Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Зеленский: Орусия согушту убактылуу токтотуунун жолун издеп жатат


Орус армиясынын дүкөнгө тийген ракетасынан мүрт кеткендердин сөөктөрү. 5-октябрь, 2023-жыл.
Орус армиясынын дүкөнгө тийген ракетасынан мүрт кеткендердин сөөктөрү. 5-октябрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясынын Харьков облусунун Купянск районундагы азык-түлүк дүкөнүнө жасалган ракеталык соккусу кеминде 48 кишинин өмүрүн алды. Украинанын президенти Владимир Зеленский чалгын кызматтарынын маалыматына таянып, Москва учурда Украинадагы согушту убактылуу токтотуп туруу жолдорун издеп жатканын билдирди.

Орусиянын армиясынын Харьков облусунун Купянск районундагы азык-түлүк дүкөнүнө жасалган ракеталык соккусу кеминде 48 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу телеграм-каналы аркылуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

“Орус террорун токтотуу керек. Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жаткандардын баары - кылмышкерлер. Орусияны ушул күнгө чейин колдоп келгендер, карөзгөйлүктү колдоп жатышат. Бул жана ушуга окшош терактар Орусияга бир эле максатта керек - өзүнүн тукум курутуучу агрессиясын бүтүндөй дүйнө үчүн демейки көрүнүшкө айланткысы келет. Бизди адам өмүрүн сактоо жагынан колдоп жаткан ар бир лидерге жана мамлекетке ыраазычылыгымды билдирем”, - деди Зеленский.

Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов тактагандай, орус армиясы Купянск районуна караштуу Гроза айылындагы дүкөнгө жана азык-түлүк дүкөнүнө сокку урган.

"Азыркы учурга карата урандылардын астынан 48 кишигин сөөгү чыгарылды. Алардын арасында алты жашар бала да бар. Алты киши жаракат алды. Медиктер аларга керектүү жардамды көрсөтүп жатышат", - деп жазды Синегубов.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуул тууралуу маалымат бере элек. Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Ушул эле күнү Орусиянын армиясы Херсон облусундагы Берислава районуна беш жолу абадан сокку урду. Алардын бири ооруканага тийгенин аймак губернатору Александр Прокудин билдирди.

"Толугу менен төртүнчү кабат талкаланды. Дагы бир кабат жарым-жартылай жарактан чыкты. Душмандын соккусу "Тез жардам" автоунааларына зыян келтирди", - деп жазды ал Телеграмга.

Аба чабуулунан эки медицина кызматкери жабыркаган. Ушул эле күнү мурдараак орус армиясынын соккусунан Херсондо бир жай тургундун өмүрү кыйылганы маалым болгон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Орусия Украинадагы согушту убактылуу токтотууну көздөйбү?

Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул тапта Испаниянын Гранада шаарында өтүп жаткан Европа саясий коомчулугунун саммитине катышууда. Анын айтымында, Киев үчүн азыр баарынан да абадан коргонуу системасын бекемдөө зарыл.

"Украинага кышында коргонуу калканы керек. Анткени кышында Орусия ракеталардын ар кандай түрлөрү менен, анын ичинен Ирандын дрондору менен чабуул коёру күтүлүүдө", - деди Зеленский.

Өткөн кышта Орусиянын армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасын аёосуз аткылаган. Зеленский чалгын кызматтарынын маалыматына таянып, Москва учурда Украинадагы согушту убактылуу токтотуп туруу жолдорун издеп жатканын билдирди. Анткен менен, Зеленскийдин сөзүнө караганда, Орусия мындай кадамга тынчтык орнотууну каалаганы үчүн эмес, аскердик потенциалын калыбына келтирүүнү көздөгөнү үчүн баргысы келет.

Зеленскийдин айтымында, эгер андайга жол берилсе, 2028-жылы Орусия кайрадан кол салат. Анда бир гана Украинага эмес, Балтика мамлекеттерине жана башка өлкөлөргө да чабуул коюшу мүмкүн экенин белгиледи украин президенти.

"Путин өз агрессиясын кеңири жайылта электе, Украина бул согушта жеңиши керек", - деп жазды Зеленский.

Ал Евробиримдикке мүчө мамлекеттерди бирдиктүү болууга чакырды. Жакында эле АКШ Украинага каралган каражатты берүүнү убактылуу токтотуп койгон. Украин президенти Америка Киевди колдоону уланта берерине ишенерин айтты. Зеленский Украинага жаңы абадан коргонуу системалары, артиллерия, ракета жана дрон жагынан каралашууга чакырды.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель Евробиримдик Украинага көрсөткөн жардам АКШныкына жетпестигин белгилеп, Вашингтонду Украинаны колдоону улантууга чакырды.

АКШда азырынча 2024-жылдын бюжети кабыл алына элек. Ага Украинага жардам да киргизилиши керек. Азырынча ноябрдын ортосуна чейин кабыл алынган бюжетте Украинага бөлүнчү каражат каралган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG