Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Макрон Москва менен Киевди кепке келтиреби?


Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 9-декабрь, 2019-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 9-декабрь, 2019-жыл.

Дүйнө лидерлери Украинанын айланасындагы кризисти чечүүнүн дипломатиялык жолдорун издеп жатышат. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Киевде украин лидери Владимир Зеленский менен жолукту.

Бир күн мурда ал Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөн. Ал эми Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШда президент Жо Байден менен жолугушту.

"Кырдаалдын курчушун алдын алдык"

Француз лидери Киевге барары менен журналисттерге кырдаалдын мындан аркы чыңалуусун алдын алганын билдирди.

"Менин максатым - оюнду токтотуп, кырдаалдын курчушун алдын алып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу болчу. Бул максатым орундалды",- деди Эммануэл Макрон.

Ошондой эле ал эки тарапты тең эч кандай аскердик аракеттерге барбай турууга жана стратегиялык диалогду баштоого чакырганын кошумчалады.

АКШ жана Батыш мамлекеттери Орусия Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп турушат. Буга Украинага жакын аймакка 100 миңден ашуун орус аскеринин топтолушу түрткү болууда. Москва андай ниети жок экенин, бирок "Украина НАТОго кирбейт" деген кепилдикти алганда гана аскерлерин чыгарып кетерин билдирүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон. Киев. 8-февраль, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон. Киев. 8-февраль, 2022-жыл.

"Пайдалуу, маңыздуу сүйлөшүү болду"

7-февралда Макрон Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Эки лидер узун үстөлдүн эки башына отуруп, Украинанын тегерегиндеги кырдаалды талкуулашты.

Андан кийин Кремлде биргелешип өткөргөн маалымат жыйында Путин "Москва баарын ынандырган мунаса табуу үчүн болгон аракетин көрөрүн" билдирди. Ошондой эле "Макрондун айрым сунуштары Украинанын айланасындагы кризисти жайгарууга негиз болуп калышы мүмкүн" экенин кошумчалады.

Путин Макрон Киевге барып келгенден экөө телефондон кайра сүйлөшөрүн айткан.

Анткен менен Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков 8-февралда Орусия менен Франция кандайдыр бир пикирге келе алышпаганын билдирди. Ал эми Макрон жолугушуудан андай деле чоң күтүүлөр болбогонун кошумчалады.

"Мен Путин кандайдыр бир кадам жасайт деп бир секунд да ойлогон эмесмин",-деди Макрон.

"Украина кызыл чектен өтпөйт"

Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 8-февралда билдиргендей, Киев Макрон менен Путиндин сунуштарын угууга дилгир болгону менен өзүнүн кызыл чийининен өтпөйт.

"Мен бир нече жолу айткандай, биз диалогго ачыкпыз, дипломатиялык жолдорду издейбиз. Бирок, кызыл чийиндерди өтпөйбүз. Эч ким бизди андан өтүүдөн мажбурлай албайт",-деди Кулеба.

Ал арада Вашингтондо АКШ президенти Жо Байден менен Германиянын канцлери Олаф Шольц жолугуп, украин кризисин талкуулашты.

Эки лидер орус агрессиясын алдын алуунун үстүндө биргелешип кызматташарын билдиришти.

АКШ президентинин Жо Байден менен Германиянын канцлери Олаф Шольц. 7-февраль, 2022-жыл.
АКШ президентинин Жо Байден менен Германиянын канцлери Олаф Шольц. 7-февраль, 2022-жыл.

Байден "Түндүк агым-2" талаштуу газ кууруна байланышкан маселеге чекит коерун да убада кылды. Бул куур орус газын Германияга жеткирүү үчүн курулган, бирок эксплуатацияга бериле элек.

Шольц эгер Орусия Украинага кол салса, Германия менен Кошмо Штаттар биргелешип жооп берерин, мындай учурда эки мамлекет катаал чараларды көрүүгө даяр экенин айтты. Ал 14-15 февраль күндөрү Киев менен Москвага барат. Буга чейин Берлин Киевге курал-жабдык жибербегени үчүн сынга кабылган.

Анткен менен Германия Киевди колдой турганын ынандырыш үчүн Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Украинага барды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG