Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Газа: Израил армиясы Хан-Юнис шаарында аскердик операциясын жыйынтыктады


Газа тилкеси
Газа тилкеси

Газада согуштук операция жүргүзүп жаткан жөөт аскерлери Египеттин чек арасына жакын жердеги Рафах шаарына багыт алары маалым болду. Израилдин коргоо министри Йоав Галлант билдиргендей, Хан-Юнисте АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал уюмунун кеминде эки миңдей жоочусу жана аларга таандык делген туннелдер түйүнү жок кылынды.

"Биз Хан-Юнистеги миссиябызды жыйынтыктап жатабыз. Эми биз Рафахка жетип, ал жактагы террорчулардын баарын жана бизге кол салууга ниет кылгандардын баарын жок кылабыз" деди министр.

Израил армиясы Хан-Юнис шаары ХАМАСтын негизги таянычы экенин билдирип, бир нече жумадан бери ал жакты катуу бомбалап жаткан. Рафах шаары Египет менен чек арага жакын жайгашкан. Ал жакта азыр анклавдын башка аймактарынан качып келген палестиндер баш калкалап турат.

ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилдин конуштарына кол салып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алып кеткенден кийин ЦАХАЛ согушкерлерге каршы Газа тилкесинде согуш баштаган. Андан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 27 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG