Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларын узартты


Германиянын канцлери Ангела Меркел.
Германиянын канцлери Ангела Меркел.

Европа Биримдигинин лидерлери Украинадагы куралдуу чатакка байланыштуу Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартышты.

19-июнда уюшулган видео-конференцияда Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел кесиптештерине маалымат берип, Москва тараптан Украина кризисин жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин шарттарын аткарууда эч кандай кадам жасалбаганын белгилешти.

Москвага каршы бул санкциялар 2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып, Украинада согушуп жаткан жикчилдерге аскердик жардам көргөзө баштаганда киргизилген.

Бул согуштук аракеттер андан бери 13 миңдей кишинин өмүрүн алды. Евробиримдик ошондон бери Москвага каршы экономикалык санкцияларды ар алты ай сайын узартып келет. Азыркы мөөнөтү 31-июлда аяктай турган санкцияларды формалдуу түрдө келаткан апталарда Еврошаркеттин элчилери узартышат.

XS
SM
MD
LG