Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Тыңчыларды ашкерелеген изкубарлар кармалды


Алексей Навальный, коллаж.
Алексей Навальный, коллаж.

Навальныйды ууландырышы мүмкүн делген атайын кызматтын офицерлеринин чалууларын тапкан үч жеке изкубарды ФСБ кармаганы кабарланды. Аларга мыйзамсыз маалымат чогултуу боюнча иш козголуп, сотко өткөнү айтылды.

Bellingcat жана The Insider муну менен иликтөөдө айтылган телефон номерлердин саясатчыны ууландырган тыңчыларга таандык болгонун ФСБ өзү ырастап берди деп жарыялады.

Москвада Навальныйды ууландырууга катышы болушу мүмкүн деген ФСБ тыңчыларынын чалууларын жана алардын ошол окуя болгондо каякта жүргөнүн аныктаган телефон байланышынын биллингин мобилдик оператор аркылуу таап берген үч изкубарды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кармаганы 1-ноябрда белгилүү болду.

Алар жеке детективдик агенттиктин изкубарлары - Игор Зайцев, Петр Катков жана Александр Зеленцов болуп чыкты.

Ал жеке изкубарлар тапкан ФСБ тыңчыларынын чалуулар биллингин кийин Алексей Навальный Bellingcat жана The Insider менен биргеликте аны ууландаруу окуясы тууралуу иликтөөсүндө пайдаланган.

Жеке изкубарлар бул жеке маалыматтарды 50 рублге сатканы иштин материалында көрсөтүлгөнү белгиленди.

Орусиялык ТАСС агенттиги 3-ноябрда Москванын Тула райондук сотуна Алексей Навальныйдын үч информаторунун иши келип түшкөнүн жазды.

Доброхотов: ФСБ өз тыңчыларын ашкереледи

Ууландыруу ишин иликтеген The Insider басылмасынын шеф-редактору Роман Доброхотов муну менен ФСБ өз тыңчыларынын ишин ырастады дейт.

Роман Доброхотов, The Insider басылмасынын шеф-редактору.
Роман Доброхотов, The Insider басылмасынын шеф-редактору.

“Анда ачык текст менен эле Bellingcat жана The Insider басылмалары чыгарган макалада Навальныйды ууландырган ФСБнын кызматкерлеринин сүрөттөрү менен алардын чалуулары тууралуу айтылат. Мурдагы фитнес машыктыруучу Зайцев эч нерсени аңдабай эле полициянын жасалма күбөлүгү менен ал чалуулардын деталдарын уюлдук оператордон талап кылып алган. ФСБ муну менен чалуулардын аныктыгын, тигилер кызматкерлери экенин, геолокация боюнча алар чынында эле ошол күндөрү Навальный жүргөн шаарларда болгонун ырастап отурат. Демек, алар Навальный “Новичок” менен ууландырылганда ага жакын жерде болгон”, – дейт Доброхотов.

Ууландыруу иши

Былтыр Кремлдин сынчысы Алексей Навальный Томск-Москва аба каттамында баратканда абалы кескин начарлап, эс-учун жоготкон. Учак орто жолдон Омск шаарына чукул конуп, саясатчы оор абалда ооруканага түшкөн. Ал жерде дарыгерлер Навальныйдын абалы оор экенин гана айтып, бирок анын диагнозу тууралуу толук маалымат беришкен эмес.

“Анын канынан жана башка биологиялык материалдарынан ууландыруучу зат табылбаганын эске алып, "зат алмашуу бузулган" деген жыйынтыкка келдик. Тагыраагы, кан басымынын өзгөрүүсүнөн канындагы глюкозанын курамы түшүп кеткен”, - деген эле Омск шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Александр Мураховский.

Эл аралык коомчулуктун басымы астында орус бийлиги аны сырттан дарылоого уруксат берген. Навальный оор абалда учак менен Германиянын бир клиникасына жеткирилип, 17 күндөн кийин гана эсине келген.

Немис дарыгерлери ал “Новичок” менен ууландырылганын аныктаган.

"Аягына чыгарышмак..."

Навальный сакайып калганда ага кол салуунун артында "президент Путин турат" деп айткан.

Бирок президент Владимир Путин ал ууландыруу иши тууралуу мындай деген болчу:

Владимир Путин. Орусиянын президенти.
Владимир Путин. Орусиянын президенти.

“Эми Берлин клиникасынын бейтабы боюнча айтсак. Бул эч кандай иликтөө эмес. Бул америкалык атайын кызматтардын материалдарын эле легалдаштыруу. Ошондой болсо, анда ал пациент АКШнын атайын кызматынан колдоо алып турганын көрсөтөт. Аны ууландыруунун кимге кереги бар? Эгерде каалашса, аягына чыгарышмак эле”.

Ошентип, ФСБнын аталган тыңчыларынын телефон байланыштарын жана геолоакциясын аныктап, таап чыккан башка бир чет элдин чалгынчылары эмес эле, жеке детективдик агенттиктин изкубарлары болуп чыкты.

"Жеке агенттер эмнени таап чыкканын да аңдаган эмес"

Алексей Навальныйга жеке маалыматтарды берүүгө шектелип, кармалган үч из кубарга "жасалма документ жасап, пайдалануу" жана "телефондук сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугун бузуу" беренелерине ылайык иш козголгон. Басылманын маалыматы боюнча алар жаңыдан эле кайра адистешкен, таржрыйбасы бир топ эле аз жеке детектив агенттигинин из кубарлары болгон.

Алар Алексей Навальныйды ууландырышы мүмкүн болгон атайын кызматтын офицерлеринин чалууларын МТС операторунан алганы көрсөтүлгөн. Роман Доброхотов ФСБнын офицерлеринин чалуулары жеке из кубарлардын колуна кандайча түшкөнүн айтты:

“Алар 2020-жылы уюшуп алып, полициянын жасалма күбөлүгү жана соттун жасалма чечимдеринин негизинде уюлдук операторлордон кардарлары берген кайсы бир телефон номерлерден чалуулар боюнча маалымат талап кылып турушкан. Аларда бир топ телефон номерлер болгон. Алардын колуна Навальныйды ууландырган ФСБ тыңчылары колдонгон номерлерден чалуулардын биллинги да түшүп калган. Алар буюртмаларды телеграмм-каналдан алгандыктан кардары ким экенин, кимдин чалууларын аныкташканын дагы аңдашкан эмес”

Азыр абакта отурган саясатчы Алексей Навальный өзүн ууландыруу ишин иликтеген учурда ага катышы болушу мүмкүн болгон атайын кызматтын бир офицерине чалып, иштин айрым жагдайларын тактаган. Навальный аны менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Патрушевдин жардамчысы катары сүйлөшкөн болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG