Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

"ЭЕ/АРнын" президенти Крымда журналисттин камалышын айыптады


 Владислав Есипенко
 Владислав Есипенко

Орусия аннексиялап алган Крымда Украинанын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айып менен Владислав Есипенко кармалды.

Орусия жана Украинанын жараны Есипенко “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун «Крым.Реалии» долбоорунун штаттан тышкары кабарчысы болгон.

Орусиянын Федералдык кызматы 16-мартта Есипенко Украина үчүн жарым аралда маалымат чогултууга шектелип жатканын билдирди. Атайын кызмат шектүүнүн автоунаасынан “жардыргыч затка окшош” буюм табылганын жана ал күнөөнү моюнуна алганын жарыялаган.

Владислав Есипенкого адвокаты менен көрүшүүгө уруксат берилбей жатканы белгилүү болду.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жемми Флай “Кремл аннексияланган Крымдагы альтернативдүү булактарды коркутуп, куугунтуктап жаткан маалда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенконун кармалышы терең кабатырлануу жаратат. Есипенко тезинен бошотулушу керек”, - деп билдирди.

Ал эми Украинанын Тышкы чалгын кызматы бул кармоо аркылуу Орусиянын атайын кызматы Кремлге “Крымдын оккупациясынын мааракесин белгилөө үчүн ыңгайлуу атмосфераны түзүп берүүгө" аракет кылганын билдирди.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт. Москва 2014-жылдын апрелинен бери 14 миң адамдын өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жоочуларды колдоп келет.

XS
SM
MD
LG