Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Зеленский Крым маселеси боюнча АКШнын жаңы бийлигине үмүт артат


Аннексияланган Крымдын картасы
Аннексияланган Крымдын картасы

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин администрациясы Донбасстагы жаңжалды жөнгө салууда активдүү роль ойноп, Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралын кайтарууга басымды күчөтөт деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Зеленский "New York Times" гезитиндеги маегинде билдирди. Украин президенти өз өлкөсү эч качан Донбасска өзгөчө макам берүүгө макул болбостугун, жаңжалды тынч жол менен чечүү үчүн НАТОго мүчөлүккө кирүү ниетинен баш тартпастыгын билдирген. Ошондой эле Зеленский Украина өз келечегин Европа Биримдиги менен көрөрүн кошумчалаган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт. Бул үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияга карата санкцияларды киргизген.

Москва 2014-жылдын апрелинен бери 13 миңден ашык адамдын өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жоочуларды колдоп келатат.

АКШдагы 3-ноябрдагы шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден жеңген. Ал кийинки жылдын 20-январында ант берип, кызматка киришет.

XS
SM
MD
LG