Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Депутат Жамгырчиевдин камалышы, атайын кызматтын билдирүүсү


Эмил Жамгырчиев
Эмил Жамгырчиев

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин камалышы тууралуу маалымат таратты. Анда кылмышка шектүү коңшу мамлекеттерге качып кетүүгө камданып жаткан деген маалымат болгонун билдирди.

Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен козголгон кылмыш ишине байланыштуу аны жоопко тартууга 10-январда макулдук берген. Ошол маалда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат камалбасын айткан.

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын 24-январда кечинде карап, cот залынан камоо чечимин чыгарды. Атайын кызмат бир күндөн кийин түшүндүрмө таратып, депутат коңшу өлкөлөрдүн бирине "качып кетүүгө камданып жатканы" тууралуу ыкчам маалымат түшкөн деп билдирди.

"Эмил Жамгырчиев кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында кайрадан коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз кетүүнү чечкени тууралуу ыкчам маалымат болгон. Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен 24-январда ага ага чек арадан мыйзамсыз өткөнүнө байланыштуу айып тагылды, Биринчи Май райондук соту аны 26-февралга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Ага карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап калды, жакында сотко жөнөтүлөт. Ал жерде анын күнөөлүү же күнөөсүз экени тууралуу чечим кабыл алынат",- деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Жамгырчиевдин жакындары жана жактоочулары анын камалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. "Альянс" фракциясы дагы үн каткан жок.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев чек арадан мыйзамсыз өткөн, качып кетүүгө ниеттенген деген айып менен депутаттын камалышы тууралуу пикирин билдирди. Ал депутат суракка барып жүргөнүн, ага коюлган айып оор болбогонун белгиледи.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Өлкө тарыхында Кыргызстандын чек арасын бузуп өткөн кыргызстандык жарандар камалган учурлар болгон эмес. Алар сот жообуна тартылган, бирок айып пул төлөө менен гана чектелген. Мисалы, Кара-Суу районун акими Тилек Матраимов деле ушундай эле жаза менен чектелген. Кыргызстандын мыйзамдарында чек араны бузуп өтүү деген анча оор эмес, жеңил беренелерге кирет. Камакка алуу зарылчылыгы жок. Оор кылмышка айыпталып, беш жылдан жогорку жаза каралса гана камакка алыш керек. Камакка алуу эң жогорку чара катары колдонулат. Мисалы мурда да оор кылмыш кылса, качып жүрсө, адамдын тек-жайы аныкталбаса, туруктуу жашаган жери жок болсо ошондо гана камакка алыш керек. Мыйзамдын талабы ушундай. Жамгырчиев парламенттин депутаты, жашаган туруктуу жери бар, мурда соттолгон эмес, өтө оор кылмыш менен кармалган жок. Жогорку Кеңешке барып келип, сурак берип жүргөн. Качып кайсы жакка барат эле? Качып кетейин деп аткан деп камаган деле мыйзамдын талабы жок. Качып кетип, тергөө менен кызматташпай койсо, сурак бербесе издөөгө алынып, соттун санкциясы менен камаса болот".

Саясат талдоочу Марс Сариев депутка байланыштуу кызык жагдай жаралганын, суроолор көп экенин айтты.

Марс Сариев.
Марс Сариев.

"Эмил Жамгырчиев кызык депутат. Терезеден секирип качып кеткени, чек арадан мыйзамсыз өтүп кримвторитетке жолукканы кызык болуп жатат, суроолор туулуп жатат. Каты жасалмабы же аныкпы, ал дагы суроо жаратып жатат. Эми калганын сот чечет да. Бирок кызык кырдаал болуп калды. Мен түшүнбөй койдум".

Башкы прокуратура Жамгырчиевге жана ага чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен өткөн айда, 26-декабрда кылмыш ишин козгогон. Анда депутат туура бир жыл мурда, 2022-жылдын декабрь айында Өзбекстандын Ташкент шаарына "Салим байбача" деген ат менен таанымал Салим Абдувалиевге жолугуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өтүкөнүн билдирген.

27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган жана буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия аны жоопко тартууга 9-январда макулдук берген. Депутат ошол күнү фракциялашы Нулифар Алимжанованын иш бөлмөсүндөгү терезеден качып кеткени белгилүү болгон.


Жогорку Кеңеш 10-январдагы жыйынында Жамгырчиевди жоопко тартуу тууралуу депутаттык комиссиянын чечимин колдогон. Анда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Жамгырчиевге мыйзамсыз чек арадан өткөнүнө байланыштуу Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголгонун айткан. Анда депутат "Салимбай байбачага" жазган каты аныкталганын билдирген, чек арадан мыйзамсыз өткөнүнө байланыштуу камалбасын белгилеген.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын бир да жаранын камабайбыз. Камаган да эмеспиз. Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт. Келсин да сотто жооп берсин. Кармабайбыз, камабайбыз. Салим Абдувалиев - Өзбекстандын кримтөбөлү деп ачык эле айтышыбыз керек. Эмил Жамгырчиев андан колдоо издеп, биздин мамлекеттин башында отурган кызмат адамдарын жамандап, аларга чара көрүүнү суранып, ошол кишиге барып атат. Бул эмне деген акмакчылык”, - деген Ташиев.

Өзбек атайын кызматы 2017-жылдан бери өлкөдөгү Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп келген Салим Абдувалиевди бир ай мурда камаганы белгилүү болгон. Буга чейин ал шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланышта болгону айтылып келген.

Эмил Жамгырчиев соңку окуялар тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында учкай комментарий берген. Анда депутаттардан сот өкүмү чыккыча аны сындабай турууну суранган.

"Депутат эмес, жөнөкөй эле жаран катары кесиптештеримден суранат элем. Алдын ала сын-пикирден алыс болсок деген суранычым бар эле. Адамдын күнөөсү барбы, же жокпу деп сот өкүмү чыксын. Менин айланамдагы жагдайга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө аяктагандан кийин иш сотко барат. Сотто дагы менин дагы маалыматтарым болот. Ошол маалыматтарды угуп, сот өкүмү чыккандан кийин гана бири-бирибизге сын-пикир айтсак деп суранып кетет элем. Себеби менин артымда деле ата-энем бар, үй-бүлө, бала-бакыра деген бар. Аларды дагы, өзүмдү дагы ыңгайсыз абалга коюп жатабыз. Башыбызга ушундай иш түшүп калса карайлап калат экенсиң. Ошондуктан соттун өкүмүн күтсөк деп суранып кетет элем".

Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Эл өкүлү кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.


41 жаштагы Жамгырчиевге буга чейин дагы кылмыш иши козголгон. УКМК 2020-жылы октябрда Жамгырчиев ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясынын) жетекчисинин мурдагы орун басары болуп турганда өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Анын алдында алардын аты Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан өрдөк этине байланыштуу аткезчилик боюнча козголгон кылмыш иши жана 50 миң долларлык парага байланыштуу окуяда аталган.

Жамгырчиев адегенде бул дооматтарды “ыплас ушак” деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шек саналып аны менен кошо кармалган Бактыбек Калмуратов да үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку Сотто акталган.

2022-жылдын аягында Башкы прокуратура аларды актаган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.


Жогорку Сот Жамгырчиев менен Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган. Былтыр ноябрда иш кайрадан жандандырылып, ушул тапта Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

УКМК бир жыл мурда, 27-ноябрда Жамгырчиевди Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё бергени маалымдалган жана көп өтпөй депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген. Жамгырчиев көп өтпөй парламентте чек арадан кармалганы тууралуу маалыматтарды жокко чыгарган.

Жамгырчиев 2022-жылы күзүндө Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG