Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:06

Украина Крымда концерт койгон 23 ырчыга кылмыш ишин козгоду


Мурда Керч кысыгы аркылуу жүргүнчү кемелери каттачу. Архив. 2014-жылдын 30-марты.
Мурда Керч кысыгы аркылуу жүргүнчү кемелери каттачу. Архив. 2014-жылдын 30-марты.

Украинанын прокуратурасы Крым көпүрөсүнүн ачылыш аземиндеги концертке катышкан орусиялык 23 ырчыга кылмыш ишин козгоду. Аларга Украинадагы жарым аралдын аймагына мыйзамсыз кирген деген айып тагылууда.

Прокуратура артисттердин аты-жөнүн ачык жарыялаган жок. Бирок украиналык Strana.ua. жана "Крым үнү" сыяктуу басылмалар концертке катышкандардын тизмесин жарыялады.

Ырчы Григорий Лепс. «Крокус Сити Холл», Москванын чет жакасы. 2019-жылдын 8-апрели.
Ырчы Григорий Лепс. «Крокус Сити Холл», Москванын чет жакасы. 2019-жылдын 8-апрели.

Алардын арасында Григорий Лепс, Пелагея, Александр Маршал, Денис Майданов, Ольга Кормухина, Александр Буйнов, Дима Билан, Олег Газманов, Валерия, Жасмин, Дмитрий Харатьян, Алёна Свиридова, "Градусы" тобу жана башкалар бар.

Украинаны айланып өткөн көпүрөнү куруу боюнча планын Орусия Крымды 2014-жылы бир таоаптуу каратып алган соң жарыялаган. Автоунаалар өткөн көпүрө 2018-жылы майда бүткөрүлсө, темир жол үчүн көпүрөнүн курулушу 2019-жылы аяктады.

Евробиримдик Крым көпүрөсүн курууга катышкан бир нече компанияга санкция салган. Алардын арасында орус президенти Владимир Путиндин досу Аркадий Ротенбергге таандык «Стройгазмонтаж» компаниясы да бар. Бул көпүрөнү курууга катышканы үчүн Ротенберг Орусиянын Эмгек баатыры деген наам алган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күчтөп каратып алган. 18-март күнүн орус бийлиги "Крым кошулган күн" катары белгилеп келет.

Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды азыр дагы Украинанын аймагы деп эсептейт. Москва 2014-жылдын апрелинен бери 13 миң кишинин өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жикчи жоочуларды колдоп келет.

XS
SM
MD
LG