүү тууралуу арызын жазганын кабарлады.

Айнура Осмоналиева.
Айнура Осмоналиева.

"Асаналиев Эмгек Кодексинин 83-жана 146-беренесинин негизинде кызматынан алынды. Биринчи беренеси финансылык мыйзам бузуу болсо, экинчиси эмгек тартибин бузган. Бул боюнча азыр иликтөөлөр жүрүп жатат. Асаналиев жумуштан кеткенине ызаланып, туура эмес маалымат чыгарып жатат. Оркестрди ал түзгөн эмес, Аскар Акаевдин маалында жубайы Майрам Акаева түзгөн. Эрнистин артынан 7-8 музыкант да арыз жазып кетти. "Калгыла" десек болгон жок. Бирок азыр жаңы көркөм жетекчи шайланып, жаңы артисттер кабыл алынып, штаттык режимде иштеп жатышат. Жакында концерттер болот. 10-майда оркестрдин баракчаларында да курамдагы өзгөрүүлөр тууралуу кенен маалыматтар берилет".

Айнура Осмоналиеванын айтымында, Эрнис Асаналиевден тышкары 11 музыкант өз каалоосу менен иштен кетишти. Азыр оркестрде жалпы 32 кызматкер иштейт. Анын 26сы музыканттар.

Ал эми дирижер Асаналиев каржылык мыйзам бузуулар болду деген маалыматты четке какты.

Учурда көркөм жетекчи жана дирижёрдун ордуна Семетей Султанов, жетекчилик орунга Турдалы Аскарбеков дайындалган.

50 жаштагы Эрнис Асаналиев Кыргызстандагы таанымал скрипкачылардын бири. Ал буга чейин маданиятка кошкон эмгеги үчүн Эл артисти наамын алган.

"Мындан ары да бирге иштөөнү чечтик"

Асаналиев кызматтан бошотулгандан кийин менен өз арызы менен кеткен музыканттардын катарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Элдияр Бакчиев да бар:

Элдияр Бакчиев.
Элдияр Бакчиев.

"Мен жана менин кесиптештерим камералык оркестрден өз ыктыярыбыз менен эле кеттик. Анткени дирижёр Эрнис Асаналиев менен көп жылдан бери бирге иштеп келгендиктен, жакшы тааныйбыз. Адам катары да, өз кесибинин профессионалы катары да мыкты. Анын дараметин биз эле эмес, КМШ мамлекеттеринин өнөр сүйүүчүлөрү да билет. Ошондуктан биз Асаналиев менен мындан ары да бирге болуп, бирге иштөөнү чечтик".

"Манас" камералык оркестри – 1999-жылы уюшулуп, 2001-жылы президенттик статуска ээ болгон.

Камералык оркестрдин максаты - расмий иш-чараларга катышуу, классикалык музыканы жайылтуу, камералык музыканы өнүктүрүү болуп саналат. Анда Кыргыз Республикасынын эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттери, республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаттары, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү эмгектенишет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG