Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Беларуста митингчилерге кайра күч колдонулду


Минск, 27-сентябрь, 2020-жыл.
Минск, 27-сентябрь, 2020-жыл.

Беларус полициясы 27-сентябрда өткөн оппозициянын ири жүрүшүндө жүздөгөн кишини кармады. Оппозициячыл талапкер Светлана Тихановскаянын «элдик инагурациясы» деген аталыш менен баш калаа Минск баштаган бир нече шаарда өткөн жүрүшкө 100 миңден ашык киши катышты.

Беларуста жекшембиде өткөн оппозициянын акциясында полиция ага катышкандарды массалык түрдө кармады. Бул күнү баш калаа Минскиде эле 100 миңден ашык адам, Гродно, Гомел, Могилев сыяктуу шаарларда миңдеген киши нааразылык билдирип чыкты.

Алардын бири, студент Илья жети аптадан бери жекшемби сайын өтүп жаткан акциялардын талабына Лукашенконун кулак салбай жатканын сындады:

«Бизде диалог жүргүзүүгө даяр Координациялык кеңеш бар. Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да Александр Григорьевич менен анын ыйгарым укуктарын тынч өткөрүп берүүнү сүйлөшүүгө даяр. Бирок эмнегедир ал мындан жогору турам деп эсептеп жатат».

Минскиде жүрүшкө чыккандар кызыл-ак желектерди булгалап, Лукашенконун бийлигине «уят», «фашист» деп кыйкырып жатышты. Бул акциялар оппозициянын талапкери, учурда Литвада жүргөн Светлана Тихановскаянын «элдик инаугурациясы» катары уюштурулду. Ушул тапта өлкө сыртында жүргөн оппозиция лидери өз тарапкерлерине кайрылуу таратты:

Cветлана Тихановская.
Cветлана Тихановская.

«Биз эл шайлаган президенттин чыныгы инаугурациясы өтүп, ага баары чакырылышы үчүн болгон аракетти көрөбүз. Ошондуктан, көчөдөбү, заводдобу, университеттеби, ар бириңиздердин үнүңүздөр маанилүү. Мен өлкөнүн ичинде жана четте ар бир адамдын үнү угулушу үчүн колдон келген аракеттин баарын кылууга даярмын»​.

Эки айга чукул эли тынчыбай, шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылып жатса да 23-сентябрда Александр Лукашенко шашылыш ант берүү аземин өткөргөн болчу.

Жекшембиде акцияга адамдар чогула баштаганда эле беткап тагынган милициянын атайын багыттагы кызматкерлери (ОМОН) күч менен кармап, көз жаш агызчу газ, кулак тундурчу гранаталарды колдонду. Милиция айрыкча Гроднодогу митингчилерге катаал мамиле кылды.

«Кулак тундурчу атайын каражаттар сейрек колдонулду. ОМОНдун бир кызматкери атайын каражатты асманга атып эскертти», деп билдирген «Интерфакска» Гомел милициясынын басма сөз кызматы.

Беларустун Ички иштер министрлиги бул акцияларда 200гө жакын адам полицияга жеткирилгенин ырастаса, көз каранды эмес «Весна» укук коргоо уюму жекшембиде кармалгандарды 341 адам деп санады. Кармалгандар боюнча маалыматтар улам жаңыланып жатат.

Беларуста нааразылык акциялары 9-августта президенттик шайлоодон бери утур-утур өтүп келет. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко акыркы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаганы менен анын жыйынтыгын Беларус оппозициясы таануудан баш тарткан.

Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон 37 жаштагы Светлана Тихановская шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ушул тапта Литвада жашап жаткан оппозициячыл саясатчы эл аралык коомчулукту шайлоону тааныбоого чакырып келет.

Буга чейин Европарламенттин жетекчилиги Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын өткөн аптада жарыялады. АКШнын жетекчилиги Лукашенкону оппозициячыл күчтөрдү куугунтуктоону тез арада токтотууну талап кылып, айрым жетекчилерге карата санкция киргизерин эскерткен болчу.

Александр Лукашенко болсо шайлоодогу мыйзамсыздык, адам укуктарын бузуу боюнча дооматтарды четке кагып, сырткы кийлигишүү үчүн Батыш өлкөлөрүн айыптап келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG