Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Иликтөө: Жапарованын фондуна Кытайдан түшкөн акчанын төркүнү


Temirov Live редакциясынын Айгүл Жапарованын фондуна байланыштуу иликтөөсүнөн алынган скриншот.
Temirov Live редакциясынын Айгүл Жапарованын фондуна байланыштуу иликтөөсүнөн алынган скриншот.

Temirov Live иликтөө тобунунун соңку иликтөөсүндө президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова "Эне-Балага Тирек" коомдук фонду менен Кытай элчилигинен 9 миллиард сом каражат алганын таап чыкты. Көп өтпөй эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иликтөөгө реакция кылып, көрсөтүлгөн сумманы "техникалык ката" десе, биринчи айымдын фонду иликтөөдөгү маалыматтар "чындыкка жатпайт" деп билдирүү таратты.

Фондго түшкөн акча

Temirov Live каналы жарыялаган иликтөөдө 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын "Эне-Балага Тирек" коомдук фондуна Кытай элчилигинен 9 миллиарддан ашык сом түшкөнү айтылат. Ошондой эле дагы башка эки булактан 2 миллиарддан ашык сом алганын ачык булактар аркылуу аныкташкан.

"Бул фондду үч эле уюм каржылайт. Биринчи кезекте Кытай элчилиги жана анын суммасына баш багып көрсөк - 9 миллион сом эмес, 9 миллиард сом. Документте миң сом менен саналган деп жазылып турат. Айгүл Жапарованын фондуна 2022-жылы 9 миллиард сом түшкөн. Дагы 560 миллион сомду Чакмак Мемед деген киши каржылаган. Ал эми "Ассафа" коомдук бирикмеси 1 миллиард 300 миллион сом берген. Айгүл Жапарованын жалпы кирешеси жана чыгашасы дээрлик 11 миллиард сомду түзөт", - деп айтылат иликтөөдө.

Фондго түшкөн акча Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркаган аялдарга тигүү цехин жана кондитердик ишкана ачууга жумшалганы айтылат. Ошондой эле ишканалардын ачылыш аземине биринчи айым Айгүл Жапарова жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн катышканын көрсөткөн.

Бул иликтөөгө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов реакция кылып, журналисттик иликтөөдө "механикалык ката" кеткен деп сыпаттады.

Чаташкан сандар...

"Эне-Балага Тирек" коомдук фонду атайын билдирүү таратып, Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги аларга акча бергени тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилеген.

"Аталган фондго бул маалыматтарда белгиленгендей, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги 9 млрд сом которгон деген маалымат туура эмес. Кытай элчилиги фонд менен бирге Баткен облусундагы социалдык долбоорлор, кондитердик жана тигүү цехин ачуу, мектептер үчүн заманбап интерактивдүү такталарды сатып алууга 9 112 267 сомдук жардам көрсөткөн. Ал эми Чакмак Мемет аттуу жаран тарабынан 563 610 сом, “Ас-Сафа” фонду майыптар үчүн 1 315 250 сомдук материалдык жардам, тактап айтканда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн коляскаларды берген. Андыктан айрым маалымат ресурстарында тарап жаткан миллиарддык акча каражаттары тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын маалымдайбыз", - деп айтылат фонд тараткан маалыматта.

Салык кызматынын сайтында "Эне-Балага Тирек" коомдук фондунун 2022-жылдагы киреше тууралуу маалыматында чынында эле Кытай элчилигинен 9 миллиард сом алганы көрсөтүлүп турат. Ошондой эле отчёттун өйдө жагындагы сумма миң менен саналышы керектиги жазылган.


Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков дагы Жапарованын фондунда ката кетиши мүмкүн экенин айтууда. Анткени 2600дөн ашык коомдук уюм өткөн жылдагы кирешеси тууралуу маалыматты толтурса, анын 200дөн ашыгы туура эмес толтурган дейт.

"Уюмдар жыйынды маалыматты туура эмес толтурушкан. Анткени форманын үстүндө атайын миң сом деп жазылып турат. Ошону алар кандайдыр бир жагдайга байланыштуу көрбөй калганбы, анткени кандай сумма болсо ошону толтурушкан. Мисалы, «миң сом» болгондуктан үч нөлдү алып салышы керек болчу. Аны албай туруп бардык сумманы бир тапшырышкан. Ошон үчүн кээ бирлерде кирешелери миллиард сомдон ашып кеткен. Бул эми Салык кызматынын байкоосу, божомолу гана. Так маалыматты фонддун өзүнөн алган туура болот".

Ошондой эле Эркин Сазыков уюмдар сайтка жүктөгөн маалыматты Салык кызматы кароого же өзгөртүүгө укугу жок экенин кошумчалады.

Кызыкчылыктар кагылышы

Temirov Live каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров документтеги катадан мурун "кызыкчылыктар кагылышына көңүл буруу керек" деп эсептейт:

Болот Темиров
Болот Темиров

"Айгүл Жапарова - президенттин жубайы, жөнөкөй адам эмес. Мисалы, менин же башка бирөөнүн фондуна салыштырып болбойт. Себеби, мыйзамдарда кызыкчылыктар кагылышы деп жазылып турат. Айгүл Жапарованын күйөөсү - Садыр Жапаров. Анын чечимдери түздөн-түз Кытайга жеңилдик бериши мүмкүн. Же тоскоол болушу мүмкүн. Бул деген кызыкчылыктардын кагылышы да. Сен 9 миллиард алдыңбы же 9 миллион сом алдыңбы, биз эч кандай ката кетирген жокпуз. Отчётту өздөрү тапшырган. Ачык булактарда турат. Баары эле көрө алат".

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров Борбор Азияда көмүскө жүк ташуу схемасын түзүп, миллиондогон доллар чыгарып кеткен Хабибула Абдукадыр менен достору аркылуу кантип байланышканы тууралуу иликтөө жарыяланган. Кийинчерээк буга президент өзү жооп берип, уулу Рустам өлкөгө инвестиция тартып жатканын билдирген.

Жарандык активист Автандил Жоробеков президенттин үй-бүлөсү мамлекеттик иштерге аралашпашы керек деген көз карашы менен бөлүштү:

Автандил Жоробеков
Автандил Жоробеков

"Негизинен президенттин жубайына көлөкө түшпөш керек эле. Башка чет мамлекеттин элчилигинен жардам алып турганы чоң күмөн жаратат. Андан мурун эле баласы Рустам Жапаров тууралуу да маалымат чыккан. Бир жагынан баласы, бир жагынан аялы минтип жатса, бул туура эмес. Кытай жөн жерден жардам бербейт. Өздөрүнүн кызыкчылыктары бар ар кандай. Анан президенттин аялы түздөн-түз Кытай элчилигинен акча алып жатканы - чоң кызыкчылыктардын кагылышы".

Ал тапта Жапарованын аты аталган иликтөө социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Айрымдар чет элден акча алган Айгүл Жапарованын "Эне-Балага Тирек" коомдук фонду "чет элдик өкүлбү" деген суроолорду да узатууда.

Кыргызстан Кытай менен соода жана экономикалык жактан тыгыз кызматташат. Ушул жылдын башында "Кытай – Борбор Азия" саммити өтүп, анда Бээжин менен Бишкек бир нече келишимдерге кол койгон. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын алкагында 26 документке кол коюлган. Алгач Кытай 300 миллион юань же 43 миллион долларлык грант бере турганы маалымдалган. Кийин президенттик администрация кенен билдирүү таратып, жалпысынан 1 миллиард долларлык келишимдерге жетишилгенин кабарлаган.

Temirov Live каналы Кыргызстанда коррупция боюнча иликтөөлөрдү байма-бай жарыялап келет. Анын негиздөөчүсү Болот Темиров өткөн жылы “Кыргызстандан мыйзамсыз паспорт алган, документи жараксыз" деп табылып, Орусияга мажбурлап чыгарылган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG