Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50

Кутманова: Коррупцияга каршы күрөш кимдир бирөөгө жакпай жатат


Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан алынган Динара Кутманова коррупцияга каршы күрөшү “кимдир бирөөгө жакпай калды” деп эсептейт. Мындай оюн ал бүгүн 15-мартта “Азаттыкка” учкай билдирди:

“Комментарий берүүдөн карманайын. Коррупцияга каршы күрөш кимдир бирөөгө жакпай жатат, негизгиси. Акыркы кезде мен постторумда жазгам, окуп көрсөңөр. Логикалык жактан ойлоп көрсөк, күрөш кимге жаксын?! Мен керек деп ойлочумун”.

Кутманова кызматынан бошотулганын, анын ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын, эми Тургунбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталарын президенттин администрациясы билдирди.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Бишкектеги жана бир катар шаардагы абанын булганышына байланыштуу Кутманованын дарегине көп сын айтылган. 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда аталган министрликке "төмөн" деген баа берилген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG