Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Матраимовдун эпкини: Эки депутат мандатын тапшырды


Нурлан Ражабалиев, Райымбек Матраимов, Искендер Матраимов. Коллаж
Нурлан Ражабалиев, Райымбек Матраимов, Искендер Матраимов. Коллаж

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимовду жана Нурлан Ражабалиевди жазган арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты. Буга чейин "экс-бажычы Райымбек Матраимовго жакын депутаттар мандатын тапшырышы керек" деген өңүттө материалдар жарыяланган.

Искендер Матраимов - Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Ал эми Нурлан Ражабалиев мындан үч жыл мурда Райымбек Матраимов менен бирге “Коррупция” беренесинин негизинде соттолгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин эки депутаты Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мандатынан ажыратты. Мындай чечим депутаттардын өз арызынын негизинде БШКнын 22-февралдагы жыйынында кабыл алынды.

Мындан улам №2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрү маалым болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов мындай деди:

"Чечим бүгүн эле кабыл алынганы үчүн алдыда дагы кайра шайлоонун календары аныкталып, президентке сунуш берилет. Кайра шайлоо дайындалгандан кийин эки ай ичинде шайлоо өтүшү керек".

Жыйында эки депутаттын арызы кандай себеп менен жазылганы расмий айтылган жок. Нурлан Ражабалиев депутаттыктан кетүү чечимин “Азаттыкка” мындайча комментарийледи:

"Жазыш керек деп ойлоп, жаздым. Эч кандай себептен улам эмес, ошентип чечтим. Өз каалоом менен эле жаздым. Билбейм, дагы кантип айтып берейин?" Ал мандатын тапшырууга Матраимовдун тиешеси бар экенин четке какты.

Ал эми Искендер Матраимовдун мандатка байланыштуу пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Соңку учурда бажыдагы коррупциянын фигуранты Райымбек Матраимов менен байланышы бар экени айтылган Жогорку Кеңештеги депутаттарды кетирүү боюнча талкуу жүрө баштаган.

15-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

Анда пикирин билдирген эксперт, саясат талдоочулар мафия аталып, издөөгө алынган адамдын жакындары парламентте отурбашы керектигин жүйө келтиришкен.

Бул боюнча Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, депутат Искендер Матраимов “Азаттыкка” учкай пикирин билдирген:

“Кечээ сүйлөгөндөрдү көрдүм. Бири мени “Райымбектин агасы” дейт, бири “иниси” дейт. Мыйзам боюнча 18ге чыккандан кийин ата-энеси баласына да жооп бербейт. Агасы инисине да жооп бербейт. Ал (Райымбек Матраимов) өзүнүн ишине өзү жооп берет. Мен өзүмө жооп берем”.

Ошентип, соңку он күн ичинде Матраимовго тиешеси бар экени айтылган үч депутат мандатын тапшырды. Боршайком 14-февралда “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келген Абдувахаб Боронбаевди өз арызынын негизинде мандатынан ажыраткан.

Боронбаев менен Ражабалиев 2021-жылы Райымбек Матраимов менен бирге “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Боромбаев бюджетке 8 млн сом төлөп кутулса, Ражабалиев 12 млн сом төгүп, кийин соттун чечими менен дагы 260 миң сом төлөгөн.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков Кыргызстанда Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдарга чара көрүүнүн мындай ыкмасын кубаттай турганын айтты.

“Бул жерде моралдык эле эмес, түз жоопкерчилик да болушу керек. Мафия жалгыз Матраимов эмес, аны жандап, мамлекетти тоноого түз жана кыйыр катышы бар адамдар кызматтан кетип, мандатын тапшырып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Мындайда “биз элдин өкүлүбүз, бизди мынча киши шайлаган” деген болбогон сөз”, - деди Аскарбеков.

Мандат маселесине байланыштуу маселе көтөрүлө баштагандан кийин өздөрүн Искендер Матраимовдун шайлоочулары экенин айткан жарандар интернет аркылуу видео кайрылуу жолдоп, анын мандатына байланыштуу маселени эл чечиши керек деген оюн айтышкан.

“Анын депутаттык мандаты боюнча маселени биз гана чечишибиз мүмкүн. Кааласак, алып коёбуз. Бизден башка бирөөлөр мандатын алыш керек деп маселе көтөргөнү мыйзамсыз”, - деп айтылат кайрылууда.

Былтыр кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операция учурунда жок кылынып, ага удаа эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаев-Матраимов байланышын "мафия" деп атаган. Аларга тиешеси бар делген 200дөн ашык мамлекеттик кызматкер иштен алынганы да айтылган. Бул окуялардан кийин Жогорку Кеңешти "матраимовчулардан арылтуу" иши жүрө турганы айтылган.

Өткөн аптада УКМК Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сомдук) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн. Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлганы белгилүү болду.

Январь айында атайын кызмат Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Матраимовдун империясы куладыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:07 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG