Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:59

"Тажия учурунда ракета түштү". БУУ Харьковго урулган соккуну айыптады


6-октябрда эртең менен орус армиясынын ракеталык соккусунан Харьков облусунда 10 жаштагы бала менен чоң энеси мүрт кетти. Дагы 28 киши жараат алганы, жабыркагандар арасында 11 айлык наристе бар экени кабарланды. Калаа мэри Игорь Терехов соккулар “жарандык объектилерге гана” урулганын билдирди.

Ага чейин бейшембиде Харьков облусунун Гроза айылына урулган соккудан өлгөндөрдүн саны 52 адамга жетти. Бийликтин маалыматында, бул Харьков облусундагы орусиялык армия кол салгандан берки эң ири жоготуу.

Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов жума күнү таңда шаарга эки ракета, алдын ала маалыматтарга караганда, “Искандерлер” менен сокку урулганын билдирди. Ракеталардын бири үч кабаттуу үйгө тийип, өрт тутанган.

Харьков шаары. 6-октябрь, 2023-жыл.
Харьков шаары. 6-октябрь, 2023-жыл.

Куткаруучулар соккудан улам талкаланган үйдөн 10 жаштагы баланын сөөгүн алып чыгышкан. Кийин анын 68 жаштагы чоң энеси да көз жумганы белгилүү болду.

Украин куралдуу күчтөрү билдиргендей, 6-октябрга караган түнү Орусия өлкө аймагына 33 дрон менен чабуул койгон. Алардын 25и Одесса, Николаев, Харьков, Днепропетровск, Черкасск жана Житомир облустарында абадан атып түшүрүлгөн.

Гроза: соккудан өлгөндөрдүн саны 52 адамга жетти

Бейшембиде орус армиясы Харьков облусунун Купянск районуна караштуу Гроза айылындагы дүкөнгө жана азык-түлүк дүкөнүнө сокку урган. Чабуул 5-октябрда кафеге эл тажияга чогулганда жасалган.

"Мурда башка жерге коюлуп калган аскердин сөөгүн айылга алып келип койгонбуз. Айыл эли тажияга чогулган. Ошол эл чогулган жерге ракета түштү. Көп киши өлдү. Апам, иним жана анын кызы өлдү", - деди айыл тургуну Александр Муховатый.

Гроза айылына жасалган ракеталык сокку 52 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Бийликтин маалыматыда, бул Харьков облусундагы орусиялык армия кол салгандан берки эң ири жоготуу.

Бейшембиде БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик жана Еврокеңештин баш катчысы Мария Пейчинович жай тургундарга кол салууну айыптады.

"Башкы катчы Украинанын Харьков облусунун Купянск районундагы кол салууну кескин айыптайт. Эл аралык гуманитардык укук боюнча жарандарга жана жарандык инфраструктурага каршы чабуулдарга тыюу салынган. Алар дароо токтотулушу керек", - деп билдирди Дужарpик.

6-октябрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Гроза айылындагы 52 кишинин өмүрүн алган соккуда карапайым калк аткыланганын четке какты. Ал Москва аскердик объектилерге жана аскерлер гана чогулган жерге чабуул коюларын белгиледи.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Купянск району Харьков облусунда жайгашкан. Ал эми ракета түшкөн Гроза айылында 300дөй адам жашайт.

"Челектин түбү көрүнө баштады"

Украинанын Орусияга каршы күрөшүү үчүн ок-дарылары түгөнүп баратканын шейшембиде Би-Би-Си НАТО жетекчилигине шилтеме берип жазды.

НАТОнун аскерий комитетинин төрагасы Роб Бауэр ушул апта Варшавада өткөн коопсуздук форумунда сүйлөгөн сөзүндө согуштук өнөр жайга ондогон жылдар бою аз каражат жумшалганын, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ансыз деле ок-дары кампалары жарым жартылай бош турганын белгиледи.

Роб Бауэр.
Роб Бауэр.

"Бизге чоң көлөмдөгү каражат талап кылынат. Либералдык экономикабызда 30 жылдан бери карманып келе жаткан "өз убагында жана талап кылынгандай көлөмдө" принциптери көп жагынан жакшы, бирок согуш учурундагы куралдуу күчтөр үчүн жарабайт", - деди Роб Бауэр.

Британиянын коргоо министри Жеймс Хиппи ушул эле форумда Батыштын курал камы "акырындап түгөнүп баратканын" билдирди. Ал НАТО боюнча союздаштарын мурда милдеттенме алгандай ИДӨнүн 2% коргонууга жумшоого чакырды.

"Эгерде азыр, Европада согуш болуп жатканда, коргонууга 2% жумшай турган убак эмес болсо, анда аны дагы качан сарптоо керек?", - деди британ аткаминери.

Владимир Зеленский жана Жо Байден. Киев шаары. 20-февраль, 2023-жыл.
Владимир Зеленский жана Жо Байден. Киев шаары. 20-февраль, 2023-жыл.

Ал тапта Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден 1-октябрда Вашингтон Украинага аскердик жардам берүүнү улантарын билдирген. Мындан улам Конгресске кайрылып, бул максаттарга каражат бөлүп берүү маселесинде мүмкүн болушунча эртерээк мунаса табууга чакырган.

Мунун алдында Конгресстин эки палатасы тең убактылуу, 45 күнгө эсептелген бюджет тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган, анда Киевге жардам берүүгө каражат каралган эмес. Эгерде убактылуу бюджет тууралуу мунаса табылбаса, соңку он жылдын ичиндеги төртүнчү “шатдаун” (текши токтотуу) башталмак.

Байден "биз Украинага колдоо көрсөтүүнүн токтоп калышына эч кандай шартта жол бере албайбыз" деди жана Конгресстин бул багытта чечим кабыл алышына анча деле көп убактысы жоктугун белгиледи.

Байдендин администрациясы Украинага баасы 24 миллиард доллар деп эсептелген курал-жарак жөнөтүүгө аракет кылып жаткан. Буга негизинен Өкүлдөр палатасындагы жана Сенаттагы республикачылар каршы чыккан. Демократтар менен республикачылар бюджеттеги дагы башка беренелерге байланыштуу дагы талашып-тартышкан.

Ал эми 5,2 миллиард доллар Байдендин администрациясы Украинага Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн соңку алты ай ичинде жөнөткөн курал-жабдыктын баасына барабар.

Жалпысынан Вашингтон Орусия Украинага негизсиз согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери 45 миллиард доллардай жардам көрсөттү. Америкалык расмий адамдардын айтымында, Киевге жардам ар эки апта сайын жөнөтүлүп жатат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG