Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Бишкек-Минск: «кун кууган» куттуктоо


Беларус президенти Александр Лукашенко менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун жыйынында, Минск, Беларус. 30-ноябрь, 2017-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенко менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун жыйынында, Минск, Беларус. 30-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларус элчисинен жаңы шайланган президент Александр Лукашенконун кыргыз экс-премьер-министри, сыртынан соттолгон Данияр Үсөнов менен жолукканына түшүндүрмө талап кылды.

Мунун алдында эле президент Сооронбай Жээнбеков Лукашенкону жеңиши менен куттуктаган эле. Бул кайчы аракеттерди айрымдар тышкы саясаттагы эки анжы позиция катары бааласа, апрель окуясынын катышуучулары нааразылык билдиришти.

Беларус Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн соттолгон Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсүн өткөрүп берүүдөн баш тартып келе жатат. Расмий Бишкектин Бакиев баштаган бир нече адамды экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн Минск четке каккан. Бакиев өзү Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун эки өлкөнүн мамилесиндеги ушул фактыларга карабастан талаштуу добуш берүү менен утту делген Лукашенкону куттуктоосу карама-каршы пикирлерди жаратты.

Куттуктоодон кийинки нааразылык

11-августта Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун президенттик шайлоодо утуп чыкканы расмий айтылып жаткан Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды.

«Мындай аракеттер Кыргызстан менен Беларустун достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери беларус дипломатына эскертилди. ТИМ Беларус элчисине нота тапшырып, Данияр Үсөновду жана башка эл аралык издөөгө алынып, Беларуста жүргөн башка кыргызстандыктарды кармоого чара көрүүгө беларус тарапты чакырды», деп айтылат сырткы саясат мекемесинин билдирүүсүндө.

9-августтагы шайлоодо 80,23% добуш менен кайра шайланганы жарыяланган президент Александр Лукашенко шайлоонун эртеси эле, 10-августта Беларустун Улуттук биотехникалык корпорациясына барган. Анда Лукашенкону Кыргызстандын качып кеткен мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновго түспөлдөш адам, корпорациянын жетекчиси Даниил Урицкий коштоп жүргөн.

Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by. 10-август, 2020-жыл.
Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by. 10-август, 2020-жыл.

Лукашенконун Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтүн Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялады. Андан кийин расмий видео да жарыяланды.

Мамлекеттик СТВ телеканалындагы сюжетте Даниил Урицкий алардын компаниясы жергиликтүү калктын айыл чарба товарларын кымбат баада сатып алып жатканын билдирсе, ага президент Александр Лукашенко комментарий берип жатканы көрүнөт. Анда Лукашенко «Данияр» деп кайрылып, анын улутуна көңүл бурганын да көрүүгө болот.

«Данияр, бул жерде бир гана «эл» деген саясат болуш керек. Мен сени принципиалдуу жана чынчыл адам катары көрөм. Беларустарды капа кылбайсың, анткени алар эмгекчилдиги боюнча кыргыздарга өтө окшош. Ошондуктан беларустарды капа кылбаш керек экенин билип ал, бул ишенимдүү жана бекем калк. Бардык саясат ушул», - деген анда беларустун кайра шайланган президенти.

Бул эл аралык басылмаларда жана кыргыз медиа каражаттарында чагылдырылгандан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) да реакция кылды.

ТИМ Беларус элчисин чакырып нота тапшырганы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Александр Лукашенкону кайра президент болуп шайланышы менен куттуктагандан кийин бир күндөн соң болуп отурат. 10-августта Жээнбековдун алдында Кытайдын, Орусиянын, Казакстандын башчылары да Лукашенкого куттуктоо жиберишкен.

ТИМдин беларус элчисине берген нааразылык нотасында Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун аты аталып, ошол эле кезде бул өлкөдө баш калка тапкан мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары тууралуу айтылган эмес.

Апрелчилердин даты

Беларустагы саясий окуяларга көз салып тургандардын арасында Кыргызстандагы 2010-жылкы апрель окуясынын катышуучулары да болду жана алар кыргыз-беларус алакасынын соңку өңүтү жөнүндө билдирүү жасашты.

"Апрелчилер" он жыл мурдагы кандуу окуяга жол берген мурдагы президент Курманбек Бакиевди, анын жакындарын жана экс-премьер-министр Данияр Үсөновду коргоп олтурган Беларус президентинин кайра шайланышы менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун айыптап чыгышты.

«Апрель баатырлар биримдиги» коомдук бирикмесинин өкүлү Кыргызбек Жумаканов өз позициясын мындайча чечмеледи:

Апрель окуясынын курмандыктарына арналып коюлган Бишкектеги эстелик.
Апрель окуясынын курмандыктарына арналып коюлган Бишкектеги эстелик.

«Бакиев жазда элге кайрылганда да биз, революциячыл күчтөр билдирүү таратып, «керек болсо биз Беларус менен эл аралык катнашты үзүп койгонго чейин барыш керек» деп чыкканбыз. Алар бизге кандай мамиле кылса, биз ошондой мамиледе болушубуз керек.

87 баланы кырган, миңдей адамды жарадар кылган канкор адамдарды Беларустун башчысы калкалап олтурса, Үсөнов Урицкий деп ат алып, Кыргызстандан уурдаган акчасына Минскиге завод салып жатса, биздин президент Лукашенкону шашылыш куттуктап жүрөт. Жок дегенде шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканча деле күтүп турса болмок. Же аларды алдырып келе албасак, же башка кыла албасак, анан шашкалактап куттуктап турганыбыз уят эле иш. Бул апрель окуясынын мүдөөсүнө каршы келет. Биз аябай нааразы болдук».

Ушундай эле пикирин «Мекен шейиттери» апрелдеги кандуу окуялардын курмандыктары» коомдук бирикмесинин теңтөрайымы Нурия Айдабосунова да билдирип чыкты:

«Беларуста болуп жаткан окуялар - бул абдан жаман көрүнүш. Мындай окуялар биздин башыбыздан да өткөн. Бирок ушундай кырдаалда жеңип келген беларус президентин биздин мамлекет башчыбыз шашылыш куттуктап жиберди. Тиякта эли ызылдап жатса, эмнеге жанталашып куттуктайт? Түшүнө алган жокпуз. Муну менен Жээнбеков апрель окуясынын чыныгы өкүлү эмес экенин, анын кызыкчылыгын көздөбөй турганын көрсөттү».

«Бакиевдерди алып келүүдө реалдуу аракет болгон эмес»

Президент Сооронбай Жээнбеков Лукашенкону жеңиши менен куттуктаганын 11-август күнү Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да сынга алды. Экс-президент «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып мындай деген:

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

«Мен муну биздин революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым. 2010-жылы болгон окуяга чыккынчылык кадам катары баалайт элем. 2010-жылы эмне болгонун ушундай деңгээлге чейин унутушту. 7-апрель сайын «Революцияны жасагандар эмне дээр экен? Булар ким экен?» деп сынап жатышкандарын угуп эле атабыз. «Ушул революциялар бизди артка кетирди» дегендерди да угуп жүрөбүз. Кыргызстандын дүйнөдөгү азыркы орду, башка республикаларга салыштырмалуу такыр башка мамлекет болуп жатканы - биздин жетишкендигибиз. Биз ошол революцияны жасаганыбызга өкүнбөйбүз. Революция туура болгонун дагы бир жолу так, даана айтып коёт элем».

Ошол эле кезде айрымдар Роза Отунбаева өзү президент болуп турган кезде, 2010-жылдын декабрындагы шайлоодо жеңип чыккан Беларус президенти Александр Лукашенкону куттуктаганын эске салышты. Дагы башкалары Курманбек Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетишинде анын өзүнүн ролун эстешти.

Дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков Беларустагы шайлоодон кийинки талашты ал өлкөнүн ички маселеси деп эсептейт. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу өз убагында жана туура жасалды деген оюн билдирди:

"Мамлекет башчысы куттуктоо менен өзүнө ылайыктуу ишин жасады. Бул дүйнөлүк саясаттагы калыптанган маданият. Жагабы же жакпайбы, арабызда кандай бир чоң же кичине талаш барбы, бул башка маселе. Шайлоодо уткандан кийин Лукашенко Беларустун башчысы болуп калды. Демек мындан ары ал киши менен иштешүүгө мажбур болобуз. Биз Беларус менен бир канча уюмда чогуу мүчө болуп тургандан кийин сыйлап, куттуктап коюу дипломатиядагы жана саясаттагы маданият болуп саналат. Бул сөзсүз түрдө жасала турган иш, андан кандайдыр бир жамандык издөө туура эмес. Ал эми албетте ортобузда талаштуу маселелер бар. Аларды башка учурда башка жол менен сүйлөшүп алганга дайыма убакыт жана мүмкүнчүлүк болот".

Беларус Данияр Үсөнов - Урицкий тууралуу үн катпай келе жатат

Эки жыл мурда Беларустун «TUT.BY» басылмасы аталган агрардык корпорацияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектей турганын, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирип чыккан. Былтыр «БелаПАН» маалымат агенттиги агрардык корпорациянын 22,5% ээлик кылган шотландиялык эки компания Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевге таандык экенин жазган. Быйыл июнь айында Беларус президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге «Заславль - 2» резиденциясынын жанынан 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп бергени ачыкка чыккан.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Беларуска качкан Бакиевдердин үй-бүлөсү жана Данияр Үсөнов Беларустун журналисттери таап чыккан жогорудагы маалыматтар боюнча расмий түшүндүрмө берген эмес.

Данияр Үсөнов - Урицкий тууралуу ТИМ мындан үч жыл мурун да Беларус элчисине нота тапшырган. Ал эми Башкы прокуратура 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан.

Кыргызстандын ТИМинин бул жолку нотасы президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоосунан кийин жасалганы коомчулукта ача пикирлерди жаратты. Муну айрымдар элдин көңүлүн жубатуу катары карашса, кээ бирлери кыргыз бийлигинин тышкы саясаттагы эки анжы позициясы катары сүрөттөштү.

«Үмүт - 2020» кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек өз ою менен мындайча бөлүштү:

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«Кечээги куттуктоого таң калган деле жокмун. Анткени Жээнбеков башкаларды бир аз күтүп, бешинчи болуп куттуктады. Биздеги демократиялык коомдун мүчөлөрү буга нааразы болду.

Бирок Беларус - бул биздин стратегиялык өнөктөшүбүз да. Евразия Экономикалык Биримдигинде чогуубуз, куттуктабасак экономикалык алакабыз кандай болот деген суроо бар. Ал эми тышкы саясатта эң башкы орунга улуттун кызыкчылыгы коюлат. Анан экинчиде эмоцияларга орун берилет. Ошон үчүн бир жагынан караганда Жээнбеков туура эле кылды. Анткени Лукашенко болобу, Тихановская болобу, Беларус менен баары бир кандайдыр бир мамилени кармашыбызга туура келет.

Ошентсе да ушул куттуктоодон кийин эле Лукашенко Данияр Үсөнов менен жолугуп, анан ага кайра биздин Тышкы иштер министрлиги нота жөнөткөнү окшобой калды. Алар Жээнбеков куттуктаган күнү жолугушкан да, эмнеге ошол күнү реакция кылышкан жок? Мындай караганда, Орусия мурдагы президент Аскар Акаевди кармап отурат, Беларус мурдагы президент Курманбек Бакиевди кармап отурат. Буга чейинки президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев деле, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда деле аларды экстрадициялоо жөнүндө сөздөр айтылып келди. Бул эл үчүн эле айтылып келген нерсе болду да, анткени аларды алып келүү реалдуу аракет болгон жок. Балким биздин бийлик Акаевдерди, Бакиевдерди, Үсөнөвдорду алып келүүнү эч качан каалаган эместир. Эгер бул үчүн өчөшсөк, биз ошол мамлекеттерди душман катары көрүп мамилени үзүп салыш керек болчу. Бирок биз 2015-жылдан бери бул эки өлкө менен тең бир уюмга кошулуп, өнөктөш катары мамиле кылып жатабыз».

Лукашенконун калкалоосундагы Бакиевдер

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан.

Бакиев жана анын үй-бүлөсү Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын Бакиев баштаган бир нече адамды экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн расмий Минск четке каккан.

Пашинян да сынга кабылды

Ал арада Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да Беларустун президенти Александр Лукашенкону куттуктаганы үчүн өз өлкөсүндө сынга кабылды. Еревандагы укук коргоочу Артур Сакунц армян премьери Беларустагы нааразылык менен коштолгон шайлоонун расмий жыйынтыгын күтпөстөн Лукашенкону куттуктаганы «жарабай» турганын «Фейсбукка» жазды.

Ал демократиялуу өлкөлөрдүн лидерлери, өзгөчө Пашинян сыяктуу элдик толкундоодон кийин бийликке келген жетекчилер авторитардык мамлекет башчыларын куттуктабашы керек экенин белгиледи.

Хелсинки жарандык ассамблеясынын Ванадзордогу кеңсесин жетектеген бул укук коргоочу Беларустагы шайлоо менен Армениядагы 2008-жылдагы талаштуу шайлоонун окшош жактары бар экенин айтты. Ошондой эле 12 жыл мурдагы армян шайлоосунан кийинки нааразалыкты күч менен басканы үчүн учурда мурдагы президент Роберт Кочарян соттолуп жаткан эске салды.

Армения да Кыргызстан сыяктуу эле Беларус, Казакстан жана Орусия ЕАЭБ уюмуна мүчө.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-августтагы шайлоону президент Александр Лукашенко 80,2% көрсөткүч менен жеңгенин жарыялаган. Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% жакын добуш топтогону маалымдалган. Шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныбаган Тихановская Литвага чыгып кеткен. Беларуста Лукашенконун жеңишин тааныбаган миңдеген демонстранттар үчүнчү түн катары менен нааразылык акциясына чыгышты. Европа Биримдиги Беларус милициясынын демонстранттарга күч колдонгонун айыптап, бийликти добуштарды так саноого чакырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG