Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Соловьёвдун жашыруун үй-бүлөсү, эки баласы АКШда туулганы аныкталды


Владимир Соловьев
Владимир Соловьев

Орусиялык үгүтчү жана теле алып баруучу Владимир Соловьевдун жашыруун үй-бүлөсү бар экени тууралуу журналисттик иликтөө чыкты. Алексей Навальныйдын өнөктөштөрү 22-майда жарыялаган иликтөөдө Соловьев баскетболчу Светлана Абросимова менен жакын мамиледе экени жана алардын эки баласы АКШда төрөлгөнү айтылат.

АКШда төрөлгөн балдар

Светлана Абросимова менен Владимир Соловьев баш кошуп алышканын иликтөөчүлөр алардын биргелешкен сапарлары жана дарыгерлерге чогуу барганы тууралуу маалыматтар менен тастыкташты. Журналисттер белгилегендей, Соловьев менен Абросимова бир эле айдоочунун кызматынан пайдаланышат.

Иликтөөчүлөр 2017-жылы Абросимова АКШда эки кыз төрөгөнүн, алардын документинде атасынын аты Владимировна деп жазылганын аныкташкан. Соловьевдун АКШда төрөлгөнү айтылган кыздарында Американын жарандыгы бар. Журналисттер аба каттамдарынын базасынан алынган маалыматка таянып, Абросимованын да америкалык паспорту бар экенин жазып чыгышты.

Навальныйдын өнөктөштөрүнүн айтымында, Абросимованын Сочидеги Арфа-Парк айылында 650 метрлик үч кабаттуу, бассейни менен 500 миллион рублге бааланган вилласы бар, бирок бул тууралуу маалымат Росреестрден өчүрүлгөн. Иликтөөчүлөр аны мурдагы документтерге таянып аныкташты.

"Биз Соловьевдун тегерегиндеги бир кана киши менен сүйлөштүк. Алар чындап эле анын көптөн бери жашыруун үй-бүлөсү жана эки баласы бардыгын, Сочидеги супер элиталык үйгө көп барарын тастыкташты. Соловьев Абросимова менен эл алдына чыкпайт. Бирок анын баскетбол оюндарына комментарий берип, эфирге чакырып, социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрүн бөлүшүп турат", - дешет иликтөөчүлөр.

Арфа Паркта Абросимованын кошуналары - генерал Сергей Суровикиндин жубайы Анна, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин уулу Андрей жана ВТБ Банктын улук вице-президенти, ФСБнын операцияларды колдоо кызматынын мурдагы башчысы Сергей Шишин.

Иликтөөчүлөр алардын ысымы жашырылганын, Росреестрде алар "Россия Федерациясы" деп көрсөтүлгөнүн белгилешет. Орус мыйзамдарына ылайык, адатта мамлекеттик коргоого алынган жарандардын мүлктөрүнүн ээсинин аты-жөнү ачык булактарга жазылбай, ордуна мамлекет көрсөтүлөт.

Светлана Абросимова (кызыл кийимчен) баскетбол оюндарынын биринде.
Светлана Абросимова (кызыл кийимчен) баскетбол оюндарынын биринде.

Иликтөөнүн авторлору Соловьевдин жеке жашоосу аларды кызыктырбаганын, бирок Абросимованын мамлекеттик коргоого алынганы түшүнүксүз экенин билдиришти. Алар мындай жагдай мыйзамсыз кирешени адалдаштырып, жашырууга шарт түзөт деп эсептешет.

Соловьев өзү же анын жакындары, баскетболчу Абросимова азырынча бул иликтөөгө комментарий берише элек.

60 жаштагы Владимир Соловьев Эльга Сепп менен расмий никеде. Сепптен жана мурдагы эки никесинен сегиз баласы бар.

Санкциядагы жигердүү үгүтчү

Владимир Соловьев Кремлдин жигердүү үгүтчүсү катары таанылган. Ал Орусиянын федералдык каналында жана интернеттеги жеке каналында дээрлик күн сайын Путиндин саясатын жайылткан программаларды, талкууларды алып барат. Берүүлөрүндө Украинаны, АКШны жана Европа Биримдигин такай сындайт. Ага Батыш санкция салган.

2022-жылдын Орусия Украинага бастырып кирип, согуш ачкандан кийин YouTube видеохостингинин администрациясы Соловьёв каналдарын өчүргөн. Теле алып баруучу муну "согуш" деп атап, YouTube видеохостингин жабууга чакырган.

Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр апрелде Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) “орусиялык белгилүү тележурналистти өлтүрүүгө аракет кылган террордук топтун ишине бөгөт койгонун” билдирген. Бирок кайсы журналист экенин айткан эмес.

“РИА Новости” ФСБга таянуу менен Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын (ВГТРК) алып баруучусу, Кремлдин позицияларын жактаган журналист Владимир Соловьёв жөнүндө сөз болуп жатканын жазган.

2022-жылдын күзүндө Соловьевдун мамлекеттик "Россия-1" телеканалында сүйлөгөн сөзү Казакстанда нааразылык жаратып, маселе парламентте көтөрүлгөн. Соловьев анда "америкалык биолаборатория жайгашкан Алматыга сокку урууну" сунуштаган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Соловьевдун берүүсүндө айтылган Казакстан тууралуу пикирлер расмий Москванын позициясы эмес экенин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG