Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Навальный иши: Уулунун сөөгүн издеген эне, Орусияга салынган санкция


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда шарты катаал түрмөдө табышмактуу жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын сөөгү туугандарына бериле элек. Маркумдун жубайы күйөөсүнүн иши улантууга убада берди. АКШ Орусияга каршы санкциялардын ири пакетин жарыялады.

Навальныйдын апасы Людмила Навальнаянын Орусиянын Тергөө комитетинин жергиликтүү башкармалыгына каршы арызы Салехард шаардык сотунда 4-мартта жабык караларын ТАСС агенттиги билдирди. Навальная 20-февралда тергөөчүлөр уулунун сөөгүн бербей, көрсөтпөй жатышканына арызданган жана ошол эле күнү президент Владимир Путинге видео кайрылуу жарыялаган:

"Түндүк уюлдун бөрүсү" деп аталган түзөтүү колониясынын 3-мекемесинде 16-февралда уулум Алексей Навальный каза болду. Беш күндөн бери мен аны көрө албай жатам, сөөгүн беришпейт, жада калса каерде экенин айтышпайт. Владимир Путин, сизге кайрылам, бул маселенин чечилиши сизден гана көз каранды. Деги уулумду көрсөткүлөчү. Алексейдин сөөгүн тез арада өткөрүп беришиңерди талап кылам, аны адамча жерге берип алалы..."

Людмила Навальная борбор калаа Москвадан дээрлик 2 миң чакырым алыстагы Салехардга уулу каза болгону тууралуу кабардын эртеси учуп барган. Харп кыштагында жайгашкан колониянын кызматкерлери саясатчынын сөөгү Салехарддагы өлүкканада деп айтышкан. Бирок өлүккананын кызматкерлери сөөктү ал жакта жок деп кол куушурган.

Тергөө комитети Навальныйдын өлүмүнүн себеби териштирилип жатканын, ошондуктан сөөгү жакындарына бериле электигин билдирүүдө.

Саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш териштирүүнүн мөөнөтү кеминде эки аптага (3-мартка чейин) узартылганын маалымдады.

Навальныйдын санаалаштары анын сөөгү берилбей жатканын “кылмыштын изин тазалоо аракети” деп баалап жатат. Алардын айтымында, Орусиянын мыйзамдары боюнча тергөөчүлөр сөөктү бир айга чейин, ал эми кылмыш иши козголсо андан да көп убакытка чейин бербей коюуга укуктуу.

"Алексейдин күрөшүн чогуу уланталы..."

Оппозиционердин жубайы Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантууга убада берип, Орусиянын азыркы режимине каршы бардык күчтөрдү биригүүгө чакырды.

19-февралда ал видео кайрылуу жасап, күйөөсүн “Путин өлтүргөнүн", мындай кадамга ал эмне үчүн барганын билерин, жакында саясатчынын санаалаштары ошону ачыктай турганын, бул кылмышты аткаргандардын аты-жөнүн аташарын айтты.

Күйөөсү абакта үч жыл бою кыйноого кабылганын, азыр ал баштаган ишти улантуу маанилүү экенин белгилеген Навальная:

«Биз согушка каршы, коррупцияга каршы, адилетсиздикке каршы күрөш боюнча ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Таза шайлоо жана сөз эркиндиги үчүн, өлкөбүздү кайра өзүбүзгө кайтарыш үчүн күрөшөлү. Мен күйөөм кыялдангандай эркин, тынч жана бактылуу Орусияда жашагым келет. Алексей экөөбүздүн балдарыбыз да ошондой Орусияда жашаса дейм. Мен Алексей кыялдангандай Орусияны сиздер менен чогуу кургум келет», - деди.

Юлия Навальная жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел, Брюссел, 19-февраль, 2024-жыл
Юлия Навальная жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел, Брюссел, 19-февраль, 2024-жыл

Ошол эле күнү Юлия Навальная Брюсселде Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел менен жолугушту.

Ал Орусияда келерки айда өтө турган президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого, Путиндин “ишенимдүү адамдарына” жана “досторуна” каршы санкция киргизүүгө чакырды.

Кремлди коркуткан Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:43 0:00

Кремлдин комментарийи

Кремль Навальныйдын жакындарынын айыптоолорун четке кагууда. «Жок, биз комментарий бербейбиз. Албетте, орус мамлекетинин башчысына карата айтылып жаткандын баары куру сөз жана уятсыз айыптоо. Юлия Навальная күйөөсүнөн ажыраганына бир нече гана күн болду, ошондуктан анын айткандарын комментарийсиз калтыргым келет», - деп билдирди 20-февралда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

АКШ жаңы санкцияларын жарыялайт

АКШ Навальныйдын өлүмүнө жана Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын ири пакетин жарыялады. Кошмо Штаттар Орусиядан Алексей Навальныйдын колониядагы өлүмүнүн жагдайларын ачык-айкын түшүндүрүүнү талап кылган.

«Орус өкмөтү дүйнө жүзүнө кандай гана маалымат бербесин, бул үчүн жоопкерчилик президент Путинде жана анын өкмөтүндө экени анык. Биз орус өкмөтүнөн Навальныйдын өлүмү боюнча толук ачыктыкты талап кылабыз», - деген Кирби иликтөөгө толук ишеним жок болуп турган шартта Вашингтон Москванын айткандарына ишене албасын кошумчалады - Кошмо Штаттардын Коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби.

Еврошаркет Орусияга каршы санкциялардын 13-топтомун макулдашканы шаршембиде кабарланды. Жаңы санкциялык тизмеге 200гө жакын юридикалык жана жеке жактар киргизилет. Жаңы тизме Орусияга каршы кабыл алынган чектөөлөрдүн эң чоңу болуп калмакчы.

21-февралда Британия Навальный жаза өтөгөн түрмөнүн жетекчилигин "кара тизмеге" киргизди. Алар: түрмөнүн башчысы Вадим Калинин жана анын беш орун басары - Сергей Коржов, Василий Выдрин, Владимир Пилипчик, Александр Голяков жана Александр Образцов. Булардын баарына Британияга кирүүгө тыюу салынат жана алардын банк эсептери камакка коюлат.

"Кыйноо үчүн берилген сыйлык..."

Навальныйдын табышмактуу өлүмүнөн бир нече күндөн кийин орус президенти Путин Федералдык жаза аткаруу кызматынын айрым жетекчилеринин жана кызматкерлеринин аскердик наамдарын жогорулатты.

Мекеменин директорунун орун басары Валерий Бояриневге ички кызматтын генерал-полковниги чини ыйгарылды.

Маркумдун санаалашы Иван Жданов муну "Путиндин кыйноо үчүн берген сыйлыгы" деп сыпаттады.

Жданов "Бояринев Навальныйдын абактагы кыйноолорун жеке өзү көзөмөлдөчү. Башка кыйноолор сыяктуу эле Алексейдин тамак-аш сатып алуусун чектөө анын жеке буйругу болгон", - деп жазып, Бояриневдин Владимир облусу боюнча Жаза аткаруу кызматына жазган катын жарыялады. Жетекчиден тышкары кызматтын дагы үч, башка мекемелердин ондогон кызматкери да сыйланды.

Саясий туткун

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурду. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Тагылган айыптарды четке кагып келген Навальный 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган.

Ал 2020-жылдын августунда Томск шаарынан Москвага учак менен учуп баратканда кооптуу «Новичок» заты менен ууландырылган. Ошондон кийин бир нече ай Германияда дарыланып, абакка түшөрүн билип туруп Орусияга кайтып барган саясатчы Москванын аэропортунда камакка алынган.

Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Саясатчы өз ажалынан көз жумганына ишенбей, ал киши колдуу болгонун божомолдоп жаткан жакындары бир күн мурдагы, 15-февралдагы соттук отурумдан тартылган видеону жарыялашты. Андан Навальный кадимкисиндей дени сак турганын, судьяга тамашалап, күлүп сүйлөп жатканын көрүүгө болот.

Эркинен ажыратылганы жалпысынан кеминде 25 жолу жазалоочу жалгыз кишилик камерага отургузулган Навальный өлөрүнө бир күн калганда Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө жазган акыркы твитинде “Жаңы эле 15 суткага ШИЗОго (айып изолятору) бекитишти. Эки айга жетпеген убакыт аралыгында ушуну менен төртүнчү жолку ШИЗО. Катуу кетишти” деп жазган.

Ямал-Ненец автоном округунун Харп кыштагындагы алыскы абакка Навальныйды былтыр жыл соңунда которушкан. Ага чейин ал Владимир облусундагы өзгөчө тартиптеги колонияда жаза өтөгөн.

Орус элин ойготкон Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:23 0:00

20-февралда Орусия маркум саясатчынын иниси, 41 жаштагы Олег Навальныйга кайрадан издөө жарыялады, кайсы иш боюнча экени так айтылган жок. Ага бир жыл мурда да «санитардык иш» боюнча издөө жарыяланган. Себеби 2021-жылы агасын колдоо боюнча нааразылык акцияларына катышканда коронавируска каршы санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактаган эмес деген кине коюлган.

Менин да тагдырым коркунучта...

Навальныйдын өлүмүнөн кийин анын санаалаштары орус бийлиги абакка салган башка да оппозиционер саясатчылардын тагдырына тынчсызданууда. Кооптонуусун алар өзүлөрү да ачык айтып, бирок коркуп калбай турганын белгилеп жатышат.

Орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу айткандан кийин 8,5 жылга эркинен ажыратылып, азыр шарты катаал колонияда камакта отурган саясатчы Илья Яшин Навальный соңку жылдары күч органдарынын көзөмөлүндө болуп келгенин, алар 2022-жылы анын өмүрүнө кол салып, эми ошол ишин «аягына чыгарышканын» Telegram каналына жазды.

Саясатчыны "өлтүрүүгө буйрукту Путин бергенинен" күмөнү жоктугун белгилеген Яшин өзүнүн тагдыры да Путиндин колунда турганын, өмүрү кооптуу абалда экенин айтып, “Көкүрөгүмдө жүрөгүм токтоп калганча тиранияга каршы күрөшө берем, каардан коркуп калбайм, өз элим менен кала берем”, - деп жазды.

Мамлекетке чыккынчылык, фейк жана "жагымсыз уюмдун" ишмердүүлүгүнө катышуу тууралуу айыптардын негизинде 25 жылга кесилген дагы бир орусиялык оппозиционер Владимир Кара-Мурза да Навальныйдын өлүмү үчүн Путинди айыптоодо.

Саясатчы Telegram каналына жазган постунда журналист Анна Политковскаянын, саясатчы Борис Немцовдун, 1999-жылдагы турак үйлөрдөгү жардырууларда, Дубровкадагы жана Бесландагы террордук актыларда, Чеченстан, Грузия, Сирия жана Украина согуштарында каза болгондордун өлүмү орус президентинин абийиринде экенин белгиледи.

Навальный сыяктуу Кара-Мурза да эки жолу – 2014-жылы жана 2017-жылы ууландырылган. Саясатчынын адвокаты Вадим Прохоров “Анын өмүрү Алексей Навальныйдыкындай эле коркунучта турат. Кара-Мурза Путиндин колунда кармалып турган жалгыз оппоненти болуп калды. Анын үстүнө ал ооруп жатат”, - деп билдирди.

"Кордогонду токтоткула..." Дарыгерлердин ачык каты

Чет өлкөлөрдөгү орус тилдүү окумуштуулар T-invariant бирикмесинин координациялык кеңеши 19-февралда Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу ачык кат жарыялады. Анда да бул окуя “оппозиция лидеринин ачыктан ачык өлтүрүлүшү” деп бааланып, 2020-жылы Навальный ууландырылган фосфор органикалык уу затынын таасиринин кесепети жакшы изилденип бүтө электиги, бирок саясатчы соңку үч жылда кармалып отурган катаал камак шартында анын таасири өтө кооптуу экени белгиленди. Бул катка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жашаган 330 окумуштуу жана жогорку окуу жайларда иштеген окутуучу кол койду.

Навальный ууланып, комага түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Ал эми бир жыл мурда Орусиянын өзүндө 290 дарыгер Путинге кайрылып, Навальныйдын өмүрүнө жана ден соолугуна кооптонуусун билдирген жана аны "кордогонду токтотууга" чакырган.

19 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн алыскы, шарты каттал арктикалык аймактагы шарты катаал түрмөдө өтөп жаткан Навальный каза болгонун Орусиянын Жаза аткаруу мекемеси 16-февралда билдирген. Мекеменин маалыматында Навальный сейилдөөгө чыгып келгенден кийин өзүн начар сезип, эс-учун жоготкону, «Тез жардам» барганына карабастан аны жандандыруу мүмкүн болбой калганы, өлүмдүн себебин тактоо жүрүп жатканы гана айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG