Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:36

Турдукулов: Навальный демократия үчүн башын сайды


Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Орусияда абакта каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын өлүмү дүйнө коомчулугунун, анын ичинде Борбор Азияда талкууга түштү. Аны эскерүү акциялары Орусиянын жана дүйнөнүн бир катар шаарларында, Бишкекте да өттү.

Навальныйдын өлүм менен аяктаган саясий күрөшүнүн чөлкөм үчүн мааниси, Борбор Азия, Кыргызстандын жарандык коому үчүн сабагы кандай? Бул тууралуу журналист, активист Адил Турдукулов "Азаттыкка" маек курду.

- Адил мырза, Орусияда Путиндин режимине каршы күрөшкөн оппозионер Навальныйдын абакта каза болушу эмнелерди каңкуулайт?

- Биз буга чейин Орусиянын бийлигин авторитардык деп айтып келген болсок, эми репрессияга ыктаган, сталиндик тоталитардык мамлекетке айланып бара жатканын айтсак болот. Анткени тоталитардык бийликтин башкы белгиси бийликтин оппоненттерин жок кылуу, өлтүрүү болуп эсептелет. Орусияда өлтүрүүлөр буга чейин да болуп келген. Бирок Навальный Путин менен бийликти тең ата талашкан жалгыз оппонент болду. Ошол коркунучту жоюу аракети менен аны жок кылышты.

- Орусиядагы саясий процесстердин таасири Борбор Азияга да тийип, айрым чечимдердин окшоштугу бар экени да айтылып жүрөт. Муну эске алганда, Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу маселе чөлкөмдө кандай маанай жаратып, таасир этиши мүмкүн?

- “Кыргызстан – аймактагы демократиянын аралчасы” деп айтылып келбедиби. Мындай түшүнүктүн кириши өзү аймакта көбүнесе авторитардык мамлекеттердин басымдуу экенин айгинелеп турат.

Биз ошол геосаясий абалдан чыга албай, бийлик ошол мамлекеттердин саясий системасын туурап, "саясий тазалоолорду" жасап жатканын көрүүдөбүз. Орусиянын таасири бизге өзгөчө. Анткени дүйнөдө, Борбор Азияда болуп жаткан окуяларды орус тилинде кабыл алабыз.

Эгерде Орусияда демократия орносо, анда Борбор Азияда да демократиянын өнүгүшүнө жол ачылат. Саясатчылар, журналисттер Орусиянын тажрыйбасына көп көңүл бурушат. Навальныйдын өлүмүнөн кийин үмүт өчкөндөй болуп жатат. Буга чейин Алексей Навальный, Борис Немцов бийликке келсе, Орусия европалык баалуулуктарды сиңирип, демократияга багыт алса, бизде дагы ошол кадамдар жасалат деп күтүп келгенбиз.

- Навальныйдын ишмердиги, саясий күрөшү Орусиядан тыш Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга мааниси кандай?

- Анын өмүрү, ишмердиги бир гана саясатчыларга гана кызык болбошу керек. Мисалы, анын журналисттик иликтөөлөрү, коррупция менен күрөшүүнүн ыкмалары журналисттер үчүн да пайдалуу болгон. Ал жасаган иликтөөлөр модага айланып, Орусияда, башка өлкөлөрдө, Кыргызстанда да өнүгө баштаган журналисттик иликтөөлөргө түртү болгон. Ал иликтөөлөрдү 2000-жылдардын башында мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциядан баштаган. Ошонун арты менен Орусиядагы негизги көйгөй коррупция экенин түшүнүп, кабыл алып калышты. Биздеги башкы маселе ушул экенин түшүнүүбүзгө Навальныйдын эмгеги зор.

- Анын жашоосунан чөлкөмдөгү, Кыргызстандагы оппозиция өкүлдөрү кандай сабак ала алат?

- Үмүт өчпөшү керек. Навальныйдын мисалы өлтүрүү аракети болсо да тайманбай, элдин жыргалчылыгы үчүн күрөшүү керектигин көрсөттү. Навальный, Немцов, Влад Листьев, Анна Политковская Орусияда, кайсы бир деңгээлде постсоветтик аймакта демократия өнүксүн деп өз жанын беришти. Ошону унутпасак.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG