Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:43

"Мал-мүлкү толук конфискация болот". Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды


Райымбек Матраимов УКМКга суракка келген учур. 2021-жыл.
Райымбек Матраимов УКМКга суракка келген учур. 2021-жыл.

Кыргыз бийлиги Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, анын мүлктөрү конфискация болорун билдирди. Бул кадамды жарандык коом колдоп, бирок кечиккен чара катары да баалап жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимовдун Бишкек менен Оштогу 80 млн долларлык мүлкү конфискация болгонун 27-январда Ош облусунун Кара-Суу районунда соодагерлер менен жолугушуу учурунда айтты.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды. Ош облусунун тегерегиндеги, Кыргызстандагы бардык мал-мүлкүн мамлекетке алабыз. Бир сотых жерин калтырбайбыз. Ал мурдагыдай “Райым миллион” болбойт эми. Мурдагыдай клан деген болбойт. Ошол кланды жок кылабыз деп Ош облусунда эле мамлекеттин органдардан 50гө кишини кызматтан алдык”, - деди Ташиев.

УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милицияга багыттама берилгени 26-январда белгилүү болгон. “Азаттык” азырынча Матраимовдун өзүнөн же жакындарынан акыркы окуялар тууралуу комментарий ала алган жок. 52 жаштагы Райымбек Матраимовдун кайда экени белгисиз.

Улуттук “Кабар” агенттиги Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси менен издөөгө алынганын жазды. Ал “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” деп аталат. Матраимовго бул беренени колдонуунун чоо-жайы азырынча беймаалым.

Нурсултан Акылбек
Нурсултан Акылбек

Саясат талдоочу, юрист Нурсултан Акылбек Ташиевдин Кара-Суудагы сөзү мурдагы эки президенттин тушундагы коррупциялык системанын тиреги болгон Матраимовдор кланынын тарыхына чекит койгонун айтып, бирок "бул акыркы чекитпи?" деп X социалдык түйүнүнө жазды.

"Эмне дейбиз, экс-президенттин бири аларды өстүрсө, экинчиси отставкага кеткенче коргоду" - деди ал.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө жемкорлукту ашкерелеген бир катар фактылар айтылган. Анда Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган.

Журналисттик иликтөөлөрдөн кийин жарандык коом өкүлдөрү бир канча жолу коррупцияга каршы #REакция деген жүрүштөрдү өткөрүп, жемкорлорду жазалоону талап кылышкан. Бирок анда дээрлик эч кандай чара көрүлгөн эмес.

2021-жылы гана УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда Райымбек Матраимовду жана былтыр октябрда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

#REакция жүрүшүнө чыккандар ошол учурдагы Президенттик админстрациянын имаратынын жанында турушат. 25-ноябрь, 2019-жыл.
#REакция жүрүшүнө чыккандар ошол учурдагы Президенттик админстрациянын имаратынын жанында турушат. 25-ноябрь, 2019-жыл.

#REакция жүрүштөрүн уюштуруп жүргөндөрдүн бири, жарандык активист Улан Үсөйүн мындай пикир билдирди:

Улан Үсөйүн
Улан Үсөйүн

“Буга бир чети сүйүнүп, бир чети өкүнөт экенсин. Себеби, мурдагы бийликтердин тушунда эле буга көңүл бурулуп, кылмыш жасагандар жазасын алышы керек эле. Эгер ошондо эле көңүл бурулса, мурдагы бийликтин да өмүрү узунураак болот беле... Тескерисинче, Матраимовду калкалап, коррупцияга каршы чыккандарды жаманатты кылышкан”.

Улан Үсөйүн мурда Матраимовду калкалап, анын дарегине айтылган айыптоолорду четке каккандар азыр деле бийликте отурганын белгилеп, бул күрөштүн аягына чыгарынан бир аз күмөн санап турганын да кошумчалады:

“Буга чейин камакка алуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок ал киши өлкөдөн чыгып кеткени айтылгандан кийин издөөгө алынганы суроо жаратат. Эгер чынында иш жүрүп жаткан болсо, Матраимов өзү гана эмес, анын камчысын чапкандар да жоопко тартылышы керек. Бирок азыр алар президенттин жанында, өкмөттө, парламентте иштеп жүрүшөт”.

Умай Арыкова
Умай Арыкова

Активист Умай Арыкова Матраимов түзгөн коррупциялык схеманы аныктоодо журналисттердин эмгеги чоңдугун, жарандык коомдун аракеттери да бул жемкорлуктун бетин ачканга түрткү болгонун белгиледи.

Былтыр октябрда кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин Матраимов да сурак берген. Кийин аларга тиешеси бар 225тен ашык мамлекеттик кызматкер аныкталганы, ондогону кызматтан алынганы маалымдалган.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев анын биринчи орун басары Уристем Манапов Матраимовдордун бири менен жеке карым-катышы болгон үчүн өз арызы менен иштен кеткенин айткан.

Ошондой эле өткөн айда Ош облусунун Кара-Суу районунда ондон ашуун мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кеткени белгилүү болгон.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG