Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

АКШ: Путин Украинага жакын арада кол салышы мүмкүн


Украинада курал-жарак колдонууну үйрөнүп жаткан студенттер.
Украинада курал-жарак колдонууну үйрөнүп жаткан студенттер.

Дүйнө лидерлери Украинанын тегерегиндеги кырдаалды жайгаруунун дипломатиялык жолун издөөнү улантышууда. 7-февралда Франциянын президенти Эммануэл Макрон Москвага барып, Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугат. Ал эми Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШ президенти Жо Байденге жолугуу үчүн Вашингтонго сапар алды. Америка Орусия Украинага жакын арада кол салышы мүмкүн экенин эскертип жатат.

Жарандык коргонуу боюнча машыгуулар

Украинанын башкалаасы Киевден анча алыс эмес жердеги токойлордун биринде жарандык коргонуу боюнча машыгуулар өтүп жатат. Анда ыктыярчылар аскерлерден курал-жабдыкты туура колдонууну жана биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшүүдө. Арасында ар кандай курактагылар бар.

"Кандай гана болбосун биз Орусиянын кол салуусуна даяр болушубуз керек. Биз четте карап тура албайбыз. Чек арабызды жана элибиздин келечегин коргошубуз зарыл",-дейт Киевдин тургуну Яна.

Карапайым тургундардын мындай кооптонуусуна себеп бар. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусия Украинага бир нече күндүн же аптанын ичинде кол салышы мүмкүн экенин айткан.

"Биз Владимир Путин Украинага кол салууга буйрук берет деген абдан анык ыктымалдуулук бар деп ишенебиз. Анын формасы ар түрдүүчө болушу мүмкүн. Ал эң эрте дегенде эртең болушу мүмкүн, же бир аптанын ичинде орун алышы ыктымал",- деди Салливан 6-февралда америкалык телеканалдарга маек куруп жатып.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүү ыктымалдыгы жогору экенин билдирди.

Орусия кеч күздөн бери Украинага жакын аймактарда 100 миңден ашуун аскерин жана аскердик техникаларын топтоду. Соңку жумаларда Украинанын түндүгүнө жакын Беларустун аймактарына да орус аскерлери жыйналууда.

Батыш менен Киев Орусия жакын арада Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип келет. Москва андай ниети жок экенин билдирип, ошол эле маалда Украинага эч качан НАТОго кирбейт деген кепилдикти алганда гана аскерлерин чыгарып кетерин кайталап жатат.

Макрон Москвага, Шольц Вашингтонго сапар тартты

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 7-февралда Москвага жол тартар алдында Американын лидери Жо Байден менен 40 мүнөттөй телефондон сүйлөштү. Ак үй билдиргендей, эки лидер «Украинага жакын аймакка орус аскерлеринин топтолушуна чара көрүүнүн дипломатиялык жолдорун» талкуулашты.

Ал эми Олаф Шольц Германиянын канцлери катары биринчи жолу Вашингтонго баратат. Немис лидери Украинага курал-жарак жөнөтүүдөн баш тартканы үчүн соңку кездери сынга кабылып келет.

Ал сапарынын алдында дагы бир ирет Берлин Киевге курал жөнөтпөстүгүн кайталап, бирок Балтика мамлекеттерине жиберүү үчүн аскерлерди даярдалып жатканын кошумчалады.

"Биздин Литвада аскерлерибиз бар. НАТОнун аба майданынын жакшылап корголушуна көз салып турабыз. Ошол эле учурда көп жылдан бери Украинага ири көлөмдөгү каржылык жардам көрсөтүп келебиз".

Германиянын Литвада 500дөй аскери бар. Берлин Украинага жардам көрсөтүү жагынан АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат. Шольцтун өкмөтү Орусияга кандай санкциялар салынарын ачык айтпаганы үчүн да сынга кабылган. Канцлер эгер Москва Украинага кол салса, анын кесепети оор болорун эскертти.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон. 9-декабрь, 2019-жыл. Париж.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон. 9-декабрь, 2019-жыл. Париж.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Байден менен Шольц «Түндүк агым-2» газ куурун да ортого саларын кошумчалады.

Вашингтондон келгенден кийин Шольц Берлинде Балтика мамлекеттеринин лидерлери менен жолугат, ай соңунда Украина менен Орусияга сапары күтүлүүдө.

7-февралда Киевге Германия, Чехия, Словакия жана Австриянын тышкы иштер министрлеринин барышы күтүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG