Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Politico: Вашингтон Украинадагы коррупцияга кабатыр


АКШнын президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Володимир Зеленский. 21-сентябрь, 2023-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Володимир Зеленский. 21-сентябрь, 2023-жыл.

АКШ Украинанын жогорку бийлигиндеги коррупциянын жайылышына тынчсызданып жатканын Politico басылмасы колуна тийген жашыруун документке таянып жазды. Пентагондун казынасында Украинага жардам көрсөтүү үчүн дагы 5,2 миллиард доллар бар экени маалым болду. Киевде чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинага канча керек болсо, ошончо колдоо көрсөтөрүн ишарат кылышты.

Евробиримдиктин "тарыхый" жыйыны

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-октябрда Киевде чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлерине Киевдин жеңиши түздөн-түз шаркет менен кызматташуудан көз каранды экенин айтты.

"Украина жана эркин дүйнө бул кармашта жеңерине ишенем. Бирок биздин жеңишибиз түздөн-түз силер менен кызматташуубуздан көз каранды. Кадамдар канчалык чечкиндүү жана бекем болсо, бул согуш ошончолук тез аяктайт", - деди Зеленский.

Ал ошондой эле чогулгандарга Орусияга жасалган санкциялык басым «жетиштүү эмес экенин» айтып, «Орусиянын санкцияларды буйтап өтүү схемаларына» чекит коюп, Москвага аскердик кубатын чыңдоого мүмкүнчүлүк берип жаткан тетиктердин жеткирилишин токтотуу үчүн кызматташууну кеңейтүүгө чакырды.

«Бул Украинанын эле эмес, согуштун аякташын каалаган дүйнөдөгү баардык адамдардын кызыкчылыгына туура келет», - деп кошумчалады Зеленский. Ал Иранга каршы санкцияларды кеңейтүүгө үндөдү. Иран Орусияга «Шахед» дрондорун берип жатканы маалым. Алар менен Москва күнүгө Украинага сокку урат.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Киевдеги жолугушууну тарыхый деп мүнөздөдү. Ал ошондой эле шаркет Украинаны канча керек болсо ошончо колдой берерин ишенимдүү айтты.

Киевде чогулган Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 2-октябрь, 2023-жыл.
Киевде чогулган Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 2-октябрь, 2023-жыл.

"Путин бизди жеңем десе катуу жаңылышат"

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жолугушуу Евробиримдиктин келечектеги чек арасынын ичинде өткөнүн айтып, өнөктөштөрүн Кремлдин саясатына каршы бекем турууга чакырды.

«Путин Батыш жана жалпы дүйнө Украинаны колдоодон чарчайт деп күтөт», - деди ал.

Айткандай эле, Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыш жакында согуштан, Украинага «беймаани демөөрчү» болуудан чарчай турганын боолгоду. Песков мындай пикирин АКШнын Конгресси шатдаунду (жапырт токтотуп коюуну) алдын алуучу мыйзам долбооруна Украинага каржылык жардамды убактылуу киргизбей койгондон кийин айтты. Бирок Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Кремлдин мындай ойлору ишке ашпасын белгилеп, Вашингтон Киевге жардам көрсөтө берерин белгиледи:

"Украинанын артында күчтүү, абдан күчтүү эл аралык коалиция турат. Эгер Путин бизди жеңем десе, анда ал катуу жаңылышат. Жакын арада биз Украинанын эр жүрөк элине туруктуу колдообузду көрсөтүү үчүн жардамдын дагы бир топтомун жөнөтүүбүз мүмкүн".

АКШ Конгресси шатдаунду алдын алуучу мыйзам долбооруна Украинага жардамды убактылуу киргизбей койгондон кийин дагы Киевге аскердик жана башка жардам жөнөтүү үчүн Пентагодун казынасында беш миллиард доллардан ашуун каражат бар. Бул тууралуу WSJ басылмасы жазды.

5,2 миллиард доллар Байдендин администрациясы Украинага Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн соңку алты ай ичинде жөнөткөн курал-жабдыктын баасына барабар.

Жалпысынан Вашингтон Орусия Украинага негизсиз согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери 45 миллиард доллардай жардам көрсөттү. Америкалык расмий адамдардын айтымында, Киевге жардам ар эки апта сайын жөнөтүлүп жатат.

Бирок Конгресс кийинки кошумча жардамды качан жактырары белгисиз болгондуктан, Пентагон Америка куралдуу күчтөрүнүн запастарын толуктоого каражат үнөмдөө үчүн Киевге жардамдын жаңы топтомун жөнөтүүнү убактылуу токтотуп коюшу ыктымал.

Шатдаунду алдын алуучу мыйзам долбооруна Украинага каржылык жардам азырынча киргизилген жок. Байдендин администрациясы Киев үчүн 24 миллиард доллар сураган.

Politico басылмасынын маалыматы

Ал арада Вашингтон Украинадагы жемкорлук фактыларына көбүрөөк тынчсызданып жатканын Politico басылмасы колуна тийген Американын стратегиясы тууралуу купуя документке таянып жазды. Андагы АКШнын узак мөөнөттүү планына ылайык, Вашингтондун Киевдеги жемкорлукту жеңүүгө багытталган бир катар кадамдары келтирилген.

Басылма жазгандай, украиндердин жогорку бийлигиндеги коррупция коомчулуктун жана чет элдик лидерлердин азыркы өкмөткө болгон ишенимине доо кетириши мүмкүн.

Документтин жашыруун версиясында Вашингтон Украинадагы паракорчулуктун тамырын кыркуу үчүн расмий Киевге басым жасоону көздөөрү белгиленген.

Байдендин кеңешчилери Украинадагы коррупция тууралуу ачык айтпай коё туруу керек деп келишкен. Муну менен алар Киевге тилектештигин билдирип, ансыз да араң турган республикачылардын Украинага көрсөтүлгөн аскердик жана экономикалык жардамды сындашына мүмкүнчүлүк бербөөнү көздөшкөн.

Май айында Украинанын Жогорку Cотунун төрагасы Всеволод Князев 2,7 миллион доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG