Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Жакынкы Чыгыш: АКШ төрт израилдикке санкция салды


Батыш жээктеги палестин тургун
Батыш жээктеги палестин тургун

Израил армиясы Газа тилкесининин түштүгүндө жайгашкан Хан-Юнис шаарындагы аскердик операциясын жыйынтыктаганын жарыялады. Эми жөөт аскерлери Египеттин чек арасына жакын жердеги Рафах шаарына багыт алары маалым болду. Ал арада АКШ Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги палестиндерге каршы зордук-зомбулукка тиешеси бар израилдиктерге санкция киргизди.

Рафахта согуш уланат

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант билдиргендей, Хан-Юнисте (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) ХАМАС радикал уюмунун кеминде эки миңдей жоочусу жана аларга таандык делген туннелер түйүнү жок кылынды.

"Хан-Юнистеги ХАМАСтын бригадасы ЦАХАЛга катуу туруштук берерин айтып мактанган эле. Бүгүн алар чачырап жок болду. Биз Хан-Юнистеги миссиябызды жыйынтыктап жатабыз. Эми биз Рафахка жетип, ал жактагы террорчуларды жана бизге кол салууга ниеттенгендердин баарын жок кылабыз", - деген Галлант ХАМАСтын согушкерлеринин курал-жабдыгы түгөнүп баратканын кошумчалады.

Согушка чейин Хан-Юнисте 400 миңдей киши жашачу. Израил армиясынын аскердик операциясы башталганы Газанын түндүгүнөн ал жакка миңдеген адамдар агылган.

Бир нече күн ичинде калаадагы ооруканалар, мектептер жана башка коомдук жайлар качкындарга жык толуп калган.

Калаада гуманитардык кризис жаралып, медиктер жугуштуу оорулардын очогуна айланышы мүмкүндүгүн эскертишкен.

Көп өтпөй израил армиясы Хан-Юнис шаары радикал уюмдун негизги таянычы экенин билдирип, ал жакты бомбалай баштаган.

Галлант айткан Рафах шаары Египет менен чек арага жакын жайгашкан. Ал жакта азыр анклавдын башка аймактарынан качкан палестиндер баш калкалап жатат. Рафахта аскердик операция башталса, алардын абалы кандай болору белгисиз.

ХАМАС радикал уюму жооп бере элек

Бул арада египеттик жана катарлык ортомчулар өткөн жумада Парижде келишилген Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга ХАМАС оң жооп берерине үмүттөнүп жатышат.

“Рейтерс” агенттиги палестин аткаминерлерине шилтеме жасап кабарлагандай, жаңы макулдашууга ылайык, ок атышууну токтотуу жараяны эки баскычтан турат. Алгачкы баскычта согуш 40 күнгө токтотулат. Бул убакыт аралыгында ХАМАС радикал уюму туткундагы 100дөй кишини бошотушу зарыл.

Кийинки баскычтарда жөөт аскерлеринин жана туткунда жатып каза болгондордун сөөктөрүн Израилге өткөрүп берүү каралган.

Израил ортомчулардын сунушуна макулдугун билдиргени 30-январда маалым болгон.

Ысымы аталбаган палестин аткаминери “Рейтерске” билдиргендей, ХАМАСтын сунушту четке кагуу ыктымалдыгы аз.

Бирок радикал уюм согуштук аракеттер кайра жанданбайт деген кепилдик талап кылышы мүмкүн, Израил азырынча буга макул болбойт.

Жакынкы Чыгыш: АКШ төрт израилдикке санкция салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

Байден Батыш жээкте отурукташкан төрт израилдикке санкция салды

АКШ президенти Жо Байден Иордан дарыясынын палестиндерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө тиешеси бар Батыш жээкте отурукташкан төрт израилдикке санкция киргизди.

Байден кол койгон буйрукта Батыш жээктеги зомбулук “болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткени” белгиленген.

Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда 7-октябрда согуш башталганы, Батыш жээкте зордук-зомбулук күч алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде бул убакыт ичинде Батыш жээкте 370тей палестиндин өмүрү кыйылган. Алардын көбү жөөт армиясынын колунан каза тапса, кеминде сегиз палестиндин өлүмүнө ал жакка көчүп барган израилдиктердин тиешеси болгон.

Байдендин администрациясы бул буйрук кимдир-бирөөнү бөлүп-жарууга багытталбаганын, ал мүлктү күч менен басып алууга, жарандарды коркутуп-үркүтүүгө жана башка зомбулук аракеттерине барууга катыштыгы бар израилдиктерге да, палестиндерге да тиешелүү экенин билдирди.

Мындай санкция израилдиктерге карата АКШ администрациясы тарабынан биринчи жолу киргизилди. Байден ага негизинен араб тектүү америкалыктар Мичиган штатына барар алдында кол койду.

"Бүгүнкү кадамдар декабрь айында кабыл алган аракеттерден кийин жасалды. Анда Батыш жээктеги зордук-зомбулукка жана туруксуздукка шарт түзгөн ондогон адамдарга визалык чектөөлөр киргизилген. Адамдардын улутуна, динине, эч нерсесине карабай аларга экстремисстик зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү эч кандай актоого болбойт", - деди Мамдепартаменттин өкүлү Мэтью Миллер.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Мэтью Миллер.
АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Мэтью Миллер.

Байден кол койгондон көп өтпөй, Израилдин бийлиги нааразылыгын билдирип, Батыш жээкте отурукташкан израилдиктерди “мыйзамга баш ийген” жарандар деп сыпаттады.

Батыш жээкте жайгашкан жөөттөрдүн Эфрат конушунун мэри Одед Ревиви дароо жооп кайтарды.

“Кошмо Штаттардын президенти кол койгон буйрук бир эле учурда иренжитип, таң калтырууда. Байден мындай буйрукка кол коёрдун алдында баардык фактыларды тыкыр карап чыкса болмок экен. Эл аралык коомчулук келтирген сандар чындыкка дал келбестигин кепилдей алам”, - деди ал.

ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилдин конуштарына кол салып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алып кеткенден кийин ЦАХАЛ согушкерлерге каршы Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, андан бери 27 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG