Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Собчак: Крым Украинанын аймагы


Орусиялык журналист Ксения Собчак биринчи расмий маалымат жыйынын өткөрүп, саясий туткундарды бошотуу талабын койду. Ошондой эле Крымды Украинанын аймагы деп эсептей турганын айтты.

200гө чукул журналист катышкан маалымат жыйындын башында эле Ксения Собчак бийликтен саясий туткундарды бошотууну талап кылды.

- Бул маалымат жыйынын саясий туткундарды азат кылуу, күнөөсүз, өз көз караштары үчүн соттолгон адамдарды мыйзамсыз куугунтуктоону токтотуу талабы менен баштап жатам. Соттолгондорго колдонгон күч аларга тагылган айыптардын оордугунан эселеп ашат, тергөөчүлөр, прокуратура аларга каршы атайлап иштерди ачып, сот жообуна тартып жатат деп ойлойм.

Мисал катары Собчак режиссер Кирилл Серебренников, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег Навальный, РБК каналынын журналисти Александр Соколовду келтирди.

Собчак ошондой эле "Ачык Орусия" кыймылынын негиздөөчүсү Михаил Ходорковскийге ыраазычылыгын билдирди. Алдыңкы күнү ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчиси Орусиянын демократиялык күчтөрүн добуш топтоого кудуреттүү талапкерлердин расмий катталашы үчүн аракет көрүүгө чакырган.

Алдыдагы өнөктүктү шайлоо деп эсептебесин айткан Ходорковский ошол эле маалда аны бойкоттобой, жок дегенде бардыгына каршы добуш берүү керектигин белгилеген.

Былтыр сентябрда экс-бизнесмен "Путиндин ордуна" деген долбоор баштаган. Интернетте добуш берүү аркылуу президенттикке талапкерди аныктоону сунуш кылганда, Кремлдин оппоненти Алексей Навальный жеңген. Бирок бийликтер мыйзам боюнча ал соттолгонуна байланыштуу 2028-жылга чейин жогорку кызмат үчүн ат салыша албайт деп билдиришүүдө. Навальный өзү болсо Конституция ага жарышка катышуу укугун берет деп эсептейт.

Собчак өз командасы менен тааныштырып, штабын Игорь Малашенко жетектей турганын жарыялады. НТВ каналын түзгөндөрдүн бири Малашенко 1996-жылы Борис Ельциндин шайлоо кампаниясын жүргүзгөн.

Собчак ошондой эле эл аралык мыйзамдарга ылайык Крым Украинанын аймагы экенин айтып, 2014-жылы кошуна өлкөнүн жарым аралын аннексиялап, Орусия Будапешт меморандумун бузду деди.

- Биз өз сөзүбүзгө турган жокпуз, 1994-жылкы Будапешт меморандумун буздук. Берген убаданы аткарган жокпуз.

АКШ, Британия жана Орусия кол койгон ал документ боюнча Украина ядролук куралынан баш тартса, өлкө аймагынын бүтүндүгү сакталат деген кепилдик берилген.

Кампаниясынын жүрүшүндө Крымдын статусу боюнча диалогго даярдыгын белгилеген журналист муну менен бирге аймакта жашаган орустардын көбү Орусия менен биригүүнү колдошконун кошумчалады.

Шайлоого катышуу ниетин Собчак 18-октябрда билдирип, өзүн “бардыгына каршы талапкер” деп атаган. Ошол эле маалда журналист Навальныйга шайлоого чейин ат салышууга уруксат берилсе, өзүнүн талапкерлигин алып салууну убада кылган.

Ал эми оппозициячыл саясатчы Навальный Собчакты “карикатуралык либералдык талапкер” деп атап, бирок кийин “шайлоого катышууга бардыгынын укугу болууга тийиш” деген.

Буга чейин маалымат каражаттарында теле алып баруучу президенттикке Владимир Путиндин администрациясынын макулдугу менен баратканын жазышкан. Бирок бул маалыматты Кремль да, Собчак да четке кагышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG