Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Украина: Авдеевканы алуу эмне үчүн маанилүү?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орус армиясы соңку бир аптадан бери Донецк облусундагы Авдеевкага тынымсыз сокку урууда. Украинанын Башкы штабы 15-октябрда билдиргендей, аймакка жасалган 15 чабуулдун мизи кайтарылган.

Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясы бул аймакта "активдүү коргонуу" позициясында экенин айтты.

Ал эми айрым блогерлер чабуул өтө жай жана кыйынчылык менен жүрүп жатканын жазышууда.

Украинанын чыгышында орус армиясынын 15-октябрдагы аба чабуулдарынан алты карапайым тургундун өмүрү кыйылганын Харьков облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Синегубов билдирди.

Синегубов кошумчалагандай, облустагы дагы эки район аба чабуулуна дуушар болду. Жарылуудан Волчанскийде көп кабаттуу турак жай жабыркады. Ал эми Купянск районунда "айыгышкан салгылаш" уланып жатканы кабарланды.

Авдеевка бир аптадан бери катуу чабуулда калды

Дүйшөмбүгө караган түнү Авдеевка шаары катуу аткыланып жатканда эки карапайым тургун мүрт кеткени маалым болду.

Орус армиясы дал ушул Донецк облусунун Авдеевка аймагында чабуулун бир аптадан бери улантып, шаарды курчоого алуу аракетин көрүүдө. 16-октябрда Украинанын Башкы штабы орусиялык күчтөрдүн чабуулу "ийгиликсиз" болуп жатканын билдирди.

Фронттун линиясына жакын бул шаарда украин бийлигинин эсебинде 1600 жашоочу кала берүүдө. Шаардык аскердик администрациянын башчысы Виталий Барабаш украин радиосуна курган маегинде орусиялык аскерлердин Авдеевкада жанданып жатканын шаардын стратегиялык мааниси менен түшүндүрдү.

"Алар Авдеевканы алса, Покровскиге чыгарын, андан ары жылууга оңой болорун сезип турат. Андыктан Авдеевка алар үчүн өтө маанилүү", - деди Барабаш.

Соккудан жабыркаган үй. Авдеевка шаары. 14-октябрь.
Соккудан жабыркаган үй. Авдеевка шаары. 14-октябрь.

Орусиянын Коргоо министрлиги жана согуш кабарчылары Авдеевка тууралуу маалыматтарды аз чыгарууда. Бир катар кремлчил блогерлер орусиялык күчтөр алдыга жылганын, башкалары чабуул өтө жай жана кыйынчылык менен жүрүп жатканын жазууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-октябрда мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып, орус армиясы "активдүү коргонуу" позициясында экенин айтты.

"Азыр бардык тилкелерде жүрүп жаткан иштер "активдүү коргонуу" деп аталат жана биздин аскерлер дээрлик бул аймакта өз позицияларын күчтөп жатат. Кеп Купянск, Запорожье жана Авдеевка жөнүндө болуп жатат", - деди Путин.

ISW: Путин Авдеевканы "аңдыйт"

Америкалык Согушту изилдөө институтунун (ISW) талдоочулары "президент Путин орусиялык аскерлердин Донецк облусундагы Авдеевка аймагындагы масштабдуу чабуулу тууралуу орусиялыктардын "үмүтүн" басууга аракет кылууда", - деп жазат.

Мындан улам серепчилер Путин мамлекеттик телеканалга курган маегинде орус аскерлеринин Авдеевка аймагындагы аракеттерин "активдүү согуштук операциялар" эмес, "активдүү коргонуу" деп сыпаттаганын баса белгилешет.

Баяндамда орус армиясы 10-октябрдан бери Авдеевканы курчоого алуу үчүн сокку уруп жатканын, бирок аскерий операциялардын ыргагынын басаңдаганынан улам олуттуу жылыш боло электиги айтылат.

"Орусиялык күчтөр жакын арада олуттуу жылыштарды жасай албайт же украин күчтөрүн эл отурукташкан аймактарда жок кыла албайт. Масштабдуу жылыштар үчүн аскерлердин жана техниканын олуттуу жана узакка созулган милдеттерди аткаруусу талап кылынат", - деп жазылат Согушту изилдөө институтунун баяндамасында.

Ал тапта британиялык The Economist журналы орус аскерлери жакында Авдеевка шаарын толугу менен курчоого алышы мүмкүн экенин жазды. Басылманын маалыматы боюнча орус армиясынын азыркы чабуулу - согуш башталгандан бери эң айыгышкан салгылашуулардын бири. "Украинанын куралдуу күчтөрү ийгиликсиз контрчабуулдан улам согуш талаасында демилгени сактап кала алган жок", - деп жазылат макалада.

Украинага контрчабуул башталгандан бери Авдеевка айыгышкан салгылашуулардын чордонуна айланган. Артиллериялык аткылоо жана абадан соккудан шаардын бир бөлүгү дээрлик урандыга айланган.

"Душмандын максаты ачык-айкын"

Серепчилердин айтымында, орус аскерлери Авдеевкага өзгөчө көңүл бурат. Бул шаарды басып алуу менен алар украин аскерлерин Донецктен артка сүрүп чыгууну көздөйт. "Бирок орусиялык күчтөр үчүн украин аскерлерин Запорожье жана Бахмут аймагындагы чабуулдардан башка нукка буруу андан да маанилүү", - деп жазат Батыш маалымат каражаттары.

Тарас Березовец.
Тарас Березовец.

Мындай пикирди атайын багыттагы Иван Богунов атындагы бригаданын офицери Тарас Березовец да ырастайт.

"Душмандын жалпы максаты ачык-айкын: биздин резервдерибизди башка жакка буруп, Мелитополь жана Бердянск багыттарында резервдик бөлүктөрүбүздү колдонууга жол бербөө", - деди Березовец "Настоящее время" телеканалына берген маегинде.

14-октябрда Киев орус күчтөрү Авдеевкага бир нече күндөн бери басып кирүүгө аракет кылып жатканын билдирген, бирок Украинанын президенти Владимир Зеленский шаарды коргогон күчтөр өз ордунда экенин айткан.

Украин армиясынын расмий өкүлү Наталья Гуменюк билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндөгү орус күчтөрү түн ортосунда карапайым тургундар жашаган аймактарды, жарандык инфратүзүмдөрү жана айыл чарба ишканаларын тынымсыз аткылоодо.

Гуменюктун айтымында, Украинанын бул аймактагы чабуулдарга каршы аракеттери учурда Днепр дарыясынын айланасына багытталган.

Ал эми Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февраль айынан бери украиналык 9083 жайкын тургун каза болуп, 15 779 киши ар кандай жараат алганы БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын июнь айындагы баяндамасында айтылган.

Докладдын авторлору билдиргендей, набыт болгондордун басымдуу бөлүгү Донецк жана Луганск облустарына туура келет.

Украинадагы согушта карапайым калктан тышкары, ар кандай маалыматтар боюнча бир нече жүз миңге чейин жоокер жарадар жана набыт болгон. Киев дагы, Москва дагы каршы тараптын жоготууларын айтканы менен, өз жоготууларын ачыкка чыгарбайт. Согуш шартында мындай кабарларды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG