Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

Матраимовдун Оштогу мүлкү камакка алынды


Райымбек Матраимовдун мүлкү. Ош.
Райымбек Матраимовдун мүлкү. Ош.

Ош шаарында кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үйүнүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мөөр басып кетти.

Ал арада Кара-Суу районунда Матраимовго тиешелүү 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганы белгилүү болду. Атайын кызматтын чечими менен Кадастр кызматы кыймылсыз мүлктөрдү сатууга жана бирөөгө өткөрүүгө чек койгон.

Оштун Кара-Суу районунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго тиешелүү 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганын райондук каттоо кызматы билдирди.

Камакка алынган мүлктүн арасында “Исмаил ата” атындагы мечит, “Исмаил ата” чайканасы да бар.

“Исмаил ата” мечити.
“Исмаил ата” мечити.


“Бизге атайын кызматтын 2024-жылы 19-январда чыккан каты келип түшкөн. Кара-Суу районунун аймагындагы биздин филиалга тиешелүү 26 мүлк бирдиги камакка алынды. Анын ичинде үйлөрү, үлүшкө тийген жерлери бар. Ошону менен кошо “Исмаил ата” мечити, “Исмаил ата” чайканасы дагы бар”, - деп билдирди райондук каттоо кызматы.

Өткөн жумада атайын кызмат Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген.

Мамлекетке кайтарылды делген мүлктөр кайсыл мекеменин карамагына өтүп жатканы боюнча так маалымат айтыла элек.

Буга чейин мамлекетке өткөнү жарыяланган мүлктүн арасында Кара-Суу районундагы Бажы терминалы да бар болчу. Ал арада "БИМИ Ош сервис" бажы тариздөө жайына жаңы жетекчи келгени маалым болду. Матраимовдорго тиешелүү бул бажы терминалы эң кирешелүү ишканалардын бири катары сыпатталып келген. Азыр "БИМИ Ош сервис" бажы тариздөө терминалын Уланбек Исаков башкарууда.

"БИМИ Ош сервис".
"БИМИ Ош сервис".


“Мени Оштогу жетекчим бекитти. Келгениме эки эле күн болду. Мындан ары бул жерде шартты жакшыртуу боюнча аянттарды тактоо иши жүрүп жатат. Азыркы учурда 4 гектарга жакын жер өттү”, - деди Уланбек Исаков.

Расмий маалыматта бажы тариздөө жайынын аянты 3,87 гектар, баасы 4 млн доллар экени көрсөтүлгөн.

Ал арада Ош шаарындагы Супаналиев көчөсүндө Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү үйдүн дарбазасында атайын кызматтын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр басылып турганы белгилүү болду.

Оштогу JAMBY бизнес борбору
Оштогу JAMBY бизнес борбору

Матраимовго тиешелүү экени айтылган Оштогу JAMBY бизнес борбору да жакында эле жабылып, кайра иштей баштаганын ошол жерде эмгектенген бир канча адам ырастады. Бирок ал кандай себептер менен жабылып, кайра ачылганы тууралуу расмий маалымат чыккан эмес.

Январда Ош мэриясы Матраимовдун үйүнүн тосмолору мыйзамдуу аянтынан 9 метр чыгып кеткенин айтып, дубалдарын бузган.

Матраимовдун Оштогу үйү.
Матраимовдун Оштогу үйү.

Атайын кызмат Матраимовдун Ош шаарындагы “Ихлас” жана “Имарат Стиль” курулуш компанияларындагы кыймылсыз мүлктөрүн чыгарып, башка дагы мүлктөрү туралуу териштирүү жүрүп жатканын билдирген.

Матраимовдордун жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” иниси, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешелүү делип камакка коюлган мүлк тууралуу комментарий берди:

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

“Оштогу үй апамдан мураска калган. Азыр бардык мүлктү Райымбекке байлап атат. Менин өзүмдүн да тиричилигим бар. Мен алган насыяларымды, төлөгөн акчамды да тактап койгом”, - деди Искендер Матраимов.

Юрист Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, Матраимовдорго тиешелүү мүлктөрдү мамлекетке кайтарууда атайын органдар мыйзам чегинде гана иш алып барууга тийиш.

“Бул бийлик түбөлүктүү эмес. Ошондуктан кийин ал кайрадан соттошуп, мүлкүн кайтарып албагандай болушу керек. Мындан эки жыл мурда Матраимов “коррупция” беренеси менен күнөөсүн моюнуна алган. Ошондо эле мал-мүлкүнүн баарын өткөрүп алыш керек болчу“, - деди Келдибаев.

Ушул жылдын январь айында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базарынын соодагерлери менен жолукканда Матраимовдун Бишкек менен Оштогу 80 млн долларлык мүлкү конфискация болгонун айткан.

"Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды. Ош облусунун тегерегиндеги, Кыргызстандагы бардык мал-мүлкүн мамлекетке алабыз. Бир сотых жерин калтырбайбыз. Ал мурдагыдай “Райым миллион” болбойт эми. Мурдагыдай клан деген болбойт. Ошол кланды жок кылабыз деп Ош облусунда эле мамлекеттин органдардан 50гө жакын кишини кызматтан алдык”, - деген Ташиев.

Матраимовго таандык чайкана. Ош.
Матраимовго таандык чайкана. Ош.

Бул билдирүүгө удаа эле Матраимовдорго санаалаш бир катар адамдар кызмааттан алынып, Жогорку Кеңештеги Матраимовго жакын депутаттар мандатын тапшырууда.

Алсак, өткөн айларда президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов Матраимовдордун бири менен жеке карым-катышы болгон үчүн өз арызы менен иштен кеткени айтылган. Андан тышкары Кара-Суу районунда ондон ашуун мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кеткени белгилүү болгон.

14-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдывахаб Боронбаевди өз арызынын негизинде мандаттан ажыратты.

Жогорку Кеңеште эки жылдай отурган Абдывахаб Боронбаев парламенттеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү болчу. Ал саясий чөйрөдө 2021-жылдагы сот иштери, Райымбек Матраимов менен болгон байланышы үчүн мандатын тапшырууга мажбур болгону айтылууда.

Матраимовго жакын депутаттар мандатын тапшырышы керекпи?

Ал арада бийликтин саясатын жактаган телеканалдар Райымбек Матраимовго байланышы бар Жогорку Кеңеште отурган бир катар депутаттар мандатын тапшырышы керектигин айтып, Шайлообек Атазовду, Айбек Осмоновду, Надира Нарматованы аташты.

Райымбек Матраимовдун агасы, депутат Искендер Матраимов мандаты боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, ал Кара-Суудан бир мандаттуу округдан шайланып келгенин белгиледи.

“Кечээ сүйлөгөндөрдү көрдүм. Бири мени “Райымбектин агасы” дейт, бири “иниси” дейт. Мыйзам боюнча 18ге чыккандан кийин ата-энеси баласына да жооп бербейт. Агасы инисине да жооп бербейт. Ал (Райымбек Матраимов) өзүнүн ишине өзү жооп берет. Мен өзүмө жооп берем”.

Region TV телеканалы "мандатын тапшырышы керек" деген башка депутаттар бул тууралуу азырынча үн ката элек.

Бирок Шайлообек Атазов акыркы жумаларда парламенттен "Кемпир-Абад иши" боюнча абакта жаткандардын укугу бузулганын айтып, айрым маселелер боюнча сын пикирин билдире баштады.

Буга чейин "Райым миллион" деген ат менен белгилүү Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мамлекеттин менчигине өткөн 3 млрд 98 млн. сомдук кыймылсыз мүлкүнүн арасында Бишкекте жайгашкан Erem спорт клубу да кошулган. Аны депутат Шайлообек Атазов башкарары көптөн бери айтылып келет. Атайын кызмат бул бизнести 1 млн долларга баалаган.

Райымбек Матраимов өзү акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Анын азыр кайда экени да белгисиз. Январь айында улуттук “Кабар” агенттиги ал Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) менен издөөгө алынганын жазган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда Райымбек Матраимовду жана былтыр октябрда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө жемкорлукту ашкерелеген бир катар фактылар айтылган. Анда Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган.

Журналисттик иликтөөлөрдөн кийин жарандык коом өкүлдөрү бир канча жолу коррупцияга каршы #REакция деген жүрүштөрдү өткөрүп, жемкорлорду жазалоону талап кылышкан. Бирок анда эч кандай чара көрүлгөн эмес.

2021-жылы гана УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берип, абактан чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG