Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:39

"Салимбай байбачанын" кыргыз саясатындагы байланыштары


Салим Абдувалиев, Камчы Көлбаев, Шаршенбек Абдыкеримов, Жалил Атамбаев. Коллаж.
Салим Абдувалиев, Камчы Көлбаев, Шаршенбек Абдыкеримов, Жалил Атамбаев. Коллаж.

Кримчөйрөгө тиешеси бар делген "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиев Ташкентте кармалып, тергөө жүрүп жатканы кабарланды. Буга чейин "Салимбай байбачанын” кыргыз саясатындагы байланыштары да талкуу жараткан учурлар болгон.

"Салимбай байбачанын” таасири жана Кыргызстандагы байланышы

Борбор Азия эле эмес, КМШда “Салимбай” жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал өзбек олигархы Салим Абдувалиев кармалганын Ташкенттин полициясы 5-декабрда расмий маалымдады.

Буга чейин медиа каражаттары ал 1-декабрда кармалып, Ташкенттин ички иштер башкармалыгына жеткирилгенин жазган. Kun.uz сайты өз булагына таянып, өзбек укук коргоо органдары Абдувалиевге карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлаган.

Алгач "Салимбай байбачанын” таасирине учкай токтолуп, анан Кыргызстандагы байланышын айтып берели.

Салим Абдувалиев.
Салим Абдувалиев.

Салим Абдувалиев - 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылылат.

Ал эмес Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен байланышын жазган.

"Салимбай байбача” тууралуу Кыргызстандын саясий айдыңында 2015-жылы кызуу талкуу болгон. Ошол жылы парламенттик шайлоо алдында “Майдан” гезити Салим Абдувалиевдин ишенимдүү адамы “Кыргызстан” партиясынын пайдасына өзбек тектүү электоратка таасир этүү үчүн өлкөгө келгенин жазып чыккан. Партия бул маалыматты “негизсиз каралоо” деп сыпаттаган.

Кийинчерээк интернетте "Салимбай байбачанын" ишенимдүү өкүлү Шомурад Шофайзиев менен партия жетекчилеринин жолугушуусу делген видео тарайт. Ошентип, "Кыргызстандын" ошол кездеги лидерлеринин бири Канатбек Исаев партиянын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов менен Абдувалиев экөө спорт аркылуу тааныш экенин ырастаган. Бирок башка кептерди четке каккан.

Өзбек ишкеринин аты Кыргызстанда 2016-жылы дагы аталат. Анда Коомдук биринчи канал Эрнест Карыбеков баштаган оппозиция өкүлдөрү "Салимбай Абдувалиевдин ишенимдүү адамдары аркылуу өзбек бийлиги менен кызматташкан" дегендей мааниде видео жарыялаган. Ошол кездеги оппозиция бул маалыматты четке каккан.

"Салимбай байбача” кимдин тиреги болгон?

2018-жылы Салим Абдувалиев менен кыргызстандык экс-депутат Нургазы Айдаров жана мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев түшкөн делген видео тараган. Ал видеодон кучакташкан үчөөнүн "Абдувалиев тирегибиз, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт" деген сөздөрүн угууга болот.

“Салимбай Кыргызбаевич биз менен. Биз буга сыймыктанабыз! Салимбай ака биздин тирегибиз. Салимбай ака биздин президентибиз Сооронбай Жээнбековду колдойт!”, - деп айтылат видеодо.

Буга ошол кездеги президенттик аппарат дагы реакция кылып, Сооронбай Жээнбековдун Абдувалиев менен эч кандай байланышы жок деген маалымат тараткан.

Видео менен удаалаш эле "Салимбай байбачанын" андагы Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Дамирбек Асылбек уулу, Салайдин Айдаров жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов менен чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланган. Депутаттар муну спортко байланыштуу иш-чарада тартылган деп түшүндүргөн.

Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн адамдар. Сүрөт Балбак Түлөбаевдин "Facebook" баракчасынан алынды.
Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн адамдар. Сүрөт Балбак Түлөбаевдин "Facebook" баракчасынан алынды.

Көп өтпөй Дамирбек Асылбек уулу “трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренеси менен Казакстанда кармалган. Эки жыл абакта отургандан кийин бошотулуп, учурда Күрөш федерациясынын вице-президенти.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев өзбекстандык талаштуу ишкердин Кыргызстандагы байланыштары тууралуу айтып берди.

“Анын Кыргызстанда бизнес өнөктөштөрү болгон. Андан сырткары Араван, Кызыл-Кыядагы цемент заводунун жана Өзбекстанга өткөн башка товарлар дагы Салимбайдын фирмасы аркылуу кетип турган. Ал Кыргызстанда эле эмес Борбор Азиядагы таасирдүү криминалдын анабашы. Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстанда эле эмес КМШдагы криминалдын анабашылары менен өнөктөш болгон. Алар менен ар кандай иштерди чогуу кылып келген”, - деди серепчи.

Көлбаев жана “Салимбай байбача”

4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев менен өзбек олигархы Салим Абдувалиевдин фото-видеолору интернетте жүрөт. Ал сүрөттөрдөн Кыргызстанда издөө жарыяланган Көлбаевдин "өкүл атасы" Азим Ройду (Мурда Орозахун Сайдазимов болгон) дагы көрүүгө болот. Коопсуздук комитети Азим Рой Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап, кылмыштуу кирешени легалдаштыруу менен алектенгенин белгилеген.

Борбор Азия криминалдан арылгысы келеби?

49 жаштагы Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кыргыз бийлиги өлкөдө криминалга каршы аёосуз күрөш башталганын жарыялаган. Көлбаев менен байланышта делген уюшкан кылмыштуу топтун ондогон мүчөсү кармалып, ондогон мамлекеттик кызматкер иштен айдалууда. Көлбаевге тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынды.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө “каралар” жок кылынарын байма-бай кайталап жатат.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Уюшкан кылмыштуу топтор топ болуп чырмалышып, мамлекеттик органдарды, ишкерлерди, жөнөкөй адамдардын баарын байлап алышкан. Мына ушул торду, чырмалган, эч ким үзө албаган, даап бара албаган торду биз үзүп, талкаладык. Мындан ары бир уюшкан кылмыштуу топ "Жалал-Абадды карайм" деп, же болбосо коркутуп териштирүү кылгандар, ишкерлерден акча топтогондор болсо шыйрагын сындырабыз. Ушундайлар болсо маалымат бергиле, шыйрагын сындырабыз андайлардын", - деди башкы чекист Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушканда.

Казакстандагы атайын операция

Октябрдын башында коңшу Казакстанда дагы бир катар медиа каражаттары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жапырт кармоо башталганын жазышты.

Жамбыл, Түркстан жана Жети-Суу облусундагы күч органдарынын атайын операциясында 70тен ашык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Бир айдан кийин бул боюнча президенттин расмий медиа ресурсу саналган Телерадиокомплекс каналы “Ликвидация” деп аталган атайын тасма жарыялады.

Анда коопсуздук комитетинин өкүлү Аркен Абдугали чек арага чектеш аймактарда уюшкан кылмыштуу топтор тамыр жайганын айтууда.

“Мыйзамсыз каржы булагын табууга ыңгайлуу, чек ара менен чектеш аймактар дайыма уюшкан кылмыштуу топтор байырлаган жер болуп келген”.

Ал эми жергиликтүү “Жибек жолу” телеканалы муну Казакстандагы акыркы жылдардагы криминалга каршы ири операция деп атап, уюшкан кылмыштуу топтор өлкөдө эле эмес, Кыргызстан, Өзбекстан, Кытайдын ишкерлерин коркутуп, тоноп келгенин кабарлады.

Өзбекстанда кримтөбөл, "мыйзамдагы ууру" кармалды

Өзбекстандын полициясы өлкө аймагында криминалдык кырдаалды жакшыртуу боюнча 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Маалыматка ылайык, учурда Фергана облусунда ар кандай кылмыштуу топтордун жыйырмадан ашык мүчөсү кармалган.

Мындан сырткары кримчөйрөдө "Кара Гафур" атыккан дагы бир ишкер Гафур Рахимовго издөө жарыяланса, "Саидазиз медгородок" атыккан кримтөбөл Саидазиз Сайдалиев, "Бахти Ташкентский" деген каймана аты менен белгилүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев кармалды. Милиция 5-декабрда Кыргызстанга качып бараткан жеринен Достон Халилов колго түшкөнүн билдирди. Ал "Бахти Ташкентский" менен байланышта болгон.

Гафур Рахимов
Гафур Рахимов

Гафур Рахимовду - АКШнын Финансы министрлиги санкциялык тизмесине 2012-жылдын 23-февралында киргизип, "Евразиядагы кылмыштуу синдикаттын" лидерлеринин бири катары таанылган. Документте Рахимов Борбор Азиядагы баңгизат соодасына аралашкан өзбекстандык криминалдык лидер катары сыпатталат. Кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев дагы баңгизатка байланыштуу АКШнын “кара тизмесинде” болгон.

Эксперт Төлөгөн Келдибаев Борбор Азиядагы криминалдарды маңзат соодасы байланыштырып турарын эске салды:

“Дүйнөлүк коомчулукта дагы айтып жатпайбы Ооганстандан апийим Борбор Азия аркылуу өтөт деп. Бизде Алай, Баткен аркылуу кетет. Ошондуктан маңзат соодасы кримтөбөлдөрдү байланыштырып турат. “Баха Ташкенский” деген криминалдын анабашылары товардын өтүшүнө кепилдик беришкен. Булар ошол боюнча эле кызматташып турушкан”, - деген көз карашта ал.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Борбор Азия, КМШ мамлекеттеринин коопсуздук боюнча жыйындарында трансулуттук кылмыштуу топтор менен күрөшүү маселеси дайыма караларын белгиледи.

“Трансулуттук топтор менен биргелешип күрөшүү деген сөздөр дайыма болот. Коопсуздукка коркунуч келтирген кырдаал талданып, чакырыктар жөнүндө сүйлөшөбүз. Анын ичинде трансулуттук кылмыштуу топтор менен биргелешип күрөшүү дагы бар”, - деди Иманкулов.

Ал арада Кыргызстанда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” жана “Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга чыгарды.

Документте уюшкан кылмыштуулук коомдук, экономикалык жана саясий турмушту дестабилдештирүүчү, социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууга тоскоолдук кылган негизги факторлордун бири экени жазылган.

Министрлик Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун 400дөн ашуун активдүү мүчөсү бар экенин, өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун масштабы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын билдирди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG