Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Кемпир-Абад иши: Адвокатсыз окулган айып, чет өлкөгө чыга албаган Асанов


Бектур Асанов менен Акин Токталиев. Коллаж сүрөт.
Бектур Асанов менен Акин Токталиев. Коллаж сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы бүгүнкү отурумга адвокат Акин Токталиев Адвокатуранын катынын негизинде киргизилген жок. Отурумда камалгандар айыптоо актысы адвокаттын жоктугуна карабай окулганына нааразылык билдиришти.

Мындан улам судья айыпталуучуларды сот залынан чыгарды. Абакта жаткандар Жогорку Соттун төрагасынын аларга карата айткан пикирин айыпташты.

Токталиев сот залына киргизилген жок

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Акин Токталиев 13-марттагы соттук отурумга киргизилген жок. Мындай тыюуга анын лицензиясына байланыштуу маселе себеп экени айтылды.

Адвокат Акин Токталиев мындай чечимге анын судьянын дарегине сын айтышы себеп болду деп эсептейт:

“Сот “сен Адвокатурада турбайт экенсиң” дейт. Мен Адвокатурада турган эмесмин, турбаймын дагы. Эми ушуну бетке кармап жатышат. Мен судьяга “анда ушул боюнча токтом чыгарып бер, мен кетип калайын” дедим. Жок, чыгарбады. Оозеки тапшырма берип, мени сот залына киргизбей жатышат. Мен азыркы президент Садыр Жапаров жана бир катар саясатчылардын адвокаты болгом, анда мындай көйгөй болгон эмес”.

Токталиевдин адвокаттык лицензиясына байланыштуу маселе буга чейинки отурумдарда да көтөрүлгөн. Биринчи Май райондук соту 6-мартта бул боюнча түшүндүрмө берип, мыйзамда адвокат лицензияга ээ болуп, Адвокатурада мүчө катары катталышы зарыл экени жазылганын мисал келтирген. Адвокатуранын 26-февралда райондук сотко жөнөткөн катында андагы тизмеде Токталиевдин ысымы жок экени жазылган.

Райондук сот Кубанычбек Кадыровго башка адвокат берилгенин тактаган.

Жогорку Соттун төрагасына айтылган сын

Отурумда тергөө абагында жаткан айрым саясатчылар Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Кемпир-Абад иши боюнча маегиндеги сөздөрүн сынга алды.

“Замирбек Базарбеков “булар оор кылмышка айыпталып жаткандыктан үй камагына чыгара албайбыз” деп айтты. Бул иш боюнча 27 кишиге айып тагылган. Алардын 17и үй камагында жүрөт го. Болбосо баарыбыздын ишибиз бир да”, - деди айыпталуучулардын бири Илгиз Шаменов.

Мындан сырткары судья үч айыпталуучуну караган адвокаттын процесске келбей калганына карабай прокурор айыптоо актысын окуп жатканы сынга алынып, мунун мыйзамга каршы келерин айткандар болду.

“Урматтуу кыргыз элим, сот кайрадан башалмандыкты баштады. Процессти адвокаттарсыз эле улантып жатат. Эч кимди көзгө илбей калды. Прокурор адвокаттар жок болсо да айыптоо актысын окуп жатат. Сот тергөө абагындагыларды отурумдан четтетип жатат”, - деди Айбек Бузурманкулов.

Бул иш боюнча кийинки отурум 20-мартка белгиленди.

12-мартта Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “Кабар” агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад ишинин создугуп жатышына абакта жаткандарды айыптаган:

“Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар камакка алынгандан кийин тергөө иштери бир нече ай убакытты алды. Кылмыш иши да көлөмдүү – 60 том. Иш сотко өткөндөн кийин ал карала баштады. Бирок бир күнү камактагы бирөөсүнүн адвокаты келбей калат, башка күнү камактагылардын бири ооруп калат же атайылап адвокатын жибербей коёт, же сотто “биздей баатырлардан тукум алып калгыла” деген сыяктуу “шоу” кылышат”.

Базарбеков өткөн апта соңунда аймактарда өткөн Кемпир-Абад иши боюнча отурумдарды ачык өткөрүү, айыпталып жаткандарды бошотуу талабы айтылган акцияларды соттун ишине басым катары баалаган.

9-мартта Аксы районундагы Кара-Суу, Таластагы Көк-Токой айылдарында, Нарындагы Дөбөлү айыл аймагында Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандарды бошотуу, соттук отурумдарды ачык өткөрүү талабы коюлган акциялар өткөн. Ага чыккан тургундар колдоруна плакаттарды кармап, президент Садыр Жапаровго жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон.

Бектур Асановдун абалы оор экени айтылды

Ал арада ден соолугуна байланыштуу 7-февралда эч жакка чыкпоо боюнча тилкаты менен абактан чыккан саясатчы Бектур Асановдун абалы оор экени айтылды. Анын омурткасына Түркиядан операция жасоо пландалып, бирок сот аны чет өлкөгө чыгаруу боюнча өтүнүчкө жооп бербей жатканы белгилүү болду.

“Алгач Бектур Асановдун аялы аны сыртка алып чыгып дарылоо үчүн соттон уруксат сурап кайрылган. Кийин 6-мартта мен дагы ушундай өтүнүч келтирип, операция жасалышы керектигин белгилегем. Бүгүн сот бул өтүнүчкө кат менен жооп берип, канааттандырылбаганын билдирди, бул мыйзамсыз. Бул үчүн атайын токтом чыгарып бериши керек эле. Мунун үстүнөн Судьялар кеңешине кайрылам”, - деди анын адвокаты Кантемир Турдалиев.

9-январда “кемпирабадчылар” Бектур Асановду ооруканага которууну талап кылып, саясатчы жакын арада ооруканага чыгарылып операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганын” жарыялашкан. Кийин Бектур Асанов Улуттук госпиталга жаткырылып, 15-январда анын моюн омурткаларына операция жасалган. Андан эки аптадан соң ал Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесине которулуп, абалы жеңилдебегенден улам сот 7-февралда аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын 11и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптаса, камалгандар аны куру доомат деп аташат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG