Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Украина "Байрактарды" чыгарат


Украинанын Эгемендик күнүндө өткөн парадда көрсөтүлгөн "Байрактар" учкучсуз аппараты. 18-август, 2021-жыл.
Украинанын Эгемендик күнүндө өткөн парадда көрсөтүлгөн "Байрактар" учкучсуз аппараты. 18-август, 2021-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украина-Орусия тирешинде ортомчу болууга даяр экенин билдирди. Ал арада украин жергесинде түрктөрдүн "Байрактар" деп аталган учкучсуз аппараттары чыгарыла турганы кабарланды. Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялардын топтомун даярдаганы маалым болду.

Эрдоган Киев менен Москвага ортомчу болууга даяр

Украин-орус алакасы курчуп турган маалда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Киевге расмий сапар менен барды.

"Түркия Кара деңиз аркылуу чектешкен эки кошуна мамлекеттин ортосундагы кризиске чекит коюу үчүн бардыгын кылууга даяр. Биз кубануу менен лидерлердин же техникалык делегациялардын деңгээлинде жыйын өткөрүп бере аларыбызды бүгүнкү сүйлөшүүдө да билдирдим", - деди Эрдоган.

Ал Түркия мурдагыдай эле Украинанын аймактын бүтүндүгүн колдорун кошумчалады. Анкара Крымдын аннексияланышын тааныбайт жана крым татарларынын куугунтукталышын айыптап келет.

Украина президенти Владимир Зеленский менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 3-февраль, 2022-жыл.
Украина президенти Владимир Зеленский менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 3-февраль, 2022-жыл.

Эрдоганга чейин Киевге Нидерланддын, Польшанын, Британиянын лидерлери келип кетишкен. Орусия Украина менен чек арасына 100 миңден ашуун аскерин жана техникасын топтогондон кийин Москва кошуна өлкөгө кол салууну пландап жатат деген кооптонуу күчөдү. Кремл Орусия Украинага басып кирүүнү көздөйт деген дооматты четке кагып, бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн Батыштан “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылган.

Москва "Украина НАТОго кирбейт, орус чек арасына жакын жерлерге аскердик системалар орнотулбайт, блоктун күчтөрү Чыгыш Европадан алыстатылат" деген шарттарды койгон. Батыш мамлекеттери эгер Орусия Украинага басып кирсе олуттуу экономикалык санкцияларга туш болорун эскертүүдө. Евробиримдик Москвага каршы "ишенимдүү жана баардыгын камтыган" санкцияларды иштеп чыкканын Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 4-февралда билдирди.

Буга чейин Кошмо Штаттар НАТОдогу өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн Европанын чыгышына үч миңдей аскерин жайгаштырарын маалымдаган. Кремл Американын бул кадамын айыптап, кризисти жайгаруунун ордуна тереңдетип жатат деп сыпаттады.

"Байрактар" Украинада чыгарылат

Украин президенти Владимир Зеленский түрк лидеринин сунушуна ыраазычылык билдирип, Түркиянын "Байрактарын" украин заводдорунда чыгаруу планын кош колдоп колдоорун айтты.

"Бүгүн "Байкар" компаниясынын учкучсуз аппараттарын Украинада чыгаруу келишимине жетиштик. Бул технология жаңы жумуш орундарын түзүп, Украинанын коргонуу тармагын бекемдөөгө шарт түзүлөт".

Украина буга чейин "Байрактарды" Түркиядан 70 миллион долларга сатып алган. 2019-жылдын башында кол койгон келишимдин алкагында Киевге алты аскердик дрон бир катар жабдыктары менен кошо келген.

Алгач ирет Киев "Байрактарды" уруш жүрүп жаткан Донбасста былтыр күздө колдонгон.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников билдиргендей, учкучсуз аппараттарды чыгара турган завод эми курулат.

Эрдоган менен Зеленский ушул эле күнү бир катар келишимдерге кол коюшту, анын ичинде эркин соода боюнча макулдашуу дагы бар. Киев билдиргендей, бул документ эки тараптуу сооданын жылдык көрсөткүчүн жакынкы беш жылда он миллиард долларга чейин көбөйтөт. Учурда ал жети миллиард долларды түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG