Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

"Макаревичтин келишине каршымын". Ырчынын сапары чырга айланды


Андрей Макаревич
Андрей Макаревич

Орусиялык белгилүү музыкант Андрей Макаревич Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга пландалган концерттери өтпөй калышы мүмкүн экенин айтты. Анткени бул коңшу өлкөлөрдүн айрым жарандары ырчынын Израилди колдогон билдирүүсүнөн кийин анын гастролдук сапарын токтотууну талап кылууда.

"Өзүм жашаган өлкөнү колдогом"

Андрей Макаревич жетектеген "Машина времени" рок-тобу ноябрда Бишкек менен Ташкентте, декабрда Алматы менен Астанада концерт бермек. Бирок ырчы алдын ала пландалган бул концерттерине байланыштуу көйгөйлөр жаралганын билдирди.

“Сиздер менен дагы бир жолу көрүшүүгө камданып жатканбыз, анан эле бир кызык адамдар концерттин уюштуруучуларын коркутуп-үркүтүп баштады. Менин баамымда, бул Израилди согушта колдогонум үчүн болуп жатат. Мен өзүм жашаган өлкөнү колдогом”.


Ырчы видео кайрылуусунда Жакынкы Чыгышка бүлүк салган ХАМАС радикал тобунун араб дүйнөсү жана ислам дини менен эч кандай байланышы жок экенин кошумчалаган.

"Достор, ХАМАС - ислам эмес. Бүгүн биздин үйдүн жанына ракета түштү. Дээрлик арабдын Фарадиз шаарына, мусулмандардын шаарына түштү. Бул исламбы? Аялдарды жана балдарды өлтүрүү - бул исламбы? Барымтадагылардын артына жашынуу да исламбы? Мен азыркыга чейин андай эмес деп ойлогом. Жалпысынан баарыңарга ийгилик жана концерттерде көрүшөбүз деп үмүттөнөм. Биздин досторубуз көп экенин билем”, -деп сөзүн жыйынтыктаган Макаревич.

"Макаревичтин келишине каршымын"

Мындан бир апта мурун казакстандык режиссер жана актёр Нуртас Адамбай Андрей Макаревичтин Казакстандагы концерттеринин өтүшүнө каршы пикирин билдирип, социалдык тармактагы баракчасына пост жарыялаган.

“Андрей Макаревич өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында Израил армиясына ийгилик каалап жатат. Ал эмне болгон ийгилик? Палестинанын жай тургундарын өлтүрүүгө ийгилик каалаганыбы? Ага чейин ал өзүнө мылтык берилбегенине өкүнүчүн билдирген. Ал өзү да мындай кылмыштарга катышууга каршы эмеспи? Социалдык тармактардан ал 1-декабрда Алматыда концерт коюуга камынып жатканын көрдүм. Жеке мен анын биздин өлкөгө келишине каршымын. Мусулмандардын өлтүрүлүшүн колдогондорго Казакстанда орун жок” , - деп жазган Нуртас Адамбай.

Казак продюсери Нуртас Адамбайдын Макаревич тууралуу жарыялаган посту.
Казак продюсери Нуртас Адамбайдын Макаревич тууралуу жарыялаган посту.
Макаревичтин Бишкекке келишине каршы болгон айрым интернет колдонуучуларынын Фейсбуктагы посту.
Макаревичтин Бишкекке келишине каршы болгон айрым интернет колдонуучуларынын Фейсбуктагы посту.

Кыргызстандык айрым интернет колдонуучулар да Макаревичтин Бишкектеги концертине каршы пикир жазышкан. Алар ырчы Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал боюнча Израилдин саясатын колдогонуна нааразы экенин жатышат.

Орусияда "чет элдик агентке" айланган Макаревич

69 жаштагы советтик жана орусиялык композитор, продюсер Андрей Макаревич Орусиянын эл артисти. Ал “Машина времени” тобун 1969-жылы орусиялык музыкант Сергей Кавагоэ менен бирге негиздеген. Топтун репертуарын классикалык рок, рок-н-ролл, блюз элементтери камтылган чыгармалар түзөт. Рок сүйүүчүлөрүнө Макаревич ушул кезге чейин топтун алмашкыс лидери катары таанылган.

Андрей Макаревич.
Андрей Макаревич.

Композитор Украинада согуш башталганда Орусиядан чыгып кетип, орус бийлигинин дарегине ачуу сын айтып жүрөт. Учурда Израилде жашайт. Буга чейин ал Украинаны колдогону үчүн Орусияда “чет элдик агент” деп таанылган.

Afisha Mira сайтында Макаревичтин Бишкекте пландалган концертинин афишасы дагы деле турат.
Afisha Mira сайтында Макаревичтин Бишкекте пландалган концертинин афишасы дагы деле турат.

Макаревичтин концерти 22-ноябрда Ташкентте, 29-ноябрда Бишкекте, 1-декабрда Алматыда, ал эми 3-декабрда Астанада өтмөк. Бирок каршылыктардан кийин бир катар казак маалымат булактары концерттер токтотулганын жазды. Ырчынын соцтармактагы баракчасында 31-октябрда Чехиянын борбору Прагада, 15-декабрда Израилдин баш калаасы Тель-Авивде, ал эми келаткан жылдын февраль айында Францияда, АКШда өтө турган концерттеринин жарнамасын көрүүгө болот.

"Чыгармачылыгын баалашыбыз керек"

Искусство ышкыбозу Бакыт Болгомбаев чыгармачыл адамдарды көз карашы үчүн кодулоого жол бербеш керек деген пикирде:

Бакыт Болгомбаев.
Бакыт Болгомбаев.

“Макаревич бүгүнкү күндө Израилде жашап жаткандыгы үчүн башка өлкөлөрдө куугунтукка алынбашы керек. Ал мейли Палестинада жашайбы, Кытайда жа Америкада жашайбы - бизди кызыктырбашы керек. Биз өнөр ээсинин ырдаган ырын, искусстводогу ордун, жалпысынан чыгармачылыгын баалашыбыз керек. Маселен ал концерт коюп келген өлкө тууралуу бир ооз маселе көтөрбөсө, барган өлкөнүн кадырына доо кетире турган сөз кылбаса, ызылдай турган деле маселе жок. Израилди колдосо өзүнүн жеке пикири, Палестинаны колдогондордун да жеке пикири бар”.

Андрей Макаревич.
Андрей Макаревич.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-октябрда Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка чакырган.

Ал эми 21-жана 28-октябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Газа тилкесиндеги палестиндиктерди колдогон акциялар өттү.

Ага 300дөй киши катышып, тараптарды тынчтыкка чакырды. Катышуучулар “Палестинага боштондук!”, “Кыргынды токтоткула!” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Ал эми “Умма” фонду Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайы банктык эсеп ачылганын билдирген.

"Дүйнөдө согуш болбосун"

Эл артисти, ырчы Айчүрөк Иманалиева ушундай кырдаалда жоон топ күйөрманы бар атактуулар чагымчыл пикир айтуудан сактанып, ынтымактын жарчысы болсо дейт.

Айчүрөк Иманалиева.
Айчүрөк Иманалиева.

“Албетте, ар бир инсан адам катары өз оюн, позициясын билдирүүгө акысы бар. Бирок искусство өкүлдөрү саясатка ашкере аралашып, жок жерден чоң отту тутандырып коюшу туура эмес деген пикирдемин”.

Ал эми “Инсан” тобунун негиздөөчүсү, продюсер Эркин Мээрканов Макаревич оюн башкача түшүндүрсө болмок деп эсептейт:

Эркин Мээрканов.
Эркин Мээрканов.

“Баарыбыз эле өз өлкөбүз үчүн баарына даярбыз, бирок ал мекенчилдик сезимин башкача жол менен деле жеткирсе болмок экен. Деги дүйнөдө согуш болбосун”.

Токтотулган концерттер

Орусия Украинага басып кирип, санкцияларга кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге болгон гастролдук сапарлары да кыйла чектелди. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көбүрөөк каттап калды.

Бул арада Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда орусиялык ырчы-чоорчулардын концерттерине тыюу салган бир нече учурлар болду. Арасында согушту жектеп, ага каршы чыккандары, ачык позициясынан улам "чет элдик агент" деген жалаага кабылгандары да бар. Ошол эле маалда Кремлдин үгүт концерттерине катышып, согушту колдогондор да болгон.

Согушту айыптап чыккандар өз мекенинен куугунтук көрсө, Кремлдин саясатын жактагандар гастролдоп барган мамлекеттеринен “кагуу жеп”, бир далай концерттер токтотулган.

Маселен, ушул жылдын август айында согушту жактаган орусиялык ырчы Григорий Лепстин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда өтчү концерттери элдин каршылыгынан улам токтотулган. Буга Григорий Лепс менен Николай Басковдун согуш башталгандан кийин Украинанын танктарын жок кылгандарга бир миллион рубль сыйлык бере турганын жарыялаганы себеп болду.

Ошол эле маалда Орусиянын Юстиция министрлиги "чет элдик агенттер" тизмесине киргизген "Би-2" рок тобунун , рэпер Алишер Моргенштерндин да Кыргызстандагы концерттери ар кыл себептерден улам өткөн жок.

Мындан сырткары быйыл июнь айында орусиялык “Порнофильмы” тобунун Бишкекте концерти болгон жок. Орус бийлигине жана согушка каршы көз карашын ачык билдирген топтун музыканттары социалдык тармактагы баракчасында алар "клубдардын биринде ырдамак болгонун, бирок ал жерге күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери барып, музыканттарды коркутуп-үркүткөнүн" жазган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG