Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Тихановская Брюсселди чечкиндүүлүккө чакырды


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Еврошаркеттин беларус бийлигине каршы санкциялары кийинки жыйында каралат. 

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Брюсселде Еврошаркеттин дипломаттары менен жолугушууда Беларустун азыркы бийлигин санкцияга алууда эрктүүлүккө чакырды.

«Албетте, биздин күрөштө санкциялар маанилүү. Анткени алар бийликти кысымга алып, мен түзгөн Координациялык кеңеш менен сүйлөшүүлөргө барууга аргасыз кылат», - деген Тихановская бардык башка өлкөлөрдү расмий Минскиге акчалай колдоо көрсөтүүнү токтотууну талап кылды. «Азыр Лукашенко алган бардык каражат Беларус мамлекети, беларус элинин бейкуттугу үчүн эмес, аларга зомбулук көрсөтүүгө, киши өлтүрүүгө колдонулат».

Өткөн жумада Москва Минскиге 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүгө убада берген.

Тихановская жолугушуунун алдында өлкөлөрдү Лукашенконун башкаруусун мыйзамсыз деп таануу менен катар анын Беларустун атынан башка мамлекеттер, анын ичинде Орусия менен кабыл алган келишимдерин жокко чыгарууга үндөгөн.

Светлана Тихановская жыйында.
Светлана Тихановская жыйында.

Анткен менен Еврошаркеттин Беларустагы демонстранттарга каршы зомбулукка жана президенттик шайлоонун бурмаланышына байланыштуу 40тай беларус расмий өкүлдөрүнө санкция салуу боюнча чечим күтүлгөндөй кабыл алынган жок. Бул маселе 24-25-сентябрда өлкө башчылары катышкан саммитте каралат. «Кара тизмеге» президент Александр Лукашенконун өзү да киргизилиши мүмкүн.

«Кийинки жыйында Беларуска каршы санкцияларды кабыл алыш үчүн мен бардык мүмкүнчүлүктү колдонуп, болгон аракетимди жумшайм. Бул жеке милдет болуп калды. Анткени Лукашенкого каршы бирдиктүү позицияда туруп, бирдиктүү санкция кабыл алганыбыз - Евробиримдикке болгон ишенимдин жана биздин бирдиктүү тышкы саясатыбыздын көрсөткүчү» деген тышкы саясат боюнча башкы комиссар Жозеп Боррел Евробиримдик беларустардын таза жана адилетүү шайлоо өткөрүү тууралуу талабын колдоорун баса белгиледи.

«Беларус элинин, өзгөчө кыз-келиндеринин тайманбастыгына баа бергенин» айткан Боррел ошондой эле Минск менен Москванын «Брюсселдин Беларустун ишине кийлигишүүсү» тууралуу дооматтарын четке кагып, Европа Биримдиги демократия менен адам укуктарын гана алга сүрөй турганын белгиледи.

Жозеп Боррел.
Жозеп Боррел.

Беларус оппозициясына колдоосун Германиянын, Австриянын, Литванын, Финляндиянын жана Румыниянын өкүлдөрү ачык билдиришти.

Буга чейин шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана демонстранттарга зомбулук көрсөтүүгө тиешеси бар деген беларус аткаминерлерине санкция салган Литва менен Польша Евробиримдикти беларустарга виза режимин жоюп, өлкөдө түзүмдүк реформа жүргүзүү үчүн каражат бөлүүгө чакырды.

Өткөн аптада Европа парламенти Александр Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган.

Дем алышта Беларустагы элдик толкундоонун алтынчы аптасында Минскиде көчөгө жүз миңден ашуун адам чыкты. Лукашенконун режимине каршылыктын символу болуп калган ак-кызыл желектерди көтөргөн беларустар «Кет, кет!» деп кыйкырып, бир нече чакырымга созулган узун колонна менен борбордук көчөлөрдү аралап өтүштү.

Минскиде бул күнү таң эрте метролор жабылып, Интернет байланышы өчүрүлдү. Демонстранттардын Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган чакырыктарын басыш үчүн аскердик чопкутталган техниканадан музыка ойнотуп, советтик ырларды жаңыртып коюшту. Бети-башын жашырган күч кызматтарынын өкүлдөрү Минскидеги жүрүштө 200дөй адамды камакка алса, Брест, Гродно шаарларында камакка алгандан тышкары демонстранттарга көздөн жаш агызчу газ чачылып, абага ок атылды.

Жергиликтүү укук коргоочулар Беларуста жүрүштөрдүн катышуучуларын жапырт камакка алуу менен саясий куугунтук болуп көрбөгөндөй күч алып, президенттик шайлоодон кийинки жүрүштөрдө кеминде 12 миңдей киши кармалып, жоопко тартылганын белгилешет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG