Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Кутманованын иши: Бийликтин көздөй кадрынын талаштуу карьерасы


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл экс-министри Динара Кутманова (арткы фондо - уулу Кемелбек Кутманов). Коллаж.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл экс-министри Динара Кутманова (арткы фондо - уулу Кемелбек Кутманов). Коллаж.

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалып, тергөө абагына камакка алынды.

Мындай маалыматты 25-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет таратты. Кутмановага министрликти жетектеп турган эки жыл ичинде ири коррупциялык схемаларды уюштурганы жана ага айрым кесиптештери менен жакын туугандарын катыштырганы боюнча айып тагылууда. Экс-министр өзүнө жана жакындарына тагылган айыптарды четке кагып, "өлкө жетекчилигине туура эмес маалымат жетип жатат" деп актанган эле.

Президенттин жакын адамдарынын бири саналган Кутманованын айланасындагы окуялар эмнеден кабар берет?

Соңку бир нече күндөн бери маалымат каражаттарынын башкы сабынан түшпөй жаткан экс-министр Динара Кутманова кармалганын 25-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Атайын кызмат экс-министр жакындары менен бирге министрликте коррупциялык схема түзүүгө шек саналып жатканын билдирди.

“Динара Кутманова Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, ага жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген ишенимге карабай, өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүүдө кеңири коррупциялык тармакты уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана сиңдисин), жакын чөйрөсүн (үй кызматкерин, уулунун досун ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган”.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, үч жыл ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

Кутманова каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыштарды алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталганы белгиленген.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кутманова кармалган күнү эле баш коргоо чарасын карап, 9-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарганын маалымдады.

УКМК 22-июлда дагы бир маалымат жарыялап, анда аталган кылмыш ишинин алкагында жалпысынан сегиз адам камакка алынганын белгиледи. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы эки орун басары, Чүй аймактык башкармалыгынын начальниги, “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” директору, жеке ишкер жана дагы бир коомдук фонддун директору кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилген. Динара Кутманованын бир тууган сиңдиси менен фонддун адиси үй камагына алынган.

Атайын кызмат кылмыш ишине катышкан деп айыптаган адамдардын баш тамгалары жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы биринчи орун басары, Жаратылышты өнүктүрүү фондунун эксперттик комиссиясынын төрагасы Канатбек Садыковдун, дагы бир экс-орун басары Бексултан Ибраимовдун, министрликтин Чүй аймактык башкармалыгынын начальниги Тойчубек Кадралиевдин жана “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” директору Жеңиш Калимбетовдун ысымдарына туура келет.

УКМК Кутманованын уулу Кемелбек министрликтин жана Жаратылышты өнүктүрүү фондунун иштерине түздөн-түз кийлигишип келгени, фонддон гранттык каржылоо алгандардан 10% акчаны алып турганы, беш ишкерден 17 млн сомдой, “Жашыл Мурас” фондунун долбоорунан 7,5 млн сом алганы тууралуу көрсөтмөлөр бар экенин билдирген.

Мындан тышкары Чүй облусунун аймагында чакан ГЭС куруу үчүн 23 млн сом алган коомдук фонддун директору иш жүзүндө Кутманованын үй кызматчысы болуп иштегени, ал аркылуу мурдагы министрдин үй-бүлөсү 15 млн сомду кымырып алганы маалымдалган.

Буга улай Динара Кутманова уулу Кемелбектин Түркияда белгисиз адамдар тарабынан барымтага алынып, 600 миң доллар доолаганы тууралуу маалымат таркаткан.

Ички иштер министрлиги Кутманованын уулу тууралуу маалыматын төгүндөп, Кемелбек Кутманов жоопкерчиликтен качуу үчүн атайын чет өлкөгө чыгып кеткени жана учурда түрк полициясында кармалып турганын кабарлаган.

Укук коргоо органынын маалыматына ылайык, 28-июнда Сапарбек Кутманов уулу Кемелбектин Түркияда уурдалып кеткени жана аны бошотуу үчүн 600 миң доллар талап кылып жатышканы тууралуу арыз менен кайрылган. Казакстан, Орусия жана Түркиянын укук коргоо органдары менен иштешүүнүн натыйжасында, Кемелбек Кутманов 29-майдан 19-июнга чейинки аралыкта Алматыдан Вьетнам, Москва жана Дубай багыттары аркылуу жүрүп отуруп, аягында Стамбулга барганы аныкталган. Ал жерде өзүн уурдап кетишкени тууралуу полицияга кайрылганы, бирок полициянын иликтөөсүндө ал факты такталбаганы айтылат. Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 27-июнда Кемелбек Кутмановго эл аралык издөө жарыяланган.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу Кутманованын уулу депортациялык борбордо кармалып турганын, жакында Бишкекке жөнөтүлөрүн кабарлады.

Жетекчилер Кутмановадан жүз үйрүдү

20-июль күнү өкмөттүн жарым жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган отурумунда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Жаратылышты өнүктүрүү фондунун карамагындагы бир миллиард сомго чукул каражат коррупциялык жол менен максатсыз иштетилип кеткени жана ага Кутманованын катышы тууралуу айткан.

“Мына, кечээ эле араңарда отурган, жаратылышты коргоо министри болгон Кутманова деген эжекебиз бар эле. Эсиңиздерде болсо керек ээ? Жаратылышты коргоого “Кумтөрдөн” жылына дээрлик 4 млн доллар акча бөлүнүп турган. Акыркы 2,5 жылда 1 млрд сомго жакын акча бөлүнгөн, 110дон ашык долбоорлор иштетилген. Бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон натыйжа жок. Миллиард сом акча жок. Жалаң баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, мурдагы-кийинки туугандарын – бардыгын аралаштырып алган. Ушунун баары азыр, иштен кеткенден кийин чыгып атат. Бирок биз ушуга чейин иштеп жатканбыз. Ушунун негизинде жазасын алат”.

Ошол эле күнү Динара Кутманова “Азаттыкка” кайрылып, Ташиевдин дооматтарын четке каккан.

Ал Таластагы Андаш алтын кенин мамлекеттен тартып алуу боюнча көрүлгөн аракеттерге каршы турганын жана өлкө жетекчилигине ал жөнүндө туура эмес маалымат жеткирилгени үчүн ушундай абал түзүлгөнүн белгилеген.

“Жалган сөздөр көп болуп, чаташтырып жатышат. Камчыбек Кыдыршаевичке, балким, кол астында иштегендер туура эмес маалымат берүүдө. Объективдүү карап териштирсе, баары ордунда экени чыгат. Долбоорлордун баары башталган, бүтө элек. Натыйжасы жок деп айтууга азыр эрте. Анткени бак-дарактар тамыр алып, түшүм бергенче убакыт керек. Геология мекемесиндеги Андашка аралашкан кызматкерлердин аракети болуп жатат. Мен аны так айтам. Андашты, 2 млрд долларлык кенди, мамлекеттен ажыратып, жеке компанияга бергендердин аракети. Мунун аркасында геология мекемесиндеги мафия турат”, - деген Кутманова.

24-июлда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, анда Кутманованын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча пикирин билдирди.

“Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коёбуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча, "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур" деп жатышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акча каякка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот”, - деген эле президент Садыр Жапаров.

Эске салсак, Динара Кутманова 2012-жылы “Кумтөр” иши боюнча Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын экология боюнча эксперти болуп иштеген. Комиссия анын эсептөөлөрүнө таянып “Центерра Голд” компаниясына бир нече миллиард доллар доо коюуну сунуштаган. Ал эсеп-чоттор кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" 2021-жылдагы талашында да көтөрүлүп, май айындагы сот чечиминде канадалык компанияга 261 млрд сом доо коюлган. Доогер тарап Кемелбек Кутманов жана анын достору болсо (алардын бири Айбек Сарыбаев 2022-жылы Жаратылышты өнүктүрүү фондунан 14 млн сом грант алган), үчүнчү тарап Динара Кутманова жетектеген министрлик болчу. Кийин Садыр Жапаров жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде ал эсептер негизсиз болгонун, "Центерраны" опузалоо үчүн колдонулган ыкма экенин айткан.

Динара Кутманова 2000-жылдардын башында Бишкек шаардык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгын жетектеп турган. Кийин анын ишмердигиндеги финансылык мыйзам бузуулар жана күмөндүү схемалар боюнча тергөө иштери жана соттук териштирүүлөр жүргөнү тууралуу документтер бар. Бишкек шаардык прокуратурасынын маалыматына ылайык, Кутманова 2009-жылы Кылмыш кодексинин 171 жана 308-беренелери боюнча акталып, төмөнкү инстанциялардын 304, 305 жана 315-беренелери боюнча актоо өкүмү жокко чыгарылган. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган

Министрликтеги ишмердиги

62 жаштагы Динара Кутманова министрликтин башына алгач келгенде тамырлашып кеткен коррупциялык көрүнүштөрдөн үрөйү учканын, аны жоюу боюнча аракеттери эски кызматкерлер тарабынан катуу каршылыкка кабылганын билдирген.

Кызматынан алынардын алдында да министрликтин ишмердигин реформалоодо каршылыктарга тушугуп жатканын айтып өткөн.

“Мына, отуз жылдан бери ушул тармак башаламан болуп, өзүнчө бир хаос болуп калыптыр. Иреттөө, тактоо иштерин бир жылдан кылып атам. Көп жетишкендик бар. Бирок ошол эле учурда каршы чыккандар, ички жана тышкы саботажниктер болуп атат. Анткени тактоо жумуштары жүргөндө, көптөгөн кызыктуу, мыйзамга каршы жол менен берилген лицензиялар чыгып жатат”.

Динара Кутманова реформалык иштеринин бири катары министрликте жаратылышты пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн бирдиктүү маалыматтык базасы түзүлгөнүн, ал жаатта атайын башкармалык жана лицензиялык иштерди каттоо бөлүмү түзүлгөнүн мисал келтирген.

Мындан тышкары Кутманова министрликти башкарып турган маалда Кыргызстандын 2040-жылга чейинки улуттук суу стратегиясы иштелип чыкты. Анын алгачкы долбоорун Айыл чарба министрлиги даярдап, толуктоо үчүн 2022-жылы Жаратылыш ресурстары министрлигине өткөрүп берген. Президент аны ушул жылдын февраль айында бекитти.

Ал тапта Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосу боюнча, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2022-жылдын жыйынтыгы менен ишмердигинин сапаты боюнча өлкөдөгү 30 мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ичинен эң төмөн баа алган. Калктын ишеними боюнча да эң төмөнкү баа алган. Ал эми коррупциянын деңгээли боюнча алтынчы сапта турган. Жыл соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтин ишине “2” деген баа берген.

Эколог Гамал Сооронкулов 2020-жылдан бери тармакта реформалар жүрөт деп үмүт артып келатканда ири коррупция тууралуу чуунун чыгышы демине суу сепкенин айтты.

“Үмүт дайыма болгон да. Дегеле 2020-жылдан бери жаңыланууга үмүт бар. Жалпы Кыргызстан боюнча дагы деле бар, үмүтүм өчө элек. Ооба, кыйын болуп жатат, отуз жылда көп нерсени алдырып койдук. Азыркы бийликке кыйын болуп жатат. Бирок ошонун ичинде экология тармагында үмүт пайда болду эле да. Мына болот, ана болот деп жаттык. Дегеле бир жылда эч нерсе өзгөрүлбөйт, кыйын. Кайсы тармакта болбосун, реформага кеминде үч жыл керек да. Эгерде жанагы фактылар, баласынын катышканы чын болсо – аброю ушундай түштү да. Менин күйгөнүм, бардык долбоорлор баары келип бир тизме болуп калып жатат да. Иштеп жаткан долбоорлор кандай болот? Арасында таза иштеп жаткан балдар бар да, баары эле коррупционер болуп калган жок да. Алар кандай болот? Азыр алар дагы жаманатты болуп отуруп калышты окшойт. Кандай болуп калат эми? “Чогулуп, үнүңөрдү чыгарып көрбөйсүңөрбү, баарың эле ууру эмессиңер да, бул жерде силер ишти кылып атасыңар, баарыңар эле жей берген жоксуңар да” дейин десең, коркот экен. Менин оюмча, коркушат да. Текшерсин азыр. Тазасы таза бойдон чыксын. Жегичтер жазасын алсын”.

Кайра-кайра мүдүрүлгөн ишенимдүү кадрлар

2020-жылдын октябрында өлкөнү башкарууга келген Садыр Жапаровдун бийик ишеним көрсөткөн жогорку тепкичтеги бир катар кадрларынын көпчүлүгү коррупцияга айыпталып кармалып келет.

2022-жылдын июнь айында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шек саналып кармалган. Президент ага кылмыш ишин козгогон башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан убактылуу четтетип, Бейшеналиевге байланыштуу ишти териштирген. Бирок аягында Зулушев ордуна кайтып келип, Бейшеналиев кызматынан бошотулган. Кылмыш иши токтотулган.

Ошол эле жылы 13-сентябрда Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” акционердик коомундагы мурдагы тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү кармаган. Ага дагы коррупция боюнча айып тагылып, сегиз айдай тергөө абагында отургандан кийин, быйыл апрель айында үй камагына чыгарылды.

Тенгиз Бөлтүрүктү кармагандан көп узабай, 28-сентябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев коррупцияга шек саналып кармалган. Аны кармоодо чет өлкөлүк жарандан ири сумммада пара алып жатканы кабарланган.

2022-жылы октябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" боюнча эки кылмыш ишин козгоп, кызматынан убактылуу четтетилген. Прокуратуранын маалыматында министр тармактагы адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын ысырап кылганы, курулуш иштеринде 15 млн сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Алымкадыр Бейшеналиев, Алмазбек Бейшеналиев, Тенгиз Бөлтүрүк, Доскул Бекмурзаев жана Динара Кутманова – баары тең башынан эле өздөрүн президент Садыр Жапаровдун ишенимдүү кадрлары катары көрсөтүшчү.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев кыргыз бийлигинин кадр саясатында одоно кетип жаткан үч кемчилигин санап берди. Анын айтымында, кадр өстүрүүдө калыптанган системанын жоктугу, бийликке жетүүгө салым кошкондорго кызмат берүү жана интеллекти төмөн кызматкерлерди кармоо өңдүү көйгөлөр курч.

“Бул мага жагат-жакпайт деген башка принцип. Ушул ишти ушул аткара алат, жасай алат деген кардларга таяныш керек. Тилекке каршы, ошол системаны жолго коё албай жатабыз. Азыркы система боюнча “кызматка коюлгандардын баары коррупцияга малынып, камалып атат” деп сындар аябай көп айтылууда. Бул жерде эки нерсе бар. Өздөрү коюп алып, калкалабай, коррупцияга кирип кеткендердин бетин ачып жатышканы жакшы тенденция. Буга рахмат деш керек. Бирок кадрлардын кимиси кандай экенин билбегендиктен, “шайлоодо жардам берди эле, башка жардамдарды берди эле” деген принцип менен коюлуп калгандыктан ушундай болуп калууда. Ал кадрлар да бул жерде көпкө иштей албай турганын билет. Ошондуктан өз чөнтөктөрүн толтуруп алып “эми кете берейин” же болбосо “Шадиевдин маршруту менен Баткендин суусун кечип Американы көздөй качайын” дегендер да бар”.

Динара Кутманова профилдик мекеменин башына 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин келген. Ноябрь айында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине директор болуп дайындалган. Анын агенттикке келиши эмгек жамааттын каршылык акциялары менен коштолгон. 2021-жылы Агенттикти, Экологиялык техникалык көзөмөл инспекциясынын жана дагы бир катар мамлекеттик мекемелерди бириктирүү менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги түзүлүп, анын башына Кутманова кайра дайындалган. Быйыл мартта кызматынан күтүүсүз алынганда, ал мунун себебин коррупцияга каршы күрөшү “кимдир бирөөгө жакпай калганы” менен түшүндүргөн эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG