Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Газа: АКШ убактылуу порттун курулушуна жабдуу жөнөттү


АКШ Газадагы убактылуу порт үчүн жабдууларды жөнөтүүдө.
АКШ Газадагы убактылуу порт үчүн жабдууларды жөнөтүүдө.

АКШнын аскердик кемеси Газада убактылуу порттун курулушу үчүн инженерлерди жана жабдуулардын биринчи партиясын алып баратат.

Рафахтагы рамазан айына даярдык

Газанын түштүгүндө, Рафахтагы лагерде чатырларда баш калкалап жаткан эл быйылкы Рамазан айын таптакыр башка шартта тосуп жатышат. Согуш шартына карабастан үй-жайсыз калган эл бала-чакасы менен колдон келишинче майрамдык маанай жаратуу аракетинде.

Бак-дарактарга, чатырларга шам илип жүргөн Ум Сухайб Абу Жабаль быйыл рамазанды тамак-ашсыз тосуп жатканына кейип турганын айтып берди.

"Быйылкы Рамазан айы мурдагылардын абдан башкача болуп жатат. Анткени бул жерде тамак-аш жок. Мурда бул учурда дасторкондо тамактын түрү турчу эле. Быйыл тамак таба алабызбы-жокпу... Кудай билет. Орозо кармагандар дагы ооз ачууга эч нерсе таппайт. Согуш башталган айты айдан берки абалыбызга жараткан гана күбө".

Лагердеги качкындар орозо айын өз үйлөрүндө, тынчтыкта улантууну тиленип жатышат.

"Кыйынчылыктырга карабай Рамазан айын сабыр менен, шам менен, ыр менен тосууну ниет кылып жатабыз. Кийинки жылы Газада тынчтык орноп, согуш бүтүп, жашообуз калыбына келсе дейбиз", - дейт дагы бир аял Нехад Аль-Жадед.

11-мартта Ислам дининдеги ыйык Рамазан айы башталат. Бул айда мусулмандар 30 күн орозо кармап, таң аткандан күн батканга чейин нар албайт, суу да ичпейт.

Ок атышууну токтотуу аракети, Байдендин сыны

АКШ, Египет жана Катардын ортомчулугу менен Газа тилкесиндеги атышууну Рамазан айында токтото туруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыга элек. Израил соңку сүйлөшүүгө өз делегациясын жөнөтпөй койгон.

10-мартта Израилдин Рафахтагы жолдогу автоунаага тийген аба соккусунан бир киши мерт болуп, үч киши жараат алганын Рейтер агентиги жазды. Окуянын айрым күбөлөрү АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобун жана Израилди ок атышууну токтотууга чакырып жатышат.

АКШнын президенти Жо Байден 9-мартта Израилдин премьер-министри Беньямин Нетяньяхуну сындап, анын соңку аракеттери Израилге жардам бергендин ордуна, тескерисинче залакасын тийгизип жатканын айтты.

Ал Израилдин ХАМАСка каршы чабуулун колдорун билдирип, ошол эле учурда Нетяньяхуну бейажал өлүп жаткан карапайым адамдардын өмүрүнө көңүл бурууга чакырды.

АКШ убактылуу порт үчүн жабдууларды жөнөттү

Бул арада АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы Газа тилкесине гуманитардык жардам үчүн убактылуу порттун курулушуна зарыл жабдуулар жөнөтүлгөнүн маалымдады.

9-мартта “Генерал Фрэнк Бессон” кемеси Лэнгли-Юстис базасынан чыгып, Жер ортолук деңизинин чыгыш тарабын көздөй бет алды. Кемеде портту түзүү үчүн жабдуулардын биринчи партиясы жана инженерлер бара жатат. Пентагондун билдиришинче, порттун курулушуна эки ай убакыт жана миңдей аскер кызматкери зарыл болот. Аталган порттон тилкеге күнүнө тамак-аш, таза суу жана дары-дармек ташыган жүздөгөн чоң кеме кирери айтылууда. АКШ президенти Жо Байден бул порт Газага күн сайын гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин белгилеген.

Эл аралык уюмдар Газа гуманитардык апаат коркунучуна кептелгенин улам эскертүүдө. Ай башында АКШ армиясынын учагы Газага биринчи жолу абадан гуманитардык жардам таштаган. Ал жерде тамак-аш тартып келаткан оор машиналардын жанында 110дон ашуун палестиналык каза тапкандан кийин Вашингтон жардамды ушундай ыкмада түшүрөрүн билдирген.

9-март күнү абадан түшүрүлгөн азык-түлүк чиркелген парашюттун бири ачылбай калып, катуу ылдамдык менен кишилердин үстүнө түшкөн. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги андан беш киши мурт кетип, дагы жаракат алгандар болгонун кабарлады.

Израилдин аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинен аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңден ашуун палестиналык жай тургун, анын ичинен аялдар жана балдар да набыт кеткенин билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG