Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Консулдук: Кутманованын уулу депортациялоо борборунда турат


Стамбулдагы аэропорт, архивдик сүрөт.
Стамбулдагы аэропорт, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу тууралуу маалымат таратты. Анда Кемелбек Кутманов ушул тушта шаардагы департациялоо борборунда экени, жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөрү айтылган.

"Анын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн тартып Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана Ички иштер министрлиги түрк тарап менен тыгыз кызматташтыкта издөө жүргүздү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ал жаран табылып, учурда Түркияда депортациялоо борборлорунун биринде коопсуз абалда турат, жакын арада Кыргызстанга жиберилет. Башкы консулдук бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алганын билдирет", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кутманованын айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу суроого жооп берип, экс-министрдин уулу Стамбулда уурдалган деген билдирүүнү четке каккан жана Кумтөрдөн желген акчаларга байланыштуу тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүүлөр аныкталса жазаланарын эскерткен.

"Кутманованын баласын эч ким уурдабаптыр. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам, "спектакль уюштуруп атышыптыр" дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. "Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаны жеп коюптур деп жатышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каякка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо, төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", - деген эле Жапаров.

Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Стамбулда уурдалганы жөнүндө маалымат такталбаганын, аны депортациялоо маселеси каралып жатканын маалымдаган эле.

Кутманова уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп коё беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын айтып чыккан болчу.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган отурумда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "коррупцияга" аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбай тургандыгын эскертип, Кутманованы мисал кылып, аны "Кумтөрдүн" акчасына байланыштуу айыптаган эле. Экс-министр дооматтарды четке каккан.

УКМК 22-июлда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызматкерлери аралашкан фактылар иликтенип жатканын, козголгон кылмыш ишинин алкагында сегиз адамга айып коюлуп, алтоо камалганын кабарлаган эле. Анда Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалып жатканы белгиленген.

Министрликке 2021-жылы келген Кутманова кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынганда, бул үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG