Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

"Агрессияны колдогондор келбесин". Сындын чордонунда калган орусиялык ырчылар


Григорий Лепс.
Григорий Лепс.

Орусия Украинага басып кирип, санкцияларга кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге болгон гастролдук сапарлары да кыйла чектелди. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көбүрөөк каттап калышты.

Жарандык коомдун каршылыгы

Арасында согушту жектеп, ага каршы чыккандары, ачык позициясынан улам "чет элдик агент" деген жалаага кабылгандары да бар. Ошол эле маалда Кремлдин үгүт концерттерине катышып, согушту колдогондор да арбын.

Согушту айыптап чыккандар өз мекенинен куугунтук көрсө, аны жактагандар барган мамлекеттеринен "муш жеп" жатышат.

Орусиялык белгилүү ырчы Григорий Лепстин Чолпон-Ата шаарынын Айтматов аллеясындагы концерти 2-августта өтөрү июлдун башында жарыяланган.

Кыргызстандын жарандык коому ага каршы чыгып, уюштуруучулар аны жокко чыгарууга аргасыз болушту.

Лепстин өлкөгө келишине каршы чыккандардын бири - саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Кыргызстан Украинадагы согушта бейтарап позицияны карманганы үчүн Кремлдин согуштук саясатын колдогон ырчылардын концерти өлкө аймагында өтпөшү керек деп эсептейт:

Алмаз Тажыбай.
Алмаз Тажыбай.

“Орус ырчыларынын өлкөбүзгө келип жатканы биздин коомчулукка моралдык жактан таасир берет. Кыргызстан бейтарап позицияны карманып турган учурда жарандар согушка карата кандай позицияны көрсөтүүнү өздөрү билет. Тилекке каршы, биздин бийлик согушка каршы митингге чыгып, ой-пикир билдирүүгө тыюу салып коюшту. Бул жерде Орусиянын “жарандарыңарды согушка каршы үгүттөбөгүлө же биз тарапта болгула” деген өңдүү кандайдыр бир таасири тургандай. Ансыз деле бизде Орусиянын таасир берген күчтөрү бар экенин билебиз. Алар деле кээ бир жерлерде бул жаатта иш-аракеттерди кылат. Бизде “Порнофильм”, “Би-2” өңдүү согушту айыптаган топтордун да концертине уруксат бербей коюшту. Андай болсо согушту ачык колдогон ырчылар Басковдун, Лепстин да концерттери өтпөшү керек”.


Буга чейин Лепстин Алматы жана Ташкент шаарларындагы концерти да социалдык тармактардагы жогорудагыдай эле нааразычылыктардан улам токтотулган.

Буга Григорий Лепс менен Николай Басков бир нече апта мурун Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды жок кылгандарга бир миллион рубль сыйлык бере турганын айтканы себеп болду.

61 жаштагы Григорий Лепс бул окуялардан кийин Фейсбуктагы баракчасына төмөнкүдөй пикир калтырды:

"Ал жактагылардын көбү нормалдуу адамдар, кээ бир ашынган солчулдар же ашынган оңчулдар бир ууч - аларга 20 доллардан төлөп берген, ошондуктан алар кылганына кубанычта. Бирок мага баарыбир. Алар өз өлкөсүнүн кожоюндары, бирөөнү киргизгенге да, бирөөнү киргизбегенге да укуктуу. Бирок мунун музыкага эч кандай тиешеси жок, музыка саясаттан тышкары болушу керек. Менин билишимче, аларга менин Орусиянын "атайын операциясына" байланыштуу оюм жакпай жатса керек. Эртең мага дүйнөдөгү бардык жерлерге саякаттап, ырдоого тыюу салынса да, мен өз өлкөмдө гана иштегениме сыймыктанам жана кубанам".

Лепске чейин орус ырчылары Лариса Долинанын, Полина Гагаринанын Казакстандагы концерттери, согушту колдогон актёр Сергей Глушко ойногон спектакль да токтотулганы маалым болгон.

"Биздин ырчылар да сабак алышсын"

Журналист жана жарандык активист Эркин Рыскулбековдун пикиринде, атактуу инсандардын жалгыз гана талантына, репертуарына эле карабастан жарандык позициясына да көңүл буруу маанилүү.

Эркин Рыскулбеков.
Эркин Рыскулбеков.

“Себеби атактуу адамдар пикир лидерлери. Бул инсандардын жеке пикири же өрнөгү менен коомдун чоң бөлүгү өзүнүн пикирин оң же терс жолго буруп турат. Маселен, Николь Кидман, Анжелина Жоли сыяктуу атактуулардын БУУга ыктыярчы болгону, Африка өлкөлөрүнөн бала асырап алганы канчалаган элге өрнөк болду. Ушул эле маалда терс да мисалдар бар. Маселен, мына Григорий Лепстин келүүсүнө көпчүлүгүбүз каршы болдук. Себеби ал ырын эле ырдап койбостон, агрессияны колдоп жатпайбы. “Талкаланган украин танкы үчүн миллион төлөп берем” деп жатат. А танктын ичинде адам бар да. А бул түздөн-түз киши өлтүрүүгө үндөп жатат. Демек, бул инсанды кылмышкер деп таанысак да болот”.

Рыскулбековдун пикиринде, Кыргызстанда да ар кандай үгүт иштерине тартылган ырчы-чоорчулар жоопкерчиликти сезиши керек:

“Маселен, шайлоо алдында биздин көптөгөн өнөр адамдарыбыз түрдүү саясий топтордун иш-чараларында үгүтчү катары иштеп беришет. Бирок алардын жоопкерчилиги каралбайт. Ушул маселени көптөн бери көтөрүп келем. Артисттерге “силер баланча партияны колдоп чыгып, акчаларын алдыңар, бирок алар Жогорку Кеңешке шайланып келгенден кийин чыгарган мыйзамдарына, жасаган иштерине силер да жооптуусуңар” дейм. Ушул нерсени азыр атактуумун деп жүргөндөрдүн аң-сезимине куюшубуз керек. Анткени качандыр бир кезде силер колдоп жүргөн күчтөр үчүн жооп бере турган күн келет”.

Согушту айыптагандар

Согушту айыптаган орусиялык ырчылар да өз жеринде куугунтукка кабылып, КМШ мамлекеттеринде пландалган концерттери үзгүлтүккө учурап жатат.

10-июнда белгилүү орусиялык “Порнофильмы” тобунун Бишкектеги концерти өтпөй калды. Орус бийлигине жана согушка каршы көз карашын ачык билдирген топтун музыканттары социалдык тармактагы баракчасында алар "клубдардын биринде ырдамак болгонун, бирок ал жерге күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери барып, музыканттарды коркутуп-үркүткөнүн" жазган.

Чыгармаларында жакырчылык, кыйноолор, зомбулук, күч түзүмдөрүнүн өз билемдиги, орус дүйнөсүнө байланышкан социалдык жана саясий маселелерге кайрылып жүргөн “Порнофильмы” тобунун Орусиядагы концерттерин Украинадагы согушка чейин эле үзгүлтүккө учураткан учурлар орун алган. Орусия Украинага басып киргенден кийин артисттер мекенинен чыгып кеткен.

Былтыр жайында алар Орусияга кирүүгө тыюу салынган артисттердин тизмесине кирген.

Июнь айынын башында орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн (Валеев) Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талыш-тартыш кептерди кызытты. Айрымдары анын өз угармандары бар деп келишин кубаттаса, кээ бири каршы чыгышты.

Моргенштерндин маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, министрликтен ырчыны Кыргызстанга келтирбөөнү талап кылган депутаттар болду.

Натыйжада министрлик 25 жаштагы орусиялык рэпердин Бишкектеги Alga Fest музыка фестивалына катышуусуна тыюу салды.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгуловдун колу коюлган катта "Моргенштерндин ырлары Кыргызстандын "Маданият" жөнүндө мыйзамына туура келбей турганы" жазылган.

Алишер Моргенштрен
Алишер Моргенштрен


Орусиянын Юстиция министрлиги эки жылдан бери башка өлкөдө жашаган Алишер Моргенштернди быйыл май айында "чет элдик агенттер" тизмесине киргизген. Орусия Украинага кол салгандан кийин ал согушка каршы клип жаздырган.

2021-жылы орус Тергөө комитети рэперди соцтармактарда маңзаттар менен соода кылат деп айыптаган. Моргенштерн муну четке каккан. Кийин анын "76 жыл мурун болгон жеңишти майрамдоону түшүнбөйм" деген сөзү боюнча да териштирүү жүрүп, ырчы оюн маалымат каражаттары бурмалады деп кечирим сураган.


18-июнда орус бийлиги "чет элдик агенттердин" тизмесине кошкон "Би-2" рок тобунун Бишкектеги концерти болбой калды. Уюштуруучу - Vi project kg компаниясы концерт техникалык себептерден, казакстандык өнөктөштөр менен пикир келишпестик келип чыккандыктан токтотулду деп түшүнүдүргөн.

"Ар бир адамдын жеке пикири бар"

Орусиялык артисттердин Кыргызстанга келиши боюнча пикир бир кылка эмес. Маселен D Billions чыгармачыл тобунун директору, ырчы Акбар Сүйүнбаев жарандык пикирди чыгармачылыктан бөлүп кароо керек деген пикирде.

Акбар Сүйүнбаев.
Акбар Сүйүнбаев.

“Беш кол тең эмес. Ар бир ырчынын өзүнүн күйөрман-угармандары бар. Жеке менин Моргенштернге башынан эле каршылыгым бар. Себеби мусулманчылыкка жатпаган, улуттун салт-санаасына төп келбеген багыттагы ырларды ырдаган ырчы катары тааныйм. Жалпысынан маданий тармакты саясатташтырбай эле, концерт көрүп келсек болот. Мисалы, Лепс эмне деген таланттын ээси. Анын кандайдыр бир жерлерде айтып койгон ойлору үчүн андан баш тартуунун кажети жок го деп ойлойм. Саясатка аралаштыра турган болсок анда орус мамлекетинен деле баш тартыш керек. Ар бир адамдын жеке ой-пикири бар. Эгер биздин өлкөгө келип концерт коюп жаткан маалда "Тургула! Согушкула!" деп жатса, анда туура эмес".

Былтыр 2022-жылы да өлкөгө Филипп Киркоров, Валерий Меладзе, “Би-2” баштаган орусиялык ырчылар, топтор гастролдоп келген. Киркоров Кремлди жактаса, Меладзе менен “Би-2” согушту айыптап келет.

Былтыр 5-сентябрда бир катар жарандык активисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгып Киркоровдун Кыргызстанга келишине каршылыгын билдирип, колдоруна "Агрессордун ырчысына жол жабык", "Биз тынчтык үчүн" деген плакаттарды кармап турушкан.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG