Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкү


УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 млрд 98 млн. сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. Алардын катарында Бишкектеги “Бай-Таш” турак жай комплексинин бир бөлүгү, Чүй жана Ош облустарындагы бажылык каттоо жерлери бар.

"Эгиз мунараны" ээлеген Матраимов

Бишкектеги Жукеев Пудовкин жана Аалы Токтомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги окшош эки үйдү шаар тургундары “Эгиз мунара” деп тааныйт. Өзгөчө анын кечки көрүнүшүнө суктангандар көп. Анын биринчи кабатында шаардагы эң кымбат World Class машыгуу залы жайгашкан. Ал эми "Эгиз мунаранын" 14-кабатын Райымбек Матраимов толук ээлеп, ошол жерди өзү отурган кеңсе кылып алганы маалым. Мында жашагандар мурдагы бажычыны, ага жолугууга келген саясатчыларды, ишкерлерди, таанымал адамдарды да көрүп калышканын айтышат.

Матраимовдун мамлекетке өткөн үч миллиарддык мүлкү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

Бир учурда Кыргызстанда таасири артып турган Матраимовдун кеңсеси азыркы тапта тунжурап, 14-кабаттын жарыгы толугу менен өчүк экен. Анын эки каалгасында УКМКнын мөөрү басылып, ичине эч ким кире албайт.

УКМК Райымбек Матраимовдун кеңсесине быйыл 23-январда мөөр басып кеткен.
УКМК Райымбек Матраимовдун кеңсесине быйыл 23-январда мөөр басып кеткен.

Атайын кызмат 14-кабаттагы 700 чарчы метр кеңсенин болжолдуу баасын 2 млн. 500 миң доллар деп эсептеп атат. Демек, бир чарчы метри 3400 - 3500 долларга бааланууда. Ошол эле учурда "Эгиз мунаранын" жашоочулары бул жердеги үйлөрдүн чарчы метри 1500-2000 доллардан сатылып жатканын айтышты.

"Бай-Таш Tower" комплексиндеги беш кабат

Бишкектин так борборунда, Тыныстанов менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги "Бай-Таш Tower" калаадагы эң кымбат имараттардын бири. Анын алгачкы беш кабаты соода борбору, алтынчысы ар кандай кеңселер, андан кийин 19-кабатка чейин батирлер жайгашкан. 2015-жылы пайдубалы түптөлгөн имараттын курулушу эми гана аягына чыгайын деп калган.

Матраимовго таандык делген "Бай-Таш Tower" комплексинин алгачкы беш кабаты мамлекеттин менчигине өттү.
Матраимовго таандык делген "Бай-Таш Tower" комплексинин алгачкы беш кабаты мамлекеттин менчигине өттү.

"Бай-Таштын" расмий сайтында комплекстин жалпы аянты 43 миң чарчы метр экени жазылып турат. Атайын кызмат Райымбек Матраимовго имараттын 8148 чарчы метри таандык болгонун, наркы 16 млн 297 миң долларга чамалай турганын кабарлады. Турак жай комплексин "Бай Таш Строй" компаниясы курган. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, аталган компанияга Ван Джонма менен Бегайым Майрыкеева ээлик кылат.

Мамлекеттин менчигине алынды делген байлыктын тизмесинде "Эгиз мунара" менен "Бай-Таштан" тышкары дагы эки кыймылсыз мүлк бар. Алар:

  • Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан “Ихлас” курулуш компаниясындагы коммерциялык имараттар, жалпы аянты 5085 чарчы метр,болжолдуу баасы 7 млн 627 миң долларды түзөт;
  • Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Имарат Стиль” компаниясына тиешелүү “ИМПЕРИАЛ” коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 100 миң АКШ доллар.

“ЮниЛаб” менен “EREM”

Матраимовдон алынган бизнестердин бири Чүйдүн Ысык-Ата районунда жайгашкан "ЮниЛаб" логистикалык борбору. Атайын кызмат 37,3 гектар жерди ээлеп жаткан борбордун баасын 1 млн 286 миң доллар деп бычты. Аталган жайдын алгачкы ээси Сыргак Кенжебаев деген ишкер болчу. Ал логистикалык борбордун курулушу миллиондогон акча коротконун, кийин Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин учурунда Райымбек Матраимов тартып алганын айтып жүрөт.

Кенжебаев 2019-жылы “Алдамчылык” беренеси менен камакка да алынган. Ошол маалда анын жубайы Ширин Айтматова "Үмүт 2020" кыймылын негиздеп, бийликти, өзгөчө Райымбек Матраимовду сынга алышкан эле. Ошол маалда логистикалык борбордун иши жүрүп, жүздөгөн жүк ташуучу автоунаалар өтүп турган.

"ЮниЛабдан" тышкары Ош облусунун Кара-Суу районундагы “БИМИ Ош сервис” бажылык каттоо жери да мамлекеттин менчигине айланды. Анын аянты 3,87 гектар, баасы 4 млн доллар экени айтылды.

Мамлекеттин менчигине Матраимовдорго таандык Бишкекте жайгашкан Erem спорт клубу да өттү. Атайын кызмат бул бизнести 1 млн долларга баалап жатат. Анын аталышы мурдагы бажычынын аты-жөнүнүн баш тамгаларынан (RM) коюлганы айтылып келет. Аны Матраимовдун жакыны делген парламент депутаты Шайлообек Атазов да башкарып турган.

28-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базарынын соодагерлери менен жолукканда Матраимовдун Бишкек менен Оштогу 80 млн долларлык мүлкү конфискация болгонун айткан.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды. Ош облусунун тегерегиндеги, Кыргызстандагы бардык мал-мүлкүн мамлекетке алабыз. Бир сотых жерин калтырбайбыз. Ал мурдагыдай “Райым миллион” болбойт эми. Мурдагыдай клан деген болбойт. Ошол кланды жок кылабыз деп Ош облусунда эле мамлекеттин органдардан 50гө жакын кишини кызматтан алдык”.

Райымбек Матраимовдун кайда экени белгисиз. Ал өткөн жылдын октябрында Камчы Көлбаев өлтүрүлгөн операциядан кийин өлкөдөн чыгып кетип, кийин издөөгө алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып тагылган эле.

"Матраимовдун тагдыры сабак болушу керек"

2021-жылы коррупция боюнча күнөөсүн моюнга алган Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. Ошол учурда коомдо анын оңой кутулуп кеткенин, жаңы келген бийлик менен мамилесин такташып алганын айтышкан. Анын империясы Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин урай баштады десек болот. Анткени бийлик расмий түрдө Көлбаев-Матраимов байланышын мафия деп атап, ага байланышы бар делген 200дөн ашык мамлекеттик кызматкерди иштен кетирген. Айрым депутаттар суракка да чакыртылган.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков Матраимовдун баскан жолу мамлекеттин эсебинен байып аткандарга сабак болушу керектигин айтат.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"Матраимовго окшогон адамдардын күнү бүтүп атканы бийликке, бийликти жандап жүргөң, аларды жамынып миллиондогон акча таап аткандарга сабак болушу керек. Биз ким кандай кыймылдап, бир-эки жылддын ичинде миллионер болуп атканын угуп атабыз. Мына ушуларга Матраимовдун тагдыры сабак болушу керек. Ал эми байлыгы боюнча айта турган болсок. Матраимовдун негизги байлыгы Казакстан, Түркия, Орусия жана Бириккен Араб Эмирлигинде. Мамлекетке бир бөлүгү гана өттү. Тиешелүү органдар жергиликтүү мыкты тергөөчү, чет өлкөлүк адистерден турган топ түзүшү керек. Ошондо сансыз байлыгы чыгары шексиз. Мындан тышкары Матраимов менен куйрук улашкан адамдар азыр да кызматта, саясатта жүрүшөт. Аларды да караш керек".

Матраимовдун байлыгын, анын бажыдагы иштерин алгачкылардан болуп “Азаттык” иликтеп, 2015 жылдан тарта бир нече жолу материал жарыялаган.

2019-жылы “Азаттык” өнөктөштөрү менен бирге Кыргызстандан Матраимовдор 700 миллион долларды кантип чыгарып кеткени тууралуу журналисттик иликтөө жарыялап, ал коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин, андан кийинки Сооронбай Жээнбековдун бийлиги журналисттик иликтөөлөргө. коомдун талабына реакция кылган эмес.

Матраимовдун империясы куладыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:07 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG