Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Орус тилин пропаганда менен саясаттын куралына айландырган Москва


Латвиядагы рашизмге каршы акция. Рига, 20-май, 2022-жыл.
Латвиядагы рашизмге каршы акция. Рига, 20-май, 2022-жыл.

СССР ыдырагандан кийин пайда болгон өлкөлөр арасынан Кыргызстанда гана орус тилине расмий деген макам ыйгарылган. Көбүндө анын эч кандай макамы жок. Эксперттер Украинадагы согуштун контекстинде Москва орус тил маселесин саясий курал катары пайдаланганын белгилешет.

“Латвияда жашаса, мамлекеттик тил ал киши үчүн өөн, бөтөн болбошу керек”

Латвиянын баш калаасында сталиндик доордо курулган бийик имараттын алдында ондогон орусиялык жарандар, негизинен улгайган аялдар турганын көп көрүүгө болот. Кызыл паспорту менен кошо кагаз кармаган бул кишилер тил сынагын тапшыруу үчүн кезек күтүүдө. Балтика боюндагы бул өлкө сынактан кулагандарды канча жыл жашаганына карабай депортация кылышы мүмкүн.

70 жаштагы Валентина Севастьянова өмүрүнүн теңин Латвияда өткөргөн. Мурда англис тилин окуткан мугалим азыр туристтерге Риганы тааныштырган гид болуп иштейт. Учурда латыш тилин үйрөнүү үчүн менчик мектептердин бирине сабакка барууда.

"Латвия демократиялык өлкө, депортацияга жетпейт деп ишенем. Чыгарып салса, кайда барам? Бул жерде 40 жылдан бери жашайм. 2011-жылы Беларустагы оорукчан ата-энеме тоскоолдуксуз каттап туруу үчүн орус паспортун алгам”.

Ал чет тилдерге кызыгарын, ардактуу эс алууга чыкканда французча үйрөнүүнү кыялданганын, азыр анын ордуна латышча үйрөнүп жатканын кошумчалады.

Валентина орус паспортун алганда Орусия менен Беларуска визасыз саякаттоодон тышкары, 55 жашында пенсияга чыгуу укугуна ээ болгон. Бирок документтерин жасатып жатканда мындай кадамы баш ооруга айланары үч уктаса түшүнө кирген эмес.

Латыш тили сабагы. Рига, 2-май, 2023-жыл
Латыш тили сабагы. Рига, 2-май, 2023-жыл

Латыш тилин билбегендер орусча ээн-эркин сүйлөп, эч кандай тоскоолдукка кабылган эмес. Бирок бир жыл мурда Орусия Украинага басып киргенден бери абал кескин өзгөрдү. Латыш өкмөтү туруктуу жашаган орусиялык 20 миңдей жарандан 1-сентябрга чейин тил сынагын тапшырууну талап кылууда.

Сынакты негизинен Латвиянын документтеринен баш тартып, орус паспортторун алгандар тапшырууга тийиш. Бийлик орусиялык жарандардын лоялдуулугу тынчсыздандырарын айтууда. Былтыркы шайлоо өнөктүгүндө да улуттук нарк-насил жана коопсуздук маселелери үстөмдүк кылып келди.

“Латвияны байырласа, бул жерде туруктуу жашоо уруксаты бар болсо, мамлекеттик тил ал киши үчүн өөн, бөтөн болбошу керек. Ошон үчүн латыш тилин жок дегенде А2 деңгээлинде билүү зарыл деген талапты койдук. Албетте, согуш, Орусиянын Украинага кол салганы ал жараянга түрткү берди. Латвияда урушту актагандар бар экени жашыруун эмес. Ачык болбосо да, үйдө отуруп алып агрессияны жактагандар жок эмес. Ошондой адамдардын бир бөлүгү Латвияда жашаган орус жарандары. Алар жергиликтүү коом менен жуурулушууну каалабайт”, - деп билдирди Сеймдин депутаты, юридикалык комиссиянын башчысы Андрей Юдин. Анын пикиринде,"Латвияда жашап, латышча эң жөнөкөй сөздөрдү түшүнбөө - өтө осол көрүнүш".

Талап кылынган А2 деген деңгээлде сүйлөгөн чет өлкөлүк көчөдө, транспортто же дүкөндө латышча оюн жеткирип, мисалы “тигил же бул жерге кантип жетсем болот” деп сурай алат.

Тилчилер орус тилдүү ардагерлер күнүмдүк турмушта ошол сөздөрдү колдонуу үчүн кеминде үч ай окушу керектигин айтышат. А2 деңгээли менен эркин баарлашып же адабиятты окуу кыйын.

Тесттен кулап калгандардын туруктуу жашоого документи жокко чыгарылат жана тил үйрөнсүн деп бир жылга жашоо уруксаты берилет. Бийлик азыртадан эле сынактан өтө албагандар 1-декабрга чейин экинчи мүмкүнчүлүккө ээ болорун айтууда. Ички иштер министри Марис Кучинскис “депортацияга чейин жетпесине үмүттөнөрүн” билдирди.

Миграциялык мыйзамдагы жаңы талаптарды сындагандар туруктуу жашоо уруксаты барларга мындай талапты коюу туура эмес деп эсептешет. Айрым юрист, укук коргоочулар сотко кайрылууга аракеттенип жатышат.

Өлкөнүн статистика комитетинин маалыматына караганда, Латвия калкынын 33,8% орус тигин эне тил деп эсептейт. Бирок орус тилинин макамы Эстониядагыдай эле чет тил деп бекитилген.

Орус тилин алмаштырган эне тил

Быйыл февралда ал кездеги СССРде орус тилин союздук жумурияттардын жана облустардын мектептеринде милдеттүү окутуу усулу киргизилгенине 85 жыл болду.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин анын ордунда пайда болгон өлкөлөр эне тилин биринчи орунга коюшкан. Орус тилине түрдүү макам ыйгарылган.

Ушу тапта орус тили мамлекеттик экинчи тил деп Беларуста таанылган. Расмий деген макам жалгыз Кыргызстанда берилген. Эң кызыгы, 1989-жылы ал кездеги СССРде жүргүзүлгөн эл каттоого ылайык, Кыргызстандын калкынын 35% гана орусча эркин сүйлөчү.

Филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева орус тилине расмий деген макамдын берилиши кыргыз тилин өнүктүрүп, жайылтууга тоскоолдук кылбашы керек деген пикири менен бөлүштү.

“Мамлекеттик тилге терс таасирин тийгизет деп айта албайм. Ошол расмий макам биздин жогорку чөйрөдөгү, мамлекеттик кызматтагы айрым адамдарга кыргызча үйрөнбөөгө шылтоо болуп атат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү кайсы бир мыйзамга, кайсы бир саясатка негизделбей эле ар бир жарандын атуулдук сезими менен ишке аша турган процесс деп ойлойм. Ошондуктан мамлекеттик тилди терең өздөштүрүү үчүн эч нерсе тоскоол болбош керек. Негизги ролду улуттук намыс жана атуулдук позиция ойношу керек деп ойлойм”.

Казакстандагы абал

Казакстандын Конституциясында жазылгандай, казак тили мамлекеттик тил. Андан кийинки беренеде “мамлекеттик уюмдарда жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында казак тили менен катар орус тили расмий колдонулары” айтылган.

Мыйзамды казакстандык саясат талдоочу Нуркен Айтымбет мындайча чечмелеп берди:

"Көз карандысыздык алган 30 жылдан бери тил маселеси казак коомунда көп талкууланып келет. Себеби биз 300 жыл Орусиянын кол астында болгондуктан, казак тилинин абалы өтө начарлап кеткен. 30 жылдан бери мамлекет да, коом да казак тилин өнүктүрүүгө аракеттенүүдө. Бирок казак тили бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн татыктуу ордун ээлей албай отурат. Казакстан көп улуттуу мамлекет деп таанылган. Калктын өзгөчө орус тилдүү бөлүгү орус тилине расмий деген макам берүү керектигин улам-улам козгошот. Бирок мыйзамдык негизде андай макамы бекитилген эмес. Казак тили мамлекеттик болгону менен иш жүзүндө орус тилинин даражасы коомдо жогорураак. Казак тилин өнүктүрүүгө багытталган түрдүү мамлекеттик программалар натыйжа берген жок. Чоң шаарларда орус тили үстөмдүк кылат. Казак тилин көбүнчө айыл жергесинде колдонушат. Мамлекеттик органдарда иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлөт. Мыйзамдар да орус тилинде кабыл алынат".

Нуркен Айтымбет казак тилинин мындай абалын бир нече фактор менен түшүндүрдү:

Нуркен Айтымбет
Нуркен Айтымбет

"Биринчиси, геосаясий кырдаал. Казакстан Орусия менен 7,5 миң километр чек араны бөлүшкөнүнө байланыштуу бизде ал өлкөнүн таасири күчтүү. Геосаясий жагдай мамлекет башчыларына казак тилин өнүктүрүү саясатын чечкиндүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүлүк бербей жатат.

Экинчи жагынан, бир нече жылга созулган орусташтыруу – русификациядан кийин Азербайжан, Өзбекстан өңдүү түрк мамлекеттеринен айрымаланып, Казакстан менен Кыргызстанда латын арибине өтүү жараяны кечеңдеп атат. Казакстандын биринчи президенти 2020-жылдары баштайбыз деп айткан. Бирок ал иштер айыл-кыштактардын, акимчилик, мамлекеттик мекемелердин аталыштарын алмаштыруу менен гана чектелди. Бул багыттагы саясат ушуну менен токтоп калды. Муну дагы азыр айткан геосаясий жагдайга, тышкы саясатка байланыштырат элем. Ошол эле маалда казакташтыруу саясаты аксап жатат.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик кызматтарда советтик мезгилде билим, тарбия алган эски кадрлар отурат. Анткени алар көбүнесе орусча сүйлөйт.

Кыскасы, казак тилин билүү керек деген катуу талап жок. Башка улуттардын өкүлдөрүнүн басымдуусу казакча билбейт. Негизи мамлекетти, улутту түптөөдө негизги факторлордун бири – тил. Ошон үчүн улуттук тилди өнүктүрүү абдан маанилүү. Статистика боюнча бизде калктын 70% казактар түзөт", - деди саясат талдоочу.

Тажикстанда орус тили улут аралык тил деген юридикалык макамга ээ. 2021-жылы Молдова орус тилин мындай макамдан ажыраткан. Айтмакчы, 22-мартта бул өлкөнүн президенти Майя Санду мамлекеттик тилди молдован тилинен румын тили кылып өзгөртүү буйругуна кол койду.

Өзбекстан менен Түркмөнстанда, ошондой эле Армения, Азербайжан, Грузия жана Литвада эч кандай макам берилген эмес.

Орусия тилди пропаганданын, саясаттын куралына айландырып алган

Орус тилинин макамы тууралуу кеп болгондо айрым эксперттер тил маселесин ашыкча саясатташтырбоо керектигин айтышат. Бирок Украинанын мисалында тил кандай курал болорун көрүп жатканыбызга көңүл бургандар да жок эмес.

Алсак, апрелдин этегинде Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы украин балдарын күчтөп Орусияга көчүрүүнү айыптаган резолюция кабыл алган. Документте депортацияланган балдар орус тилинде тарбия алып, “орусташтыруу” процессине туш болгону, балдарга эне тилинде сүйлөшүүгө тыюу салынганы баса белгиленген.

Тил жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы акция. Киев, 26-январь, 2017-жыл
Тил жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы акция. Киев, 26-январь, 2017-жыл

Улуттук нарк-насилден ажыратуу үчүн эне тилде сүйлөшүүгө тыюу салуу жетиштүү.

Казакстандык талдоочу Нуркен Айтымбеттин айтымында, эгемен мамлекеттер улуттук саясатын өз алдынча жүргүзсө, тилин өнүктүрсө, Орусия андай жараяндарга нацизм деп карайт.

"Украинада мисалы башка тилдерге, орус тилине кысым жасалбаса да, украин тилин, маданиятын өнүктүрүп, тарыхый тамырларына кайрылганын Москва нацизм деп сыпаттайт. Өз улутуңду, тилиңди сүйүүнү билдирген улутчулдук сезимди бурмалап, нацизм катары көрсөтөт. Эгер биз, казактар же башка улуттар азыр мамлекеттик тилде сүйлөгүлө деген талапты катуу кое турган болсок, Орусия Казакстан нацизм саясатын жүргүзүп жатат деп айыптоого өтөт. Ошон үчүн биздин бийликтегилер тил саясатын этият жүргүзөт. Ансыз да соңку убакытта Орусиянын башында отурган жетекчилик, депутаттар Казакстандын дарегине “орус тилин кысып жатат, нацизм күчөдү, орус тилдүү жарандарга күн көрсөтүшпөйт” деген чагымчыл сөздөрдү айтып келет".

Украинада 2019-жылдын апрелинде парламент украин тилин гана мамлекеттик тил деп бекиткен мыйзамды кабыл алган. Мурда ал жакта калктын 10% көбү орус тилдүү облустарда аймактык тил деп эсептелчү. Бир нече күн мурда Жогорку Рада “Орусия Федерациясынын саясий режими “рашизм тажрыйбасын жана принциптерин колдонгонун” айыптаган токтом кабыл алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG