Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Мурдагы министр Кутманова камакка алынды


Dinara Kutmanova Kyrgyzstan
Dinara Kutmanova Kyrgyzstan

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 9-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди 24-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы 25-июлда кармаган.

Ал аталган министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда "башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталды" деп маалымдады.

"Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин, коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды. Динара Кутманова министр болуп турганда жогорку бийлик арткан ишенимге карай өзүнүн жеке амбициясын, жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган. Үч жыл ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону бул министрликтеги муктаждыктар үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген", - деп жазылган маалыматта.

УКМКнын ырасташынча, жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында тогуз адамга айып тагылган, алардын ичинен Кутманованын уулуна эл аралык издөө жарыяланган жана Түркияда кармалып, депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

Мурдагы министрди жемкорлукка айыптаган билдирүү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен ага караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирген.

Мекеменин 22-июлдагы маалыматына караганда, бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү сегиз адам аныкталды, алардын алтоо УКМКнын тергөө абагына камалды, башка шектүүлөр боюнча да иш жүрүүдө.

"Жакын арада мурдагы министр Динара Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалууда", - деп жазылган маалыматта.

Айып тагылып, үй камагына алынгандар арасында Кутманованын эжеси жана Жаратылышты өнүктүрүү фондунун адиси, ал эми тергөө абагына камалгандар министрликте мурда иштеген бир катар жетекчи кызматкерлер, фонддун башчысы, бир ишкер жана Кутманованын үй кызматчысы экени кабарланды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2021-жылдан берки үч жылда “Кумтөр” ишканасынан жаратылышты жана экологияны коргоого 969 миллион сомдон ашуун акча бөлүнгөн, анын 789 миллиондон ашыгы Жаратылышты өнүктүрүү фонду аркылуу 110 долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке адамдарга жана ишканаларга берилген.

УКМКнын билдиришинче, фонддун акчасы туура эмес коротулган, мисалы, жумушчуларга атайын кийим сатып алуу тууралуу келишим Кутманованын уулунун жакын досунун “Хожаев” деген ишканасы менен мыйзамсыз түзүлүп, 11 миллион сомдук миң даана кийимди сатып алууга 34 миллион сом коротулган.

Каржыланган 110 долбоордун 22си текшерилгени, алардын көбү өз максатына туура келбей турганы, кээ бирлери бюджеттик акчаны чыгарып кетүүгө шылтоо гана болгону айтылды.

УКМК Кутманованын уулу министрликтин жана фонддун ишине кийлигишкени, ал долбоорлорду каржылоо суммасынан 10% акчаны өзүнө алып турганы, беш ишкерден 17 миллион сомдой, “Жашыл мурас” фондунун долбоорунан 7,5 миллион сом алганы тууралуу көрсөтмөлөр бар экенин билдирди.

Атайын кызмат Чүй облусунун аймагында чакан ГЭС куруу үчүн 23 миллион сом алган коомдук фонддун директору иш жүзүндө Кутманованын үй кызматчысы болуп иштегенин, ал аркылуу мурдагы министрдин үй-бүлөсү 15 миллион сомду кымырып алганын маалымдады.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбайт деп эскерткен. Ал жыйында Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган.

"Кумтөрдөн Жаратылышты коргоо фондуна жылына дээрлик 4 миллион доллар бөлүнүп турган. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Ал жерде 110дон ашык долбоор иштетилген, бирок бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон натыйжа жок. Ал жерге (Кутманова - ред.) баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, баарын аралаштырып алган. Ошонун баары азыр, ал иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Бирок биз буга чейин иштеп жатканбыз, ушунун негизинде жазасын алышат".

Динара Кутманова буга чейин "Азаттыкка" берген комментарийинде УКМКнын өзүн жемкорлукка айыптаган кылмыш иши тууралуу азырынча прессадан гана угуп-окуп жатканын, эч ким ага расмий кайрыла электигин айткан.

“Жалган сөздөр көп болуп, чаташтырып жатышат. Камчыбек Кыдыршаевичке, балким, кол астында иштегендер туура эмес маалымат берүүдө. Объективдүү карап териштирсе баары ордунда экени чыгат. Долбоорлордун баары башталган, бүтө элек. Натыйжасы жок деп азыр айтуу эрте. Анткени бак-дарактар тамыр алып, түшүм бергенче убакыт керек”.

Ал Таластагы Андаш алтын кенин мамлекеттен тартып алуу боюнча көрүлгөн аракеттерге каршы турганын жана өлкө жетекчилигине ал жөнүндө туура эмес маалымат жеткирилгени үчүн ушундай абал түзүлгөнүн белгилеген.

“Геология мекемесиндеги Андашка аралашкан кызматкерлердин аракети болуп жатат. Мен аны так айтам. Андашты, 2 миллиард долларлык кенди, мамлекеттен ажыратып, жеке компанияга бергендердин аракети. Мунун аркасында геология мекемесиндеги мафия турат”, - деген Кутманова.

Эске сала кетсек, Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директорун УКМК жемкорлукка байланыштуу быйыл июнь айында кармап, камакка алган.

Кутманованын уулу барымтага алынганбы?

Динара Кутманова "Азаттыкка" өткөн айдын соңунда уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп, кое беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок алигүнчө жооп албаганын билдирди.

Ал уулу Кемелбек Кутманов тууралуу айыптоолорду курулай сөз деп атаган жана “Менин балам коррупцияга аралашкан эмес” деп айткан.

Бирок ички иштер министрлиги 22-июлдун түнү маалымат таратып, Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Стамбулда уурдалганын четке каккан. Аны депортациялоо маселеси каралып жатканын кабарлаган.

24-июлда Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кыргызстандан качан, кандай жол менен кеткени тууралуу маалымат берген.

Милициянын маалыматына ылайык, Кемелбек Кутманов 27-июндан бери эл аралык издөөдө болгон. 29-майда Кыргызстандан Казакстанга барып, андан ары Алматы-Вьетнам каттамы менен учкан. Андан соң 13-июнда Вьетнамдан кайра Алматыга келип, кайра Москвага учуп кеткен.

"Ал 14-июнунда Москва-Цюрих-Дубай каттамы менен учкан, 19-июнунда Дубай-Москва каттамы менен Орусияга кайтып келген, андан соң Москва-Стамбул каттамы менен Түркияга учканы аныкталган. Кутманов 10-июлда Стамбул шаарындагы полиция органдарына өзүнүн уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган, бирок атайын иш-чаралардын жүрүшүндө уурдалганы тууралуу факт тастыкталган эмес", - деп жазылган маалыматта.

Ички иштер министрлиги 13-июнда Улуттук коопсуздук комитети Жаратылыш фондуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Кутманованын уулунун жакын досун кармаганын, Кемелбек Кутманов ал тууралуу Вьетнамда аэропортто жүргөндө билгенин белгилеген.

Экс-министрдин уулуна 27-июнда эл аралык издөө жарыяланганын, түрк миграция кызматы аны 11-июлда кармаганын, азыркы тапта Кыргызстанга депортациялап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Мунун алдында Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Кутманованын уулу ушул тушта шаардагы департациялоо борборунда экени, жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөрүн билдирген.

Ага чейин президент Садыр Жапаров 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кутманованын айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу суроого жооп берип, экс-министрдин уулу Стамбулда уурдалган деген билдирүүнү четке каккан жана Кумтөрдөн желген акчага байланыштуу тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүүлөр аныкталса жазаланарын эскерткен.

"Кутманованын баласын эч ким уурдабаптыр. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам, "спектакль уюштуруп атышыптыр" дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. "Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаны жеп коюптур деп жатышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каякка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо, төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", - деген Жапаров.

  • Динара Кутманова – 1998-жылдардан бери экология тармагында ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2012-жылдары “Кумтөр Голд Компаниге” коюлган 261 млрд. сомдук доону Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын экологу катары эсептеп чыкканы менен белгилүү. Дал ушул учурда Жапаровдун ишенимине киргени айтылып жүрөт. 2021-жылы “Кумтөр Голд Компаниге” каршы сотко арызданган жарандык активисттердин арасында анын уулу Кемелбек Кутманов дагы болгон.
  • Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган. Ал мунун себебин коррупцияга каршы күрөшү “кимдир бирөөгө жакпай калганы” менен түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG