Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Жакынкы Чыгыш: Аймакта жаңжал жайылып кетпейби?


Тегерандагы Ирандын Революция сакчылары корпусунун жоокерлери тартылган мурал, 30-январь, 2024-жыл
Тегерандагы Ирандын Революция сакчылары корпусунун жоокерлери тартылган мурал, 30-январь, 2024-жыл

Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы иранчыл топторго каршы операцияларын уланта берерин билдирди. АКШнын жана Британиянын күчтөрү 4-февралда Йемендеги буталарга дагы бир нече ракета атты.

Анын алдында америкалык аскерлер Иорданиядагы 3 жоокеринин өлүмүнө жооп кайтарып, Ирак жана Сириядагы Иран колдогон согушкер топторго сокку урган. Муну менен региондогу жаңжал ого бетер ырбай берет деген кооптонуу күчөп баратат.

Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы соккулар

АКШнын Борбордук командачылыгы жекшембиде хуситтердин Кызыл деңиздеги кемелерге каршы колдонууга даярдалып жаткан канаттуу ракеталарына “коргонуу максатында” сокку урулганын билдирди.

"Рейтерс" жана AP агенттиктери маалымдагандай, америкалык жана британиялык аскерлер ишембиде Йемендеги хуситтердин 13 жердеги буталарына 36 сокку урушкан.

Жакынкы Чыгыш: АКШ Иран колдогон топторго каршы операциясын улантат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Өткөн жылдын 19-ноябрынан бери Ирандын колдоосуна ээ болгон хуситтер соода кемелерине чабуул коюп келатат. Муну менен алар Газадагы Израилдин аскердик операциясы үчүн өч алып жатканын айтышууда.

Жыл башында АКШ жана Британия куралдуу топтун жайларын бутага ала баштаган.

17-январда Вашингтон хуситтерди “Глобалдык террордук топтордун” тизмесине киргизген.

Согушкер топтун басма сөз катчысы АКШ менен Британиянын ишемби күнкү соккуларына жооп кайтарыларын айтты. Ошол эле маалда канча кишиси каза тапканын маалымдаган жок.

Ал эми жума күнү АКШ Иорданиядагы үч аскеринин өлүмү үчүн өч алуу операциясынын алкагында Ирак менен Сириядагы иранчыл топторду да бутага алган.

Вашингтондун расмий өкүлдөрү Тегеран колдогон уюмдардын Жакыңкы Чыгыштагы жайларына каршы операция уланарын билдиришти.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби мындан аркы аскердик операциялардын чоо-жайын ачыкка чыгара албасын, “администрация Ирандын Революция сакчылары корпусуна жана алар колдогон топторго каршы кошумча чара көрөрүн” билдирди.

Анын алдында Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан да ушундай билдирүү жасаган.

"Бул биздин биринчи гана жообубуз. Бул багытта дагы кадамдар жасалат. Биздин эр жүрөк үч жоокерибиздин кайгылуу өлүмүнө жооп иретиндеги айрым аракеттерди жалпы коомчулук көрөт, кээ бирлери көз жаздымда калмакчы. Иран колдогон топтор же хуситтер Ирактан жана Сириядан дагы кол салышат деген божомолду жокко чыгара албайбыз."

Ошол эле маалда америкалык расмий адамдар Ирандын аймагына сокку урулбай турганын айтып келатышат.

Тегеран сөз болгон согушкер топторду колдогону менен, жаңжалга тикелей катышкан эмес. Пентагон Иран менен согушка баргысы келбегенин, Тегеран дагы урушту каалабайт деп ишенерин билдирди.

Жума күнү жыйындардын бирине катышкан Ирандын президенти Эбрахим Раиси анын өлкөсү согуш баштабаганын, ошентсе да опузалагандарга “олуттуу жооп кайтарыларын” билдирди. Бирок ал өз сөзүндө АКШнын соккуларын кеп кылган жок.

АКШнын өч алуу операциясы

28-январда пилотсуз учак АКШнын Иорданиядагы базасына кол салганда, үч аскер каза тапкан, 40ка жакыны жарадар болгон.

Ошондон кийин президент Жо Байден чабуулдун артында “Тегеранга таянган” радикалдуу топтор турганын айтып, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын эскерткен.

Өч алуу операциясынын алкагында 2-февралда Кошмо Штаттар иранчыл согушкер топтордун Ирак жана Сирияда жайгашкан штабдарын, командалык пункттары менен борборлорун, курал-жарак кампалары менен бункерлерин бутага алганы кабарланган.

Вашингтон муну менен Тегеранга эскертүү жасалганын кошумчалаган.

Ирактын ал-Каим шаары бомбалоодон кийин. 3-февраль, 2024-жыл
Ирактын ал-Каим шаары бомбалоодон кийин. 3-февраль, 2024-жыл

Пентагондун билдирүүсүнө ылайык, бардыгы болуп Сирия жана Ирактагы 85 объектке сокку урулду, 125 ракета менен башкарылуучу бомба атылды.

Ирак АКШнын дипломатиялык миссиясынын жетекчисин чакыртып, нааразылыгын билдирди. Расмий Багдаддын билдирүүсүндө АКШ бомбалаган кээ бир жайлар жарандык инфраструктуранын жанында жайгашканы, 16 киши каза таап, 23 киши жараат алганы айтылат.

"Рейтерс" агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын чыгышындагы Дейр ал-Зур провинциясында 23 согушкер окко учту.

Ирандын Дамаскыдагы элчиси Хосейн Акбари "Фрас" агенттиги келтирген комментарийинде Иранга байланышкан жайларга бомбалар тийбегенин, “Сириянын жарандык инфраструктурасына зыян келтирилгенин” белгиледи.

Бул тууралуу "Рейтерс" агенттиги кабарлады.

Сириялык аскердик эксперттер агенттиктин кабарчысы менен маектешүүдө ал соккулар өлкөнүн эгемендигин бузат деген ою менен бөлүштү.

Соңку окуяларга байланыштуу Газадагы согуш курчуп турган кезде Жакыңкы Чыгыш ири жаңжалдын кучагында калат деген кооптонуу күчөдү. Ошол эле маалда регион боюнча америкалык аналитик Жонатан Лорд региондогу тынчтык АКШнын кызыкчылыгына төп келерин белгилейт:

"Бул соккуларды кайсы бир деңгээлде эскалация деп атаса болот, чектелген эскалация деп айтат элем. Бирок мындан ары урула турган соккулардын масштабын билбейбиз. Азыркы маалыматтардан баамдасак, буга чейин америкалык жоокерлер каза тапкан же жарадар болгон учурларда да ушундай эле жооп кайтарылып келген болчу. Мунуңкусунда көбүрөөк сокку урулуп, көбүрөөк жайлар бутага алынганы да бар."

Ал тапта Израил Газада ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы согушун улантып, түштүк тараптагы Рафах жана Хан-Юнис шаарларында артиллерия менен чабуул жасап жатканын кабар агенттиктери күбөлөргө шилтеме жасап маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG