Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Орус бийлиги оппозиционер Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун кабарлады


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда орус медиасы Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып кабарлады. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган.

Мекеменин маалыматына караганда, Ямал-Ненец автоном округундагы №3 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкон.

«Бардык тийиштүү реанимациялык аракеттер жасалды. Алар оң натыйжа берген жок. Тез жардам дарыгерлери ал каза болгонун тастыкташты. Өлүмдүн себебин тактоо жүрүп жатат», - деп айтылды маалыматта.

Навальный жазалоочу жалгыз кишилик камерага 27-жолу камалганын 14-февралда маалым болгон.

Юлия Навальная: Путин өкмөтү менен жоопко тартыларын билсин

Юлия Навальная. 2024-жылдын 16-февралы. Мүнхен.
Юлия Навальная. 2024-жылдын 16-февралы. Мүнхен.

16-февралда саясатчынын жубайы Юлия Навальная Мүнхен шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук саммитинде сүйлөгөндө азыркы орус бийлиги "жоопко тартылышы керек" деп айтты.

Күйөөсү абакта каза болгону тууралуу маалыматты мамлекеттик органдар таратып жатканын айткан Навальная президент Путинге да, анын бийлигине да "ишенич жок экенин" белгиледи:

«Путин өзү, анын тегерегиндегилердин баары, Путиндин достору жана анын өкмөтү биздин өлкөбүзгө, менин үй бүлөмө жана менин күйөөмө кылганы үчүн жоопко тартыларын билишсин деп айткым келет. Ошондой күн алыс эмес. Жалпы дүйнөлүк коомчулукту баарыбыз биригип, Орусиядагы азыркы зулумдукту, режимди жеңип чыгууга чакыргым келет. Бул режим да, Владимир Путин да менин өлкөмдө соңку жылдары жасап жаткан бардык оор иштери үчүн жеке жоопкерчиликке тартылышы керек».

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш азырынча бул кабарды тастыктаган эч кандай маалыматы жоктугун айтты. "Алексейдин адвокаты азыр Харпка жөнөп жатат. Маалымат болор замат айтабыз", – деп жазды Х социалдык түйүнүнө.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тийиштүү эрежелерге ылайык, жаза аткаруу мекемеси териштирүү жүргүзүп жатканын, мында кандайдыр бир өзгөчө тапшырма берүүнүн зарылдыгы жоктугун айтты.

Орусия: Алексей Навальный абакта каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Кремлчил RT каналы "Навальныйдын кан тамырындагы уюган кан (тромб) үзүлүп кеткенин жазды.

Саясатчынын адвокаты Леонид Соловьёв комментарий берүудөн баш тартып, Навальный менен шаршембиде жолукканын, баары жайында көрүнгөнүн айтты.

Коомдук байкоо салган комиссия Навальный ден соолугу жагынан даттанбаганын билдирди.

SOTAvision Телеграм каналы абактагы Навальныйдын кечээ сотто сүйлөгөнү тартылган видеону жарыялады.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп тааныган.

Навальныйдын тарапташтары азырынча эч кандай билдирүү, маалымат бере элек.

Кремлди коркуткан Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:43 0:00

Түрмөдөгү өлүмгө ким жооптуу?

Дүйнө лидерлери Навальныйдын жакындарына көңүл айтып, анын демократияны өнүктүрүүдөгү, саясий режимге каршы күрөштөгү ролун белгилеп жатышат.

АКШ президенти Жо Байден орус оппозиционери түрмөдө каза болду деген кабар жеткенден кийин расмий билдирүү жасады.

"Путин Навальныйдын өлүмү үчүн жоопкерчиликтүү" - деген Байден орусиялык саясатчынын өмүрүнө буга чейин да кол салуу болгонуна токтолду.

Америкалык лидер Путин Орусиянын сыртында, Украинада гана эмес, орусиялыктардын өздөрүн "өлтүрүп жатат" деп кескин сындады.

"Алтургай түрмөдө ал чындыкты коргоонун күчтүү добушу болду", - деген Байден 2021-жылы Навальный чет өлкөдө калып калбай Орусияга кайтып барганын баса белгиледи.

Байден маркумдун үй бүлөсүнө жана санаалаштарына көңүл айтты. Навальный абакта киши колдуу болгон жокпу деген суроого Байден такталган маалымат ала электигин айтты.

Латвиянын президенти Эдгар Ринкевич мамлекет башчылардан биринчи болуп Навальныйдын жакындарына көңүл айтып, оппозиционердин өлүмү үчүн Кремлди айыптады.

«Саясатчы катары Алексей Навальный тууралуу кандай ойдо болсок да аны Кремль мыкаачылык менен өлтүрдү. Бул факт жана Орусиядагы азыркы режимдин чыныгы табиятын билүү керек. Туугандарына жана жакындарына көңүл айтам», - деп жазды Эдгар Ринкевич социалдык сайттардагы баракчаларына.

Украинанын президенти Владимир Зеленский «Навальный Орусияга кайтып келген эрдиги үчүн өмүрүн бергенин» айтты. Ушул тапта Германияда иш сапарда жүргөн Зеленский орус оппозиционери Берлинде дарыланып жүргөндө жолукканын эстеди.

Евробиримдик Навальныйдын өлүмү үчүн жоопкерчиликти Орусияга артты. «Алексей Навальный эркиндиктин жага демократиянын баалуулуктары үчүн күрөшкөн. Өзүнүн идеалдары үчүн курмандыкка чабылды. Евробиримдик бул кайгылуу өлүм жоопкерчиликти орус бийлигине гана жүктөйт» - деп жазды Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишель.

АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Ненси Пелоси суук кабарга ишенбей турганын айтты.

“Эмне болгону тууралуу маалымат алуубуз керек. Кандай болсо дагы бул коркунучтуу трагедия. Анын түрмөдө отурганы өзү коркунучтуу трагедия болчу” - деди Пелоси.

Германиянын канцлери Олаф Шольц мындай кабар нес кылганын, Орусия демократиядан тайыганын айтты:

«Анын өмүрү курмандыкка чалынды. Бул эмне деген режим экенин биз абдан жакшы билебиз. Сындаган, демократияны колдоп сүйлөгөн адам өз өмүрү, коопсуздугу үчүн коркушу керек болуп калды. Биз нес болуп турабыз. Өтө жаман. Орусия кандай болуп өзгөргөнүнүн белгиси. Тилекке каршы, бул процесс мурда эле башталган. Орусия демократиядан тайыганына көп болду».

Британ премьер-министри Риши Сунак Навальныйдын өлүмү орусиялыктар үчүн өтө чоң трагедия экенин белгиледи.

«Орусиялык демократиянын эң чыгаан коргоочусу катары Алексей Навальный өмүр бою кажыбас кайратын көрсөтүп келди», — деди Сунак.

Франциянын тышкы иштер министри Стефан Сежурне Навальный орус президенти Путиндин тушунда түзүлгөн басмырлоо, эзүү системасына каршы чыгып, ошонун курмандыгы болгонун айтты.

«Алексей Навальный ошол системага каршы күрөш үчүн өмүрүн берди. Анын колониядагы өлүмү бизге Владимир Путиндин реалдуу режиминин бетин ачууда», - деди ал.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Альянс» партиясынын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев абактагы Навальный cаясий режимдин курмандыгы болгонун жазды.

«Албетте, аны өлтүрүп коюшту. Авторитаризм баарынын, оболу тирандын өзүнүн коркконунан улам кармалып турат. Бул жылды маалымат каражаттары «бардык шайлоолордун энеси» жана «демократиялык Супербоул» деп аташты. Шайлоо өнөктүктөрү планетадагы калктын жарымынан көбүнө таасир этет»

Навальный орус президенти Владимир Путиндин келишкис оппоненти катары таанымал. Кезинде ал Орусиядагы Коррупцияга каршы күрөш фонду (ФБК) аркылуу Путин баштаган Кремлдеги жана анын тегерегиндеги аткаминерлерди жемкорлукка айыптап, алардын мыйзамсыз иштерин иликтеп, эсепсиз байлыгын ашкерелеп турган. Орус полициясы Навальныйга бир нече кылмыш ишин козгогон.

Ал 2020-жылдын августунда Томск шаарынан Москвага учак менен учуп келатканда кооптуу Новичок заты менен ууландырылган. Учак чукул Омск шаарына чукул конууга аргасыз болуп, жергиликтүү дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан. Андан кийин Навальный бир нече ай Германияда дарыланып, абакка түшөрүн билип туруп Орусияга кайтып барып, Москванын аэропортунда камакка алынган.

Анын түрмөдө катаал мамилеге кабылганы, ден-соолугу начарлаганы утур-утур кабарланып турду.

Навальныйды өзүнүн оппозициялык ишмердиги, курч билдирүүлөрү жана иликтөөлөрү менен Орусияда элди ээрчиткен саясатчы деп сыпатташат. Кремль Навальныйды шайлоолорго катыштырган эмес.

Навальныйдын өлүмү тууралуу кабар Орусиянын Украинадагы согушун улай өлкөдө эркиндик болушунча чектелген маалда, 15-17-мартта өтчү президенттик шайлоону утурлай кабарланды. Кремль бийликке сын айткан же Украинадагы согушка каршы чыккан бир дагы талапкерди каттаган жок.

Орусияда буга чейин дагы оппозициялык саясатчылар киши колдуу болгон. 2015-жылдын 27-февралында Москвада таанымал саясатчы Борис Немцовду атып кетишкен эле.

Навальныйды эскерүү

Орусиянын бир катар шаарларында тургундар саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелиги турган жерге Навальныйдын сүрөтүн, гүл, шам коюп жатышат.

Мындай эскерүү акциялары Ульяновск, Новосибирск, Киров, Томск, Казань, Ижевск, Псков, Нижний Новгород, Пермь, Тверь, Белгород, Вологда, Тольятти, Саратов, Ногинск, ошондой эле Москва жана Петербургда өткөнүн маалымат каналдары кабарлады.

Орусия боюнча жалпысынан жума күнү 80дей киши кармалганын ОВД-Инфо маалымдады.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө: Грузияда, Германияда, Чехияда, Британияда, Францияда, Австрияда Навальныйды эскерген митингдер өтө турганы маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG