Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Лукашенко «ультиматум» койгон элин коркутту


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Лукашенко Минскиде көчөгө чыккандардын ар бирин издеп таап, жоопко тартарын айтып каарданды.

Беларуста 26 жылдан бери бийликте турган Александр Лукашенко шейшембиде Минскиде жогорку кызматтагы аткаминерлер менен жолугушуп, көчөгө жүрүшкө чыккандардын ар бирин издеп таап, жоопко тартарын айтты.

«Минскиде көчөдө самсаалап жүрүшкөнү, өз билгендерин жасап жатышканы жаман. Биз тактиканы өзгөрттүк. Биз ар бирин акырындан аныктап, табабыз. Азыркы технологиялар буга мүмкүнчүлүк берет. Биз муну азыртадан эле жасап жатабыз. Ар бири аракеттеринин кесепетин көрөт. Мен азыр коркуткан жокмун. Биз азыртадан бул тактиканы колдонуп жатабыз, ал жыйынтыгын берип жатат», - деди Лукашенко.

12-октябрда Минскиде пенсионерлер маршка чыкканда Беларустун ички иштер министри Геннадий Казакевич «Минскидеги митингдер радикалдык көрүнүшкө айланганын», күч түзүмдөрү өздөрүн коргош үчүн аскердик курал-жарак колдонорун эскерткен.

Укук коргоочулар менен көз каранды эмес уюмдардын эсебинде 9- августтан бери күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери митингдерден миңдеген адамдарды камакка алып, 1300ү жазага тартылган.

Эл аралык уюмдар менен коңшу өлкөлөр тынч жүрүштөргө чыккан демонстранттарга зомбулук көрсөтүлүп, күч менен таркатылып жатканын айыптап келатышат.

Бир жума мурун Евробиримдик Лукашенкого каршы «шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганы жана митингге чыккандарды күч колдонуп таркатканы үчүн» деген жүйө менен санкция киргизүүгө даяр экенин эскерткен. Ага чейин Европа кеңеши беларустук 40тай аткаминерди санкциялык «кара тизмеге» киргизгенин жарыялаган.

Ал эми оппозиция лидери Светлана Тихановская өлкөнүн укук коргоо кызматкерлерин 25-октябрга чейин оппозицияны колдоп эл тарапка өтүүгө чакырды. Бул күнү Александр Лукашенкого коюлган «элдик ультиматумдун» мөөнөтү аяктайт.

«Эгер силер кылмыштуу буйруктарды аткарууга макул болбосоңор аны аткарбагыла», - деп билдирди Тихановская.

Ал Лукашенконун режими акыры кулай турганын жана жаңы Беларуска укук коргоо кызматкерлери керек болорун кошумчалаган. Тихановская кылмыш кылгандар жоопкерчиликке тартыларын, бирок укук коргоо органдарынын жалпы люстрациясы жүрбөй турганын билдирди.

Буга чейин Светлана Тихановская Александр Лукашенконун 25-октябрга чейин бийликтен кетишин, көчөдө зомбулук токтотулушун жана саясий туткундардын бошотулушун талап кылган.

Анда Лукашенко бул шарттарды аткарбаса, «бүт өлкө элдик ультиматум менен көчөлөргө тынч акцияга чыгат, өнөр жай ишканалары иш ташташат, бардык жолдор тосулат жана бардык мамлекеттик дүкөндөргө бойкот жарыяланат» деп эскертилген.

Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

«Бул ультиматум - Тихановскаянын жеке каалоосу эмес. Бул элдин талабы. «Бул качан токтойт?», «Бизге канчага чейин зомбулук көрсөтө берет?» деп адамдар кайрылып жатат. Мен чечкиндүүлүк менен бул талаптарды гана ачыкка чыгардым», - деген Тихановская «Настоящее время» телеканалындагы маегинде.

Минсктеги «Весна» укук коргоо уюму ушул тапта беларус абактарында 102 саясий туткун бар экенин кабарлап, алардын тизмесин жарыялады.

Тихановская Лукашенко элдин үнүн укпай, төрт күндүн ичине кызматынан кетпесе, жалпы элдик иш таштоонун жыйынтыгында ишинен куулуп, көчө жүрүшүнө чыкканы үчүн айыпка жыгылгандарга каржылык колдоо көрсөтүүгө убада берди.

«Телеграм» каналындагы билдирүүдө акча каражатын беларус ишкерлери түзгөн «BySol» фонду төлөп берери айтылат.

Беларустагы саясий кризис 9-августтагы президенттик шайлоодон соң уланууда. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция аны тааныбай турганын билдирген.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айткан демонстранттар көчөлөргө чыгып, ошондон бери жекшемби сайын Лукашенконун режимине каршы элдик жапырт жүрүштөр уланууда.

Европа Биримдиги жана АКШ Лукашенкону легитимдүү президент деп таануудан баш тартышкан.

Шайлоодо Александр Лукашенконун башкы атаандашы болгон Светлана Тихановская өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан чочулап, шайлоодон кийин Литвага чыгып кеткен. Ал өлкө сыртында бир катар мамлекеттин жетекчилери менен жолугуп, оппозициялык ишмердигин улантууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG