Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Бозгундагы Тихановская мекендештерине тилектештик билдирди


"Коңшулар жүрүшү". Минск шаары. 2020-жылдын 29-ноябры.
"Коңшулар жүрүшү". Минск шаары. 2020-жылдын 29-ноябры.

Беларуста Александр Лукашенкого каршы жекшембиде нааразылык жыйындарга чыккандардын ичинен 300дөн ашуун демонстрант кармалды. Оппозициялык жыйындын катышуучуларына бозгундагы лидер Светлана Тихановская тилектештик билдирди.

29-ноябрда Александр Лукашенкону бийликтен кетирүүнү талап кылган нааразылык жүрүштөрүнө катышкан 130дай демонстрант Минск шаарында жана Боровляны жергесинде коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалганын «Весна» укук коргоочу уюму саал мурдараак маалымдаган. Андан ары Брест, Гродно сыяктуу шаарларда да окуя өнүгүп, жалпысынан өлкө боюнча 300дөн ашуун демонстрант кармалып кеткенин аталган уюм билдирди.

"Коңшулар жүрүшүнө" катышкандардын өкүлдөрү. Гомель шаары, Беларус. 2020-жылдын 29-ноябры.
"Коңшулар жүрүшүнө" катышкандардын өкүлдөрү. Гомель шаары, Беларус. 2020-жылдын 29-ноябры.

Беларус оппозициясы ушуну менен экинчи апта бою «Коңшулар жүрүшү» деп аталган тактиканы колдонууда.

Ага ылайык, нааразылык чаралары бир жерде эмес, шаардын жана өлкөнүн улам башка аймактарында бир учурда уюшулгандыктан, коопсуздук күчтөрүнүн аларды таркатуусу жана кармоосу кыйынга турууда.

Жекшембиде коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана кулак тундурчу гранаталарды колдонгонун «Азаттыктын» Беларус кызматы маалымдады.

Минск шаарында уюкфон аркылуу колдонулчу Интернет иштебей калды. Борбор шаардын айрым метро бекеттери жабылды. Катаал коопсуздук чараларына жана кысымга карабастан, борбордун дээрлик бардык райондорунда жана башка бир катар шаарларда нааразылык жыйындары, жүрүштөр өткөрүлдү.

Кошмо Штаттар менен Евробиримдик быйыл 9-августтагы президенттик шайлоодо Лукашенконун кайра шайлангандыгы тууралуу жыйынтыкты тааныган эмес. Беларус оппозициясы кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатат.

Светлана Тихановская. 2020-жылдын 21-сентябры.
Светлана Тихановская. 2020-жылдын 21-сентябры.

Президенттик шайлоодо оппозициянын талапкери болгон Светлана Тихановская шайлоо өткөн соң бийликтин кысымынан улам бозгунга кеткен жана азыркы тапта Литвада баш калкалоодо.

Тихановская ар аптада Лукашенконун режими нааразылык чаралары азайып калды деп жарыялап жана беларус элин коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугу аркылуу коркутуп-үркүтүүгө далаалат кылып келгенин, бирок иш жүзүндө өлкөдө калайык тынч жол менен жыйылып, режимге каршы ырааттуу айбат кылып жатканын “Твиттердеги” баракчасына жазды жана демонстранттарга тилектештигин билдирди.

Александр Лукашенко (оңдо), Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (солдо) жана Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макеев. Минск. 2020-жылдын 26-ноябры.
Александр Лукашенко (оңдо), Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (солдо) жана Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макеев. Минск. 2020-жылдын 26-ноябры.

Лукашенко болсо өлкө Баш мыйзамы өзгөргөн соң гана кызматтан кетерин билдирген. Ал 17-ноябрдагы өкмөттүк чогулушта күч органдарына борбор шаарды тартипке салууга, нааразылык иш-чараларын токтотууга буйрук берген.

2020-жылдын 9-августундагы “президенттик шайлоо жыйынтыгы одоно бурмаланды” деп эсептеген Беларус калайыгынын көпчүлүк бөлүгү ар кыл нааразылык чараларды дээрлик 113 күндөн бери ырааттуу уюштуруп келет.

XS
SM
MD
LG