Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Крым татарларынын лидерлери абактан чыкты


Крым татарларынын активисттерин абактан бошотууну талап кылган акция ушул жылдын август айында Киевде өткөн.
Крым татарларынын активисттерин абактан бошотууну талап кылган акция ушул жылдын август айында Киевде өткөн.

Орусия камактагы Крым татарларынын активисттери Ахтем Чийгөз менен Ильми Умеровду абактан бошотуп, Түркияга өткөрүп берди. Бул тууралуу Крым татарларынын Межлисинин төрагасы Мустафа Жемилев 25-октябрда билдирди. Ахтем Чийгөз менен Ильми Умеров сепаратизмге айыпталып, Крымдын орусиячыл бийлиги аларды эркинен ажыраткан.

Крым татар элинин Межлисинин төрага орун басарлары Ахтем Чийгөз менен Ильми Умеров 25-октябрда абактан бошотулуп, Түркияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Межлистин башчысы Мустафа Жемилев билдирди. Маалыматты активисттердин адвокаты Николай Полозов да ырастады.

- Албетте бул үзүрлүү эмгектин натыйжасы. Бир катар саясий, дипломатиялык жана юридикалык сүйлөшүүлөр болду. Бул бир күндө чечилген иш эмес. Соңку айда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин жана украина президенти Петро Порошенко менен өз алдынча жолугушту. Тараптардын сүйлөшүүлөрү кандай жүргөнүн айта албайм. Бирок жыйынтыгын биз көрүп жатабыз. Биринчиден, Ахтем Чийгөз да, Ильми Умеров да орус бийлигине кечирим сурап кайрылышкан эмес. Экинчиден, экөөнөн тең толугу менен кылмыш жоопкерчилиги алынды.

Ахтем Чийгөз жана Ильми Умеров
Ахтем Чийгөз жана Ильми Умеров

"Азаттыктын" Крым.реалии кызматы билдиргиндей, кийинчерээк Чийгөз менен Умеров Киевге барышары мүмкүн. Умеровдун кызы Айше бул тууралуу маалыматы жоктугун айтты.

"Атам Түркиядабыз деп кат жазды. Алардын кийинки пландары тууралуу билбейм",-деди ал.

"Крым.реалиинин" жазышынча активисттерди Түркияга өткөрүү тууралуу макулдашуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин соңку жолугушуусунда келишилген. Түркия Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Крым татарларына колдоо көрсөтүп келген. Ал эми Эрдоган өзү 2015-жылы крым татарларынын лидерлери менен жолуккан.

Ал анда "Биз мыйзамсыз аннексияга күбө болдук. Түркия Крымдын аннексиясын тааныбайт жана келечекте да кабыл албайт",-деп айткан. Эрдоган бул сөздөрүн кийин да бир нече жолу ырастаган.

Петр Порошенко
Петр Порошенко

Киийнчерээк украин президенти Петр Порошенконун басма сөз катчысы Умеров менен Чийгөз Анкарага жеткенин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ал эми Порошенко өзү эки активисттин азат кылынышында ойногон ролу үчүн Эрдоганга рахматын ошол эле Фейсбукка жазган билдирүүсүндө айтты. Алардын кое берилиши Межлистин төрагасы Мустафа Жемилев, түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жана башка адамдар жүргүзгөн эбегейсиз укуктук, дипломатиялык жана саясий иштин жыйынтыгы экенин белгиледи.

Ахтем Чийгөз Крымдын борбор калаасы Симферополдо 2014-жылы жапырт башаламандыктарды уюштурган деген айып менен эки ай мурда сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Ильми Умеров болсо 2017-жылдын сентябрь айында эки жылга кесилген. Ага Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарды жасаган деген айыптар тагылган.

Ильми Умеров өзү 1-июнда "Рейтерс" агенттигинде жарыяланган маегинде Орусия Крымды өзүнө каратып алгандан бери аймакта бир катар уюмдар "экстремисттик" деп таанылганын билдирген.

- Крым Украинага караган 23 жыл ичинде эч кандай террорчул акттар катталган эмес. Бир да адам экстремизмге айыпталбаган. Орустар басып алганы Крымда "театр" пайда болду. Анда экстремисттик уюмдар бар имиш, алардын арасына Крым татарларынын межлиси да кириптир.

Умеров айткандай эле Украинанын жарым аралын басып алгандан кийин орус бийликтери Крым татарларынын Межлисин экстремисттик уюм деп таап, ишине тыюу салган.

Умеров сотто
Умеров сотто

Умеровдун өзүнө каршы кылмыш иш анын жергиликтүү ATR каналына берген маегинен кийин козголгон. Анда Умеровдун Орусиянын Крымды аннексиялап алышына каршы санкцияларды күчөтүш керек деген сөздөрү орус бийликтерине жакпай калган.

Укук коргоочу уюмдар жана Батыш өкмөттөрү активисттердин камалышын айыптап, Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери жүргүзүп келаткан куугунтуктоо кампаниясынын бир бөлүгү деп аташкан.

Орусия Крымды 2014-жылдын март айында аскердик басым астында референдум өткөрүп, аннексиялап алган. Киев жана батыш мамлекеттери референдумду мыйзамсыз деп атап, анын жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.

Москванын Крымды басып алышына жана Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалда орусиячыл козголоңчуларды колдогонуна байланыштуу АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы бир катар санкцияларды киргизген.

Крымдагы куугунтук, АКШ-Кытай алакасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG