Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Жемилев: Кремлден кетмейинче Түрк биримдиги бекем болбойт


Мустафа Жемилев депортация курмандыктарын эскерүү митингинде. Крым. 2013-жыл, 18-май.
Мустафа Жемилев депортация курмандыктарын эскерүү митингинде. Крым. 2013-жыл, 18-май.

Крым татарларынын лидери, Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Мустафа Жемилев Өзбекстандын азыркы бийлигин сындап, аны тоталитардык деп сыпаттады. Ал Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн Орусиянын Украинага каршы согушуна карата бейтарап турумун крым татарларынын "душмандары менен бир катарда болуу" катары баалады.

Крым жарым аралында төрөлүп, Өзбекстанда өсүп-чоңойгон, совет доорунда таанылган диссидент Мустафа Жемилев Путин башында турган Кремлден коркуу сезими жоголмоюнча Өзбекстанда жүрүп жаткан түрк мамлекеттеринин биримдиги тууралуу саясий сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпайт деп эсептейт.

"Озодликтин" журналисти Барно Анвар Жемилев менен анын элинин тагдырын Өзбекстан менен байланыштырган окуялар, "Таш түрмөдө" анын башынан эмнелер өткөнү, президенттер Шавкат Мирзиёев, Владимир Зеленский жана Режеп Тайып Эрдогандын ортосундагы саясий сүйлөшүүлөр, ошондой эле Орусия аннексиялаган Крымдын тагдыры жөнүндө маектешти.

1944-жылы СССР Министрлер кеңешинин төрагасы Иосиф Сталиндин буйругу менен 150 миңден ашык крым татары Крым жарым аралынын аймагынан Өзбекстанга зордоп көчүрүлгөн болчу.

Алардын арасында "Таш түрмөдө" эң узак ачкачылык кармаган советтик диссидент, Крым татарларынын учурдагы лидери, азыр 80 жаштагы Мустафа Абдулжемил Жемилев да бар эле.

  • Мекенинен куулганганда Жемилев алты айлык бала болгон. Крым татарлары КГБнын көзөмөлүндө өтө оор шарттарда жашаган.
  • Мустафа Жемилев жаштайынан өз элинин тагдыры үчүн санаа тартып, 1961-жылы «Крым татарларынын жаштарынын бирлигин» негиздеген.
  • 1966-жылы Советтик армиянын катарында кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн бир жарым жылга «Таш түрмөгө» камалган.
  • 1969-жылы “СССРде адам укуктарын коргоо боюнча демилгелүү топтун” негиздөөчүлөрүнүн бири катары дагы үч жылга эркинен ажыратылган.
  • Ал жалпысынан алты жолу камакка алынган. Өзбекстандын абагында эң узак ачкачылык жарыялаган (303 күн) киши катары тарыхта калды.
  • 1989-жылы СССРдин акыркы жетекчиси Михаил Горбачев крым татарларын тарыхый мекенине кайтарганда Жемилев үй-бүлөсү менен Крымга көчүп барган.
  • 1991-жылы крым татар элинин Межлисинин төрагасы, кийин Украинанын Жогорку Радасынын депутаты болуп шайланган.
  • Мустафа Жемилев эр жеткенден бери крым татарларынын тарыхый мекенин орус баскынчыларынан бошотуу үчүн жигердүү күрөшүп келет.
  • 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин орус соту Жемилевдин 2034-жылга чейин мекенине келишине тыюу салган.
  • Жемилев бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси, анын талапкерлиги Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүлгөн.

- Жемилев мырза, Өзбекстан бүгүнкү күнгө чейин Украинадагы согуш маселесинде бейтарап турумду карманып келет. Ал эми президент Шавкат Мирзиёев дагы бул боюнча эч кандай билдирүү жасай элек. Сиз Өзбекстандын турумуна кандай карайсыз?

- Ал билдирүү жасаган жок, бул, демек мүмкүн эмес дегенди билдирет. Крымды басып алган учурда Мирзиёевдин өкмөтү Крым Орусиянын аймагы экенин расмий тааныган жок. Бирок андан бери же бейтараптыкты сактап, же БУУнун жыйындарында орустарды колдоп келет. Бизге минтип мамиле кылса, бул эмне болгон туугандык?! Өзбекстан Орусияга көз каранды.

2016-жылы Кыргызстанда Европарламенттин Ассамблеясынын качкындар боюнча жолугушуусу өткөн. Мен ал жакка Украинанын азыркы коргоо министри Рустем Умеров менен чогуу баргам. Бизди ал жерде бир нече саат кармап, кийин Рустем Умеровду камакка алган.

Учурда Мустафа Жемилев – Украина президентинин крым татар элинин иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Мустафа Жемилев президент Владимир Зеленский менен кол алышып учурашууда. Киев, 7-апрель, 2023-жыл.
Учурда Мустафа Жемилев – Украина президентинин крым татар элинин иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Сүрөттө: Мустафа Жемилев президент Владимир Зеленский менен кол алышып учурашууда. Киев. 2023-жыл, 7-апрель

Ошондо "Мустафа Жемилевдин жардамчысы камакка алынды" дешип, бүткүл дүйнөдө ызы-чуу кылышты. Кийин Түркиянын кысымы менен Умеров бошотулган. Мындайча айтканда, алар Орусияга көз каранды.

Ушул жылдын 7-апрелинде президент Зеленский мусулман аскерлер үчүн ооз ачар (ифтар) уюштурду, ал жерге негизинен крым татар аскерлери чакырылды. Зеленский сөз сүйлөдү, мен сүйлөдүм.

Мен өз сөзүмдө мындай дедим: "Эң кыйын кезеңде бизди колдогон бардык өлкөлөргө, анын ичинен кээ бир мусулман өлкөлөрүнө ыраазыбыз. Чынын айтсам, биз алардан көбүрөөк колдоо күткөнбүз. Мен жөнөкөй мусулманмын, ислам мыйзамдарын жакшы биле бербейм. Бирок мусулмандар кылмыш менен анын курмандыгын ажыратып-аңдоодо, жакшы менен жаманды ылгоодо бейтарап боло албастыгын билем. Биздин өлкөбүздү кыйратып, уулдарыбызды көз көрүнөө өлтүрүшкөндө, БУУ резолюция сунуштаганда, биз диндеш деп эсептеген туугандарыбыз эмне үчүн бейтарап бойдон калышты же орустарды колдоду? Бул кандай мусулманчылык?! Тилекке каршы, Өзбекстан дагы - алардын бири".

- Президент Зеленский эмне деди?

- Зеленский: "Сиз мен айтышым керек болгон нерсени айтып жатасыз, бирок президент катары мен айта албайм", – деди.

- Жемилев мырза, сиз азыр Зеленскийдин кеңешчисисиз, аны менен тыгыз баарлашып турасыз. Ал бүгүнкү Өзбекстан тууралуу, Шавкат Мирзиёев жетектеген азыркы өкмөт тууралуу кандай ойдо?

- Өзбекстан менен мамилебиз бар, аз да болсо соода-сатык жүргүзүүдөбүз. Албетте, бизге ушундай мамиле кылдыңар деп аларды өзүбүздөн алыстатпайбыз. Кандай болгон күндө да Өзбекстан өзүнчө мамлекет жана аны сактап калууга аракет кылып жатат.

Бирок Өзбекстан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр бизди колдоп жаткан Европа мамлекеттеринен, албетте, айырмаланат. Тактап айтканда, эгерде жардам сурасак, жардам берет, бирок алар тараптан [Өзбекстан менен Кыргызстанды эске алып жатат – Ред.] колдоо жок.

Жакында эле түрк мамлекеттеринин биримдиги тууралуу онлайн режимде сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул сүйлөшүүлөргө Түркиядан уюмдар жана айрым Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Көз карандысыз түрк мамлекеттеринин биримдиги жөнүндө кеп болду.

Мен мындай дедим: "Бул өлкөлөр сөздүн түз маанисинде эгемен, сөздүн түз маанисинде демократиялык өлкө болмоюнча мындай бирликтердин эч кандай пайдасы жок. Мисалы, биз үчүн эң оор күндөрдө тууганбыз деп жүргөндөрдүн түк опаасын көрбөдүк. Алар: "Эң башкысы, Путинди ачуулантып албашыбыз керек", – дешет. Бул кандай туугандык?!".

- Президент Зеленский Кремлдин Өзбекстанга жасаган кысымын, Орусияда миллиондогон өзбек эмгек мигранттары жүргөндүгүн жана Өзбекстан мурдагы советтик республика саналгандыктан, Орусия көзөмөлдөп, өзбектерди унчукпоого мажбурлап жатат дешкендерин түшүнөбү?

- Жок, Зеленский антип айтпайт. Бирок Украинадагы мамлекеттик стратегия элдерге жардам берүү иштерине катышууга багытталган. Ингуш делегациясы, алардын алдында чечендер келди. Ар бир улуттук республиканын өз алдынча кыймылдары бар. Биз аларды колдойбуз.

Украина жакында чечен элинин геноцидин тааныды, биз ингуштарга каршы геноциддин болгонун дагы тааныйбыз. Биз Чеченстанды дагы Ингушетияны дагы мыйзамсыз оккупацияланган аймак катары тааныгыбыз келет. Якуттар, буряттар дагы бар, анан, албетте, биз чыныгы демократияны, эгемендикти каалаган өзбектерди колдойбуз.

- Келиңиз, Украинадагы крым татарларынын абалы тууралуу сүйлөшөлү. Тилекке каршы, Крымды Орусия аннексиялап алган. Сиз Крымдын келечегин кандай көрөсүз?

- Биз Зеленский менен бул темада көп сүйлөштүк. Ушул жылдын 23-августунда Крым платформасынын эл аралык саммити онлайн режимде өтүп, ага 66 өлкөнүн президенттери жана премьер-министрлери катышты. Ал жерде мен мындай дедим: "Украина Крым маселесинде көп ката кетирди. 1991-жылы СССР тараар алдында референдум өткөн. Анда крым татарлары Өзбекстанда сүргүндө жүргөн, ал эми Крымда биздин кишилер аз эле.

Мекенибиздин макамына байланыштуу чечимди Орусиядан келген адамдар кабыл алышкан, андан кийин Крым Социалисттик Советтик Республикасы түзүлгөн. Ошондо силер бизди укпай койдуңар, Крым татар республикасынын ордуна Орусия Республикасын орноттуңар. Ошентип, 2014-жылы Крымдын Орусия тарабынан оккупацияланышына шарт түздүңөр.

Орусия Крымды басып алмак эмес деп 100% айта албайм. Бирок ага муну жасоо кыйын болмок. Анткени 2014-жылы Крымда бардык бийлик орус шовинисттеринин жана атайын кызматтарынын колунда болчу. Эми бул каталар келечекте эске алынып, керектүү кадамдар жасалышы керек".

Биринчи кадам ташталды, крым татарлары түпкүлүктүү калк катары таанылды. Экинчиден, Украинада крым татар элинин макамы боюнча өзүнчө мыйзам долбоору бар. Биз аны Венеция комиссиясына жөнөттүк.

Үчүнчү, эң татаал маселе – Украина Конституциясынын Крымга байланыштуу 10-беренесине өзгөртүү киргизүү. Крым татар автономиялуу республикасы деп айтуунун кажети жок. Ал жерге "бул республика украин мыйзамдарынын алкагында жергиликтүү крым татар элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугун камсыз кылуу жолу аркылуу түзүлгөн" деген сунуш киргизилиши керек.

Ошондой эле – биз үчүн эң негизгиси – крым татар тили Крым жарым аралынын аймагында мамлекеттик тил менен бирдей макамга ээ болушу зарыл. Эки мамлекеттик тил – украин жана крым татарларынын тили – болушу керек. Крым татарларынын өкүлдөрү Украинанын Жогорку Радасында жана аткаруу тутумунда 100% 33үн түзүшү шарт. Бул 33% башка улуттардын жана элдердин каалоо-тилектерин айтууга аздык кылат, бирок алар үчүн өз укуктарын коргоо үчүн жетиштүү таяныч болот.

- Президент Зеленскийдин мындай талапка кандай көз карашта?

- Бул боюнча Украинада ар кандай пикирлер бар. Ал жерде ашынган улутчулдар да жок эмес. Алар: "Эгерде аталган республика түптөлсө, жикчилдерге жол ачылат. Республика эмес, унитардык мамлекет эле болсун", – дешет. Бирок Зеленский менен анын ант берүүсүнөн бир айдан кийин өзүнчө жолуктук. Биз ушул маселени көтөрүп, каалоо-тилектерибизди айттык. Зеленский: "Мен муну колдойм", – деди. Биз иш жүзүндө 30 жылдан бери түпкү улуттар жөнүндө мыйзамды кабыл алууну талап кылып келгенбиз, бирок ал Зеленскийдин тушунда гана кабыл алынды.

- Крым татарларынын өзүнчө республикасынын болушу ал жакта Орусиянын агрессиясынын күчөшүнө жол ачпайбы?

- Жок. Тескерисинче, 2014-жылы ал жерде Крым татар республикасы болгондо, ал жактагы кишилер "Орусияга кошулууга" добуш беришмек беле? Ооба, добуш беришмек эмес.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Киевде жолуккан учурда крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев менен кол алышып учурашууда, 2020-жыл, 3-февраль
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Киевде жолуккан учурда крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев менен кол алышып учурашууда, 2020-жыл, 3-февраль

- Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен да мамилеңиз жакшы. Эрдоган Борбор Азия республикаларында түрк мамлекеттеринин бирлигин куруу демилгесин көтөрдү, Самаркандда саммиттер өттү. Түрк Мамлекеттер уюмунун келечегин кандай көрөсүз?

- Мен жогоруда айткандай, бул өлкөлөр сөздүн түз маанисинде демократиялык өлкөгө айланмайынча, мен мындай бирикмелердин пайдасын көрө албайм. Анткени алар Путин менен Орусияга каршы тура алышпайт.

- Бирок ошол эле учурда Эрдоган Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн демилгечиси эмеспи?

- Бул маселе боюнча мен Эрдогандын өзүнө да, кеңешчилерине да мындай дедим: "Бизге азыр тынчтык үчүн демилгечи же ортомчу керек эмес жана орустар менен бир үстөлгө отурбайбыз. Алар биздин жерди таштап кетмейинче жана Путин бийликте турганда, эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт". Буга мыйзам тарабынан тыюу салынган, президенттин жарлыгы бар. Алар: "Адамдар бөөдө кырылбашы үчүн согуш оту басылсын", – дешет. Бирок азыркы шартта кантип тил табыша алабыз?! Алар адегенде биздин жерлерди таштап кетсин, анан биз сүйлөшүү үстөлүнө отурабыз!".

- Жемилев мырза, сиздин оюңузча, бул кыйын кырдаал эмне бүтөт?

- Чындыгында биз аларды Крым жарым аралынан жана бүт Донбасстан дипломатиялык жол менен чыгарып салууга көп ирет аракет кылдык, бирок майнап чыккан жок. Бул мындан кийин да ишке ашпайт. Орус аскерлеринин жапайы аракеттеринен жана биздин жайкын тургундарыбыз жапырт кыргынга учурагандан кийин эч кандай сүйлөшүү болбойт деп чечкенбиз. Ошондуктан биз мындай демилгелерди кабыл албайбыз.

- Азыр Европа өлкөлөрүндө, Украинага жардам көрсөтүүгө байланыштуу бери дегенде акыркы бир жарым жылдан бери айрым кишилердин нааразылыгы жана каршылык көрсөтүүсү байкалууда. Мындай жардам канчага чейин созулат деп ойлойсуз? Украина Орусияга качанга дейре туруштук бере алат?

- Чын эле жардам берилишине каршы чыккандар болду. Дипломаттар менен жолугушууларда бул боюнча тынчсызданганымды айтсам, алар: "Мындай сөздөр дайыма айтылып келген. Бирок биз жардамыбызды улантып жатпайбызбы?! Мындай сөздөр мындан кийин да угула бериши мүмкүн", – дешет. Ошондуктан бизде бул боюнча катуу кооптонуу жок. Ал тургай Трамп: "Эгер мен президент болсом, Крымды Орусияга кармата салып, согушту токтотмокмун", – деп акылга сыйбаган сөздөрдү айтты. Эй, сен Крымды кимге берип жатасың, анын ордуна Калифорнияңды бер! Биздин жерди соодалашканга кандай акың бар?!

- Жемилев мырза, Өзбекстандан келип жаткан крым татарлары дагы эле барбы?

- Алар абдан аз, өтө аз. Тескерисинче, акыркы он жылдан бери крым татарлары Крымдан кетип жатат. Биздин эсептөөлөр боюнча 30 миң крым татары Украина жергесин таштап кетти. Бул анчалык көп сан эмес, 100% крым татар элинин 10% түзөт. Бирок бул азыр да уланууда. Биз аларга: "Туулган жериңерди таштап кетпегиле, биз ушунча жылдан бери аны кайтарып алуу үчүн күрөшүп жатабы", – деп айтабыз.

Бирок алар: "Силер Киевде жайбаракат отуруп алып айтып жатасыңар, кокус эртең биздин балдарыбызды өлүмгө айдашса эмне болот?", – деп, бизге жүйөлүү эле каяша кылышат. Алардын айтканы да ырас. Мүмкүнчүлүгү бар жаштарыбыздын көбү ар кайсы өлкөлөргө тарап кетти. Түркияда, Европа өлкөлөрүндө миңдеген кишилерибиз жүрөт. Бул жагдай элибиздин бөлүнүп-чачылышына алып келди.

- Бир күнү бул согуш да бүтөт. Согуштан кийин Украинаны калыбына келтирүү керек болот. Көпчүлүк эсептөөлөр боюнча, согуштан кийин санкциялардын айынан Орусия оор экономикалык кырдаалга дуушар болушу ыктымал. Ал эми Украинага инвестиция келе баштайт жана Орусиядагы мигранттардын агымы Украинага багытталат деп күтүлүүдө. Өзбекстан менен Украинанын ортосунда азыр ушундай сүйлөшүүлөр башталып жатабы?

- Мен бул тууралуу эч нерсе билбейм. Ырасы, Өзбекстан маселеси демейде көтөрүлбөйт. Өзбекстандын элчиси менен ар кандай дипломатиялык иш-чараларда жолугуп турабыз. Бирок мындай жолугушуулар тоңдоосун өтөт. Анткени биздин кырдаалда алардын бейтараптыгы биздин душмандардын тарабында болгондук менен барабар.

- Бул өңүттөн келечекти кандай көрөсүз, Украинаны калыбына келтирүүгө өзбек жарандарынын катышуусу кандай болот?

- Биринчиден, Орусия биздин божомолубуз боюнча азыркы чек араларында калбайт. Ал утулуп калса, ыдырап кетет. Көптөгөн өлкөлөр муну күтүп жатышат. Муну Кремль да түшүнөт. Кошумчалай кетсек, президентибиздин 10 пункттан турган талабы кабыл алынса жана эл аралык сотто триллиондогон доллар кенемте өндүрүлчү болсо, Орусиянын газ менен мунайдан түшкөн кирешеси кенемте төлөөгө кетет.

Бүгүн Путинди даңазалап жаткан кишилер өз чөнтөгүнөн акча төлөшү керек болот. Алар азыр муну түшүнүшпөйт, бирок ушуну көрө турган да мезгил келет. Орусиянын карызы күн сайын өсүп жатат жана Европа өлкөлөрү, биз аны эсептеп жатабыз. Бул мааниден алганда, согуштан кийин Украинага чоң инвестициялар келет, анткени ал демократиялык өлкө катары бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бура алды.

- Жемилев мырза, сиз Өзбекстанда акыркы жолу качан болдуңуз эле? Дагы баргыңыз келеби?

- Өзбекстан тууралуу менин эскерүүлөрүм “Таштүрмө" менен байланышкан. Мен бул өлкөдөн 1989-жылы чыгып кетип, кайра кайтып барбадым. Демократиялык өлкө болгондо бармакмын. Бирок азыркы режимде андай болушу кыйын.

- "Таш түрмөдө" сизге кандай мамиле болду?

- Биринчисинде мени университеттен айдашып, Советтик аскерге алып кетүүгө аракет кылышкан эле. Ошондо мен аскер комиссариатына барып: "Силер мени ишеничсиз адам катары университеттен кууп жибердиңер, эми бул ишеничсиз адамга курал бересиңерби? Мен силердин логикаңарды түшүнбөдүм", – дедим. Алар мага: "Курал беребиз деп ким айтып жатат, сага күрөк карматабыз", – деп жооп беришти.

- Мен: "Мага автомат берсеңер бармакмын, бирок колума күрөк алууга макул эмесмин", – деп айттым. Алар: "Анда баш тартам деп жаз", – дешти. Мен "Советтик аскерде кызмат кылуудан баш тартам. Анткени бул армия Совет мамлекетин – Мекенди тышкы душмандардан коргоо үчүн түзүлгөн. Бирок менин мекеним жок, аны менден Совет өкмөтү тартып алган". Биринчи жолкуда бир жарым жылга түрмөгө отургузушту.

Ошол кездеги Кылмыш-жаза кодексинде Совет бийлигине жалаа жабууга, анын ички жана тышкы саясатына доо келтирген материалдарды түзүүгө каршы 191-берене бар болчу. Ушундай айыптар боюнча кийинки сот процесстери Өзбекстанда өттү.

- Демек, Өзбекстандан сиздин эсиңизде көбүнчө оор эскерүүлөр калган экен да?

- Жалаң оор эмес, жаркын эскерүүлөр да калган. Ал жакта досторум көп, балалыгым ошол жерде өттү. Биз өзбек айылында жашачубуз, мен өзбекче жакшы сүйлөчүмүн. Мен орус тилинде саламдашканды, коштошконду, анан бир нече сөгүнгөн сөздөрдү гана билчүмүн.

- Жемилев мырза, бош убактыңызда үйдө өзбек тамактарын жасайсызбы?

- Үйдө палоо менен манты көп жасайбыз. Негизи палоо жана биздин улуттук тамагыбызга айланган. Уйгур тамагы болгону менен, лагманды да жактырабыз.

- Кайсы бир күнү Крым өзүнчө республика болуп калса, Өзбекстан менен мамилеси кандай болот деп ойлойсуз?

- Кудай буюрса, абдан жакшы болот. Биз Өзбекстанда көп жыл жашап, туз-даамын таттык. Ал жерде биздин туугандарыбыз жашайт. Биз сөзсүз түрдө мамилени жандандырууга аракет кылабыз. Бирок ал жактагы режим өзгөрүшү керек. Өлкө азыркыдай тоталитардык бойдон кала берсе, кыйын болот.

- Украинанын учурдагы Коргоо министри Рустем Умеровдун Өзбекстан тууралуу пикири кандай? [41 жаштагы Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Өзбекстандын Самарканд облусуна караштуу Булунгур шаарында, депортацияланган крым татарларынын үй-бүлөсүндө туулган – Ред.] Ал Өзбекстан менен кызматташууну жактайбы?

- Рустем Умеров ишкер болчу. Анын Өзбекстанда, Казакстанда бир нече фирмалары бар эле. Бирок Рустемдей айкөл адамдар бул жарыкчылыкта аз. Анын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө көптөгөн тааныш-билиштери бар. Согуш башталгандан кийин ошол байланыштары аркылуу Украинага жардам алып келди. Ал бир жолу 23 миллион долларгабы же 26 миллион долларгабы келишим түзөт. Бирок ал кезде бюджетте акча жок болчу.

Ал дароо Өзбекстан менен Казакстандагы фирмаларын сатып, андан түшкөн акчага курал-жарак сатып алып, мамлекетке өткөрүп берди. Бирок ал муну эч жерде жарыя кылган эмес жана эч качан жарыя кылбайт дагы. Ал ушундай адам.

- Демек, ал Украинаны өз мекени деп эсептейт турбайбы. Ал Самаркандды эстейби?

- Самаркандды эстейт. Бирок Украина... Биз бул согушта жеңилсек, Крым орустардын колунда калса, анда элибиздин келечеги жок экенин жакшы түшүнөбүз. Же ал Крымды таштап кетет, же орусташып, улут катары жер жүзүнөн жок болот. Ошон үчүн мамлекетке колубузда болгондун баарын беребиз!

- Жемилев мырза, маегиңиз үчүн рахмат!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG