Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Сузак: "Манас" айтуу иш-чарасында машине жүрүп кетип, 30дан ашык бала жабыркады


Сузак. Сүрөт Интернеттен алынды. 2-май, 2024
Сузак. Сүрөт Интернеттен алынды. 2-май, 2024

Бүгүн, 2-майда болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды "Портер" үлгүсүндөгү машине коюп кетип, 30 бала жабыр тартты. Сегизи жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Үчөөнүн абалы оор экени айтылууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр. Учурда Сузак аймактык ооруканасына 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна 8 бала жаткырылды. Алардын абалы орто экени кабарланды. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

"Бул окуя министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Сузак милициясы бул окуя боюнча маалымат таратып, "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү автоунаа токтотуп койгон жеринен, иш чара өтүп жаткан учурда кокусунан жылып кетип окуучуларды тебелеп кеткенин билдирди.

Милиция алдын ала текшерүү иштерин баштады.

Ушул күндөрү ар кайсыл аймактарда жүздөгөн окуучулардын катышуусунда жапырт "Манас" айтуу иш чаралары уюштурулуп жатат. (КЕ/ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG