Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Президент Жапаров "Кумтөрдөн" алтын эмес, акча уурдалганын айтты


(Оңдон солго) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Теңгиз Бөлтүрүк жана Акылбек Жапаров.
(Оңдон солго) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Теңгиз Бөлтүрүк жана Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кениндеги кызмат көрсөтүүлөрдөн акча уурдалганын айтты. Бул тууралуу Жапаров мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы башчысы Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялаганына байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирген.

Ал "Кумтөрдөгү" көзөмөл системасына байланыштуу бир грамм алтын уурдалбаганын кошумчалаган.

"Кумтөрдү” иштетүү үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Тенгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: “Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште” деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун", - деген президент.

Жапаров камалгандар уурдалган акчаны кайтарганда сот органдары алардын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгаруу маселесин карашы мүмкүн экенин айткан. "Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок" деген ал.

Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 13-марттан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирген. Ал бул тууралуу Бөлтүрүктүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, ачкачылык акциясын жолдошу үй камагына чыгарылбай, ага дарыланууга шарт түзүлбөй жатканына байланыштырган.

Башкы прокуратура аны былтыр 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу камаган. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы көзөмөл органы ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган.

Ал эми ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

10-февралда өкмөт "мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес" деген негизде аталган холдингди жоюу чечимин кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров буга чейин берген маектеринде Тенгиз Бөлтүрүк таза иштеп жатканына ынандырып келгенин айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG