Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Минскиде Роман Бондаренко эскерилди


Минск шаарында Роман Бондаренкону эскерүү. 12-ноябрь, 2020-жыл.
Минск шаарында Роман Бондаренкону эскерүү. 12-ноябрь, 2020-жыл.

Минскиде бейшембинин кечинде миңдеген адамдар 31 жаштагы Роман Бондаренкону эскеришти. Айрым кабарларга караганда, ал коопсуздук күчтөрүнөн катуу таяк жеп каза болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, 11-ноябрда беткап тагынган жөнөкөй кийимчен адамдар шаардын короолорунун биринде оппозициянын символу болгон ак-кызыл ленталарды алып салып жатканда Роман барып, эмне болуп жатканына кызыккан. Аны ошол жактан кармап кетишкен. Кийин баш сөөгү сынып, көгала, гематоманын издери менен, мээсине суу толгон абалда ооруканага түшкөн. Жигит ошол жактан комага түшкөн бойдон эсине келбей жатып жан берди.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкевичус Бондаренконун өлүмүнө нес болгонун «Твиттерге» жазып, окуяны «элдин өзгөрүүлөргө умтулуусун көз жаздымда калтырып келаткан режимдин ырайымсыздыгы» деп мүнөздөдү.

Оппозициянын лидери, президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш чыгып, кийин чет өлкөгө кетүүгө мажбур болгон Светлана Тихановская Бондаренкону «Беларустун баатыры» деп атады.

Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

«Бизди өлтүрүүгө даяр адамдарга эч качан баш ийбейбиз. Биз каршылыгыбызды билдирип чыга беребиз. Иш таштоону күчөтөбүз. Режимди каражаттан ажыратууга аракет кылабыз. Жаңы санкцияларды, кылмышкерлердин эл аралык деңгээлде жоопко тартылышын жана жазаланышын талап кыла беребиз», - деди ал.

Ички иштер министрлиги милициянын Бондаренконун өлүмүнө тиешеси жок экенин, ак-кызыл ленталарды илип жана аларды алып салууга каршы болгон адамдар ортосунда мушташ чыкканын, маркум ошондо жабыркаганын билдирди.

Тергөө комитети ал окуянын чоо-жайын теришитирүүгө киришкенин маалымдады. Мекеме Бондаренкону дарыгерлер текшергенде аракка ууланганын аныкташканын кошумчалады.

Бирок «Тез жардамдын» кызматкерлери бул маалыматты тастыкташкан жок. Дарыгерлердин бири TUT.BY порталына маркумдун канынан алкоголь табылбаганын айтты.

Бондаренконун эжеси Ольга Кучеренко ошол эле басылмага кимдир-бирөө ооруканадан инисинин бардык буюмдарын алып кеткенин билдирди. Жакындары ал ким экенин билишпейт. Ольга Романдын мушташа кеткенинен күмөн санаганын «Азаттыктын» беларус кызматына айтып берди.

Маркум кесиби боюнча сүрөтчү болчу, бирок акыркы кезде дүкөндүн директору болуп иштеп келген. Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы күчтөрүндө (спецназ) кызмат өтөгөн. Жакындары ал ушундан улам каршылык акцияларына катышпаганын айтышат.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылган демонстранттар ошондон бери нааразылык акцияларына чыгып келатышат.

Тартип коргоо органдарынын ашкере күч колдонуп демонстранттарды кууп таратканы, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүнүн камалганы эл аралык коомчулукта сынга алынган. Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү, АКШ жана Украина Лукашенкону легитимдүү президент катары тааныган эмес.

Евробиримдик өткөн аптада Александр Лукашенко менен анын уулу Виктор баштаган беларус бийлигиндеги аткаминерлерге санкция салган.

XS
SM
MD
LG