Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Газа: 100дөн ашуун кишинин каны төгүлгөн калаба


Газа шаарына гуманитардык жардам алганы барып набыт болгондордун жакындары аза күтүүдө, 29-февраль, 2024-жыл
Газа шаарына гуманитардык жардам алганы барып набыт болгондордун жакындары аза күтүүдө, 29-февраль, 2024-жыл

Эл аралык коомчулук Газадагы соңку трагедиялуу окуяны кылдат иликтөөгө чакырды. 29-февралда Газа шаарында гуманитардык жардам алууга келген 100дөн ашуун адам набыт болуп, ондогон киши жараат алды.

Буга чейин бир катар маалымат агенттиктери Израилдин жоокерлери тургундарга ок атканын кабарлаган. Израил армиясы гумжардам келгенде чогулгандар кымгуут түшүп, кишилер тепсендиде жана жүк ташыган машиненин алдында калып өлгөнүн билдирди.

Дрондон тартылган бул кадрдан беш айга чукул блокадада турган Газа шаарында гуманитардык жардам ташыган автоунаалардын айланасында чогулган жүздөгөн кишини көрүүгө болот.

Газа шаарына гуманитардык жардам жүктөп келген машинелерди кишилер курчап турат
Газа шаарына гуманитардык жардам жүктөп келген машинелерди кишилер курчап турат

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги кандуу окуя үчүн жөөт армиясын күнөөлөп, 115 адам каза болуп, 750 киши жарадар экенин жуманын кечинде кабарлады.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) газалыктар гуманитардык кербенди талап-тоноп, башалмандык башталып, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткенин билдирди. The Washington Post гезитинин израил аткаминерлеринин арасындагы ишенимдүү булактары жөөт аскерлери "кооптуу жүрүм-туруму" менен айырмалангандарга ок чыгарганын айтканын жазды.

ЦАХАЛдын өкүлү Даниел Хагари кырдаалды мындай түшүндүрдү:

Даниел Хагари.
Даниел Хагари.

"Египеттен келген бул гуманитардык жардам Израилдин Керем Шалом гуманитардык бекетинде коопсуздук текшерүүсүнөн өтүп, андан кийин аны бөлүштүрүү үчүн Газага кирди. Бул жашоого өтө зарыл гуманитардык жүк Газанын муктаж жашоочуларына жеткенде миңдеген тургун автоунааларды тегеректеп, айрымдары зордук-зомбулук менен башкаларды түртүп, атүгүл тебелеп өлтүрүп, гуманитардык жардамды талап-тоноого киришти. Тилекке каршы, бул кайгылуу окуяда ондогон газалык каза таап, жараат алды".

«Гуманитардык кербенге ЦАХАЛ бир дагы сокку урган жок» - деген Хагари жөөт аскерлери жүк ташыган машинелерге мерчемделген жерге жетүүгө жардам берүүгө аракеттенгенин белгиледи.

Газа тилкесиндеги Камал Адван жана ал-Ауда ооруканаларына түрдүү жараат менен ондогон киши түшкөнү маалым болду.

 Газа: Гумжардам күткөн 100дөн ашуун адам набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

Палестинанын БУУдагы өкүлү Рияд Мансур кандуу каргашада 700дөн ашуун адам жараат алганын билдирди:

Рияд Мансур.
Рияд Мансур.

"Бизге жеткен маалыматтарда, ондогон кишинин башына ок тийген. Башаламандык учурунда элди ооздуктоо үчүн асманга ок атылган эмес. Бул атайылап бутага алуу жана өлтүрүү болгон. Өлгөндөрдүн саны 112ге жетти. Ал эми жараат алгандардын саны 750, алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Бул чектен чыккан кыргын. Коопсуздук Кеңешинин эч аракетсиз отурганы бейкүнөө палестиндердин бейажал өлүмүнө алып келди".

Газадагы бул үрөй учурган окуяга эл аралык коомчулук чукул реакция жасады. Франциянын президенти Эммануэл Макрон карапайым тургундар «израил аскерлеринин бутасына алынганын» айтты.

Франциянын БУУдагы элчиси Николя Де Ривьер дагы карапайым калк жабыркап жатканын белгиледи.

"Биз карапайым калкка кол салууну такай айыптайбыз. Кризис башталгандан бери Франция бардык тараптарды эл аралык укукту жана өзгөчө эл аралык гуманитардык укукту сыйлоого үндөп атат. Женева конвенциялары муну так көрсөтөт. Жарандык инфратүзүмдөр жана гуманитардык жардам кызматкерлери эч качан бутага алынбай жана алар корголушу керек. Газа тилкесиндеги гуманитардык абал жана карапайым калктын абалы күн сайын начарлоодо", - деди француз дипломаты.

Ушул эле күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Газа тилкесинде жан сактоо үчүн эң зарыл гуманитардык жардам алууга келген тургундардын өлтүрүлүшүн көз карандысыз иликтөөгө үндөдү. Баш катчы бейшембиде «Газадагы каргашалуу жаңжалдын курмандыктарынын саны нес кыларын" айтып, согуш башталгандан бери 30 миңден көп киши каза болуп, 70 миңден арбын адам жараат алганы тууралуу маалымат бардыгын кошумчалады.

29-февралда АКШ президенти Жо Байден Египеттин жана Катардын жетекчилиги менен жолугушууда бул окуя Газа тилкесинде барымтадагыларды бошотуу жана ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгаруу зарылдыгын көрсөткөнүн айтты.

Газа, 2024-жыл 29-февраль.
Газа, 2024-жыл 29-февраль.

ЦАХАЛ Газа секторундагы согуштук операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобунун согушкерлери Изарилге кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алганда баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңге чукул палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундарды кырган ашкере зомбулукка айыптоодо.

ЦАХАЛ бутага ХАМАСтын жоочулары гана алынганын, алар жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатышканын билдирет.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен жүрүп жатат. Мунаса табылса Газа тилкесинде ок атуу токтоп, ХАМАС барымтадагы туткундарды, Израил түрмөлөрүндөгү палестиналыктарды бошотууга милдеттүү болору маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG