Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Украинанын АКШдагы жаңы элчиси: Крым үчүн Орусияга кысымды күчөтүү зарыл


Украинанын АКШдагы элчиси Оксана Маркарова.
Украинанын АКШдагы элчиси Оксана Маркарова.

Украина АКШ жана Европа өлкөлөрү Крымдын каратылып алынышына жана Донбасстагы жаңжалга байланыштуу Орусияга кысымын күчөтөт деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Украинанын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оксана Маркарова “Укринформ” агенттигине 27-февралда берген маегинде билдирди.

“Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн кандай колдоо күтөт?” деген суроого жооп берип жатып, Маркарова "максималдуу кысым" жана "санкциялардын күчөшү" деп баса белгиледи:

"Орусия үчүн Украинага каршы баскынчылыктын баасы эч төмөндөбөстөн, аны менен бирге баскынчы өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртмөйүнчө, бул баа ырааттуу көтөрүлүп турушу керек", – деди элчи айым.

Маркарова, ошондой эле, Украинанын НАТОго кошулуусунун жана Батыштын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн жөндөмүн жогорулатуудагы жардамынын өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи.

«Биз президент Байденден АКШнын Украинага, анын ичинде курал-жарак менен, мындан да көбүрөөк жардам берүүгө даяр экендиги жөнүндө укканбыз. Биздин армиябызды чыңдоо жана Кара деңиз аймагындагы коопсуздукту жакшыртуу үчүн АКШ менен эки тараптуу кызматташтыгыбызда көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар деп ойлойм», – деди элчи айым.


Президент Владимир Зеленский 25-февралдагы жарлыгы менен Маркарованы Украинанын АКШдагы элчиси кылып дайындаган.

26-февралда эртең менен Зеленский Орусияга да кайрылган. Анын айтымында, украиндер менен орустардын ортосундагы жек көрүүнү токтотуу үчүн Орусия 2014-жылы каратып алган Крымды Украинага "кайтарып бериши" керек. Зеленский быйыл май айында Крым жаатында саммит өткөрүү ниетин да айтты. (TT)

XS
SM
MD
LG