Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Президент Жапаровдун абактагы Бекназаровго, депутат Атазовго берген жообу


Азимбек Бекназаров, Шайлообек Атазов, Садыр Жапаров
Азимбек Бекназаров, Шайлообек Атазов, Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттиги менен болгон соңку маегинде коомчулуктун талкуусуна айланган саясий маселелер боюнча пикирин билдирди. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын кайрылуусуна жооп берип, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун парламенттеги сөзүнө да токтолду.

Президент Жапаров кримтөбөл Камчы Көлбаев жана бажыдагы коррупция боюнча соттолгон, учурда эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен жолукканын да айтты.

Саясат талдоочулар кылмышкерлердин "кара тизмесинде" турган Көлбаевди жана жемкорлукка айыпталып соттолгон Матраимовду мамлекет башчынын кабыл алышы бир катар суроолорду, күмөн саноолорду жаратарын белгилешет.

Бекназаровго берген жообу

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров 13-марттагы соттук отурумда президент Жапаровго кайрылып, элдешүү боюнча сунуш бергенин айткан.

“Мен сизге өткөн жылкы ыйык Рамазан айында саясий ишти саясий жол менен сүйлөшүп бүтүрөлү деп кат жазгам, бүгүн да сүйлөшүү жолу менен бүтүрөлү деп кат жолдодум эле. Бирок сиз ага барбайт окшойсуз. Мыйзамсыз отурган журналисттер, бул жерде жыйынга катышпаган беш адам да камакта. Жок дегенде ушуларга ырайым кылып коюңуз”.

Президент Жапаров абактагы оппозиционердин сунушун укканын, бирок алардын тагдырын сот менен прокурор чечерин билдирген.

“Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон барып өзү кирип кетти”, - деген президент саясатчыны Кемпир-Абад маселесин шылтоолоп “элди адаштырган” деп сындады.

Ал эми Кыргызстан Өзбекстан менен чек арасын тактоо маалында Кемпир-Абад суу сактагычын коңшуларга берип койбогонун, тескерисинче анын 50% ээлеп, тең ата башкарууга өткөнүн артыкчылык катары сыпаттаган.

Жапаров маегинде 9-мартта Аксы, Нарын жана Талас облустарындагы айылдарда өткөн акциялар тууралуу да пикирин айткан:

“Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам, корксом болот эле. Тескерисинче, командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик 3 эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, пособияларды жаап калган акыбалга келип калбадык беле”.

Ал ошондой эле Матраимов "митингдерди каржылап жатат" деген сөздөргө ишенбей турганын, андай маалымат жоктугун кошумчалаган.

9-мартта Аксы районундагы Кара-Суу, Таластагы Көк-Токой айылдарында, Нарындагы Дөбөлү айыл аймагында Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандарды бошотуу, соттук отурумдарды ачык өткөрүү талабы коюлган акциялар өткөн. Ага чыккан тургундар плакаттарды кармап, президент Жапаровго жана атайын кызматтын төрагасы Ташиевге кайрылуу жолдошкон.

Көлбаев менен Матраимовду кабыл алуу

Мамлекет башчы маегинде атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев “мафия” деп атаган кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, азыр издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду буга чейин кабыл алганын ачык айтты. Аларга “мындан ары мыйзамга баш ийип, эски заманды унутуп, элди, ишкерлерди тоноону токтотуу” талабын койгонун, бул жолугушууга Камчыбек Ташиев да катышканын кошумчалаган:

“Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып, "эки миллиард төлөдүң, Элдорадодогу соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо" деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайын кызмат анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыкты. Мурда өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес”.

Кримтөбөл Көлбаев былтыр октябрда УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин атайын кызмат өлкөдө криминал менен күрөш башталганын жарыялап, аны менен байланышта болгон, кылмыштуу топтун өкүлү деп шек саналган кырктан ашуун адам кармалганын, 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын кабарлаган. УКМК Көлбаевге тиешеси бар мүлк аныкталып, мамлекетке өткөрүлүп жатканын маал-маалы менен билдирип келет.

Буга удаа эле Матраимовго январда Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлуп, издөө жарыяланган. Ошондой эле Матраимовго таандык делген 34 млн 810 миң 500 сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекетке өттү.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек президенттин укук коргоо органдарынын "кара тизмесинде" турган Көлбаев менен жемкорлукка айыпталып соттолгон Матраимовду кабыл алышы бир катар суроолорду, күмөн саноолорду жаратарын белгилейт:

“Кечээ 13-мартта депутат Атазов айтпадыбы “президент менен жолуга албай жүрөм” деп. Анан мага түшүнүксүз да - президент кайсы принцип менен адамдар менен жолугат же жолукпайт. Эл өкүлү менен жолукпайт экен, ошол эле маалда кылмышкер, кримтөбөлдөрдү кабыл алат экен. Мына акыркы убакта “байланышы бар” деп Жогорку Кеңештен депутаттарды кетирип жатабыз, “байланышы бар” деп айрым ишкерлерди камап жатабыз. Ошол эле маалда саясатчыларды, журналисттерди камашат да, кылмышкерлерди президент кабыл алып, аларга жылуу-жумшак, аяр мамиле жасап, эскертүү берип отурат. Анан андай жолугушууларда эмне маселени талкуулашкан, мамлекеттик кандай иштерди бүтүрүшкөн дегендей суроолор жарала берет, күмөн саноолор туула берет”.

Президенттин талаштуу таржымалы бар жарандар менен жолугушканы тууралуу бир канча убакыт өткөндөн кийин өзүнүн ачык айтып жатышы да талкууга айланды. Саясат талдоочу Эмилбек Жороев буга мындай пикирин билдирди:

“Мен да бир чети таңгалдым өз оозу менен ачык айтканына, экинчи четинен, эгер президент өзү антип айтпаса же “жолуккан эмесмин” десе, анда калпычы болуп калышы ыктымал болчу да. Башкача айтканда, ынтымакка чакырып “жакшы бала болгула” дегендей айтканы, албетте, президентке эч кандай жүйөлүү негиз бербегенсийт. Албетте, бул окуя суроо бойдон калууда. Себеби буга чейин ушактардын негизинде “Көлбаев октябрь окуяларында, Матраимов президенттик шайлоодо колдогон” деген кептер айтылып келген. Бирок эч кандай бекемделген же факт менен далил буга чейин жок болчу. Президент антип алар менен жолукканын айтып жатканы кайрадан ошондой сөздөргө жем таштады”.

Матраимовго жакын делген депутаттардын мандаттан ажырашы

Жогорку Кеңеште Матраимов менен мамилеси болгону айтылган төрт депутат: Искендер Матраимов, Абдувахаб Боронбаев, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмонов мандатын тапшырды.

13-мартта депутат Шайлообек Атазов аны Матраимовго байланыштырып, мандатынан ажыратып жатканын айтып, “Матраимов менен байланышпаган Кыргызстанда саясатчы барбы” деп суроо салды. Андай “киттердин бири” деп башкы прокурор Курманкул Зулушевдин атын атады:

“Мына, башкы прокурор Зулушев, сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө "Райым досум келгиче жебей тургула" дебедиңиз беле. Сиз, Зулушев, үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, ал киши чоң кылмышкер болсо көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда кармап албайт белеңиз.”

Баш прокурор азырынча Атазовдун мындай сөзүнө комментарий бере элек.

Жапаров “Кабарга” берген маегинде Атазовдин билдирүүсүнө да токтолуп, "президент бир жылдан бери кабыл албайт" деп айтканына жооп кайтарды.

“Мен депутаттарды эле эмес, элдин баарын кабыл алып жүрөм. Баарына сылык мамиле жасайм. Эскертем. Анан эле менин эскертүүмө көңүл бурушпаса, өздөрүнөн көрүшсүн”, - деди Жапаров.

Депутат Атазов Түркияда дарыланып жүргөндө Бишкектин Свердлов райондук соту аны депутаттык мандаттан ажыраткан чечим чыгарып койгонун да парламент трибунасынан айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG